Редакцияот 17.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шадыкан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын

кезектеги 1-сессиясы

 

2024-жылдын 17-январы № 3

 

Ынтымак айылынын тургуну томолой жетим кыз Медербекова Керезбү

Мамырбековнага там салууга жер участок бөлүп берүү жөнүндө

 

Шадыкан айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-январындагы №3 сандуу токтомун жана Бакай-Ата райондук прокуратусынын 2024-жылдын 10-январындагы №11/4-24 сандуу талабын аткарууга алып;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13жана 32-беренесине Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексинин 44-берене 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексинин 13-берене 5-бөлүгүