КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
2021-жылдын 5-мартындагы № 5
“Жер бөлүп берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы, Жоон-Күнгөй айылындагы “Чоро”дыйкан чарбасынын жер үлүшү Таза суу үчүн топтолуучу жайга бөлүнүп берилгендиги боюнча айылдык кеңештин депутаттары талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Жоон-Күнгөй айылындагы “Чоро” дыйкан чарбасынын үлүш жери Таза суу үчүн топтолуучу жайга бөлүнүп берилгендиктен кайра бөлүштүрүү фондунан 0,50 га жер тилкеси “Чоро” дыйкан чарбасына үлүш жер үчүн пайдаланууга берилсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунан жер тилкесин бөлүп, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |