КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын
2023-жылдын 20-январы № 1
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетин бекитуу жана 2024-2025-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» 99-беренесинин 2-пунктуна жана ушул эле кодекстин 102-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык финансы экономика боюнча коммиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кызылтоо айылдык Кенешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылга Кызылтоо айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери 21389,5 мин сомго жана чыгашалары 21389,5 мин сом, анын ичинен атайын каражат 1890,0мин сом олчомундо бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет) .
2. Айыл окмотунун 2024-2025-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 2023-жылы түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте каралган чыгымдардын түрлөрү (эмгек акы, соц фондго чегерүү жана коммуналдык төлөмдөрү) боюнча жүзөгө ашыруу боюнча сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын «Бюджет» Кодексинин 24- беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 195,0 мин сом өлөмүндө бекитилсин.
5. Бюджеттик кирешелер менен чыгашаларды толук аткаруу, аларды сарамжалдуу, натыйжалуу жана максатка ылайыктуу пайдаланып акысыз чыгымга жол койбостон финансылык мыйзамдарды так сактоо максатында бөлүнгөн каражат, бюджеттик классификацияга ылайык өз максатында жумшалсын.
6. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы бала бакчалардын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү атайын акча каражаты бир балага 800 сомдон бекитилсин.
7. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүлүүчү субьектилер жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаганда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынаары эске алынсын.
8. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% КР Республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
9. Кызылтоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдаланучуулары КР жайыттар жөнүндө мыйзамын 15-беренесине ылайык жайыттарды туура пайдалануу жана алынган кирешелер казына системасы аркылуу жүргүзүлсүн жана КР Каржы министирлиги тарабынан жеткирилген 227,6 мин сом өлчөмүндөгү план бекитилсин.
10. Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2023-жылдын 1-январына карата 100,0мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
11.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин бюджет,финансы жана социалдык экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Темиралиев. |
Токтомго №1 тиркеме
|
№ | Код | Статьялардын аталышы | Бардыгы | Анын ичинен | |||
1-КВ | 2-кв | 3-кв | 4-кв | ||||
1 | 2111 | Туруктуу кызматкерлердин маянасы | 9546,8 | 2379,4 | 2378,3 | 2394,7 | 2394,4 |
| 21111100 | Негизги маяна | 9546,8 | 2379,4 | 2378,3 | 2394,7 | 2394,4 |
2 | 2121 | Социалдык фондко төгүмдөр | 1225,8 | 314,1 | 314,8 | 298,3 | 298,6 |
| 21211100 | Пенсиялык фондко төгүмдөр | 1225,8 | 314,1 | 314,8 | 298,3 | 298,6 |
3 | 2211 | Кызматтык кыдырууларга чыгашалар | 150,0 | 50,0 | 50,0 | 25,0 | 25,0 |
| 22111100 | Транспортук чыгашалар | 150,0 | 50,0 | 50,0 | 25,0 | 25,0 |
4 | 2212 | Байланыш кызматын көрсөтүү | 24,0 | 6,0 | 6,0 | 6,0 | 6,0 |
| 22122100 | Телефондук кызмат көрсөтүү ж-а факс. байланыш | 24,0 | 6,0 | 6,0 | 6,0 | 6,0 |
5 | 2214 | Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр | 376,8 | 56,7 | 56,7 | 206,7 | 56,7 |
| 22141100 | Бензин, дизелдик күйүүчү майлар | 326,8 | 56,7 | 56,7 | 156,7 | 56,7 |
| 22141200 | Запастык болукторду алуу | 50,0 | 0,0 | 0,0 | 50,0 | 0,0 |
6 | 2215 | Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу | 2029,2 | 659,1 | 646,3 | 378,3 | 345,5 |
| 22154900 | Товарл. ж.а кызмат-ды пайдалануу м-н дагы башка кызмат көрсөтүү | 1969,2 | 644,1 | 631,3 | 363,3 | 330,5 |
| 22153100 | Мамлекеттик кызматчыларды окутуу чыгымдары | 60,0 | 15,0 | 15,0 | 15,0 | 15,0 |
7 | 22181100 | Тамак аш продукталарын алуу | 1296,0 | 324,0 | 324,0 | 324,0 | 324,0 |
8 | 2221 | Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар | 370,0 | 185,0 | 185,0 | 0,0 | 0,0 |
| 22211100 | Имараттарды учурдагы ондоого кеткен чыгым | 370,0 | 185,0 | 185,0 | 0,0 | 0,0 |
| 22211200 | Курулмаларды учурдагы ондоого кеткен чыгым |
|
|
|
|
|
9 | 2222 | Учурдагы чарба максаттары үчүн буюм алуу | 310,0 | 125,0 | 65,0 | 85,0 | 35,0 |
| 22221100 | Камсыз кылууларды (жабдуу) алуу | 310,0 | 125,0 | 65,0 | 85,0 | 35,0 |
10 | 22241100 | Көмүр сатып алуу | 1131,0 | 0,0 | 0,0 | 585,9 | 545,7 |
12 | 2721 | Калкка социалдык төлөөлөр | 277,0 | 12,0 | 80,0 | 90,0 | 85,0 |
| 27211500 | Калкка социалдык төлөөлөр | 277,0 | 12,0 | 80,0 | 90,0 | 85,0 |
13 | 28241100 | Резервдик фонддор | 195,0 | 48,7 | 48,7 | 48,7 | 48,7 |
|
|
| 16932,2 | 4160,0 | 4154,8 | 4442,7 | 4174,7 |
14 | 3111 | Имараттар, курулуштар жана курулмалар | 692,0 | 60,0 | 0,0 | 613,8 | 18,5 |
| 31112390 | Башка имараттарды капиталдык оңдоо | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
| 31113390 | Башка курулмаларды капиталдык оңдоо | 692,0 | 60,0 | 0,0 | 613,8 | 18,5 |
15 | 3112 | Машиналар жана жабдуулар | 275,0 | 45,0 | 140,0 | 45,0 | 45,0 |
| 31123210 | Эмеректерди алуу | 275,0 | 45,0 | 140,0 | 45,0 | 45,0 |
16 | 3113 | Башка негизги фонддор | 100,0 | 100,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
| 31131220 | өсүмдүктөрдү сатып алуу | 100,0 | 100,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
17 | 3141 | Жер | 1500,0 | 262,9 | 737,1 | 0,0 | 500,0 |
| 31412290 | Башка максаттар үчүн жер алуу | 1500,0 | 262,9 | 737,1 | 0,0 | 500,0 |
|
| Жыйынтыгы: | 19499,5 | 4627,9 | 5031,9 | 5101,5 | 4738,2 |
|
| Атайын каражат | 1890,0 | 472,5 | 472,5 | 472,5 | 472,5 |
|
| Бардыгы: | 21389,5 | 5100,4 | 5504,4 | 5574,0 | 5210,7 |
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн
ФЭБнун башчысы: Ж.Кадыров
Токтомго №2 тиркеме
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2023-2025жылдарга жактырылган болжолдуу кирешелердин көрсөткүчтөрү.
Элемент (8) | Жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин аталыштары | 2023-ж | 2024-ж | 2025-ж |
| Киреше автивдер жана милдеттенмелер (жер сатуу) | 9531,5 | 11408,5 | 12033,9 |
1 | Киреше | 9531,5 | 11408,5 | 12033,9 |
11 | Салык кирешеси | 6534,4 | 8411,4 | 9036,8 |
111 | Салыктын кирешеси жана пайдасы | 6358,7 | 8235,7 | 8861,1 |
11111100 | Киреше салыгы, төлөнүүчү салык агенти | 5363,0 | 7240,0 | 7580,0 |
11122 | Патентке негизделген салык | 142,0 | 142,0 | 142,0 |
11122100 | Милдеттүү патент салыгы | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
11122200 | Ыктыярдуу патент салыгы | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
11122300 | Патентке негизделген салык | 142,0 | 142,0 | 142,0 |
113 | Өздүк мүлк салыгы | 853,7 | 853,7 | 1139,1 |
1131 | Мүлк салыгы | 489,7 | 489,7 | 489,7 |
11311 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 4,2 | 4,2 | 4,2 |
11311200 | Кыймылсуз мүлк салыгы 2 группа | 4,2 | 4,2 | 4,2 |
11312 | Кыймылдуу мүлккө салыктар | 485,5 | 485,5 | 485,5 |
113121 | Транспорт салыгы | 485,5 | 485,5 | 485,5 |
11312110 | Юридикалык жактар үчүн транспорт салыгы | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
11312200 | Жеке адамдар учүн транспорт салыгы | 485,5 | 485,5 | 485,5 |
1132 | Жер салыгы | 364,0 | 364,0 | 649,4 |
11321100 | Жер салыгы эшик алды | 132,0 | 132,0 | 132,0 |
11321200 | Айыл чарба багытындагы жер салыгы |
|
| 285,4 |
11321300 | Айыл чарба багытында эмес жер салыгы | 232,0 | 232,0 | 232,0 |
114621 | Роялти | 175,7 | 175,7 | 175,7 |
11461230 | Көмүр | 175,7 | 175,7 | 175,7 |
14 | Салыктык эмес киреше | 2997,1 | 2997,1 | 2997,1 |
1415 | Ижара | 921,6 | 921,6 | 921,6 |
14151 | Жер казынасын пайдалануу төлөмдөр | 200,0 | 200,0 | 200,0 |
14151200 | Жер казынасын пайдалануу лицензияларына кармоо акысы | 200,0 | 200,0 | 200,0 |
14152 | Жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөм | 721,6 | 721,6 | 721,6 |
| Жердин ижара акысы | 263,6 | 263,6 | 263,6 |
14152100 | Калктуу конуштардагы жердин ижара акысы | 36,0 | 36,0 | 36,0 |
14152200 | Жайыттын ижара акысы | 227,6 | 227,6 | 227,6 |
14152600 | Фонддун кайра бөлүштүрүү жерлерине ижара акы | 458,0 | 458,0 | 458,0 |
142 | Товарларды сатуудан түшкөн киреше жана кызмат көрсөтүү | 1902,5 | 1902,5 | 1902,5 |
1422 | Административдик төлөмдөр жана жыйымдар | 12,5 | 12,5 | 12,5 |
14221700 | Таштанды чогултуу үчүн жыйымдар | 12,5 | 12,5 | 12,5 |
1423 | Акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү | 1890,0 | 1890,0 | 1890,0 |
14232 | Билим берүү жана маданий жактан тейлөө | 1890,0 | 1890,0 | 1890,0 |
14232400 | Мектепке чейинки мекемелердин кызмат көрсөтүү төлөмдөр | 1890,0 | 1890,0 | 1890,0 |
145 | Ар түрдүү салыктык эмес кирешелер | 173,0 | 173,0 | 173,0 |
14511400 | жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр | 173,0 | 173,0 | 173,0 |
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн
ФЭБнун башчысы: Ж.Кадыров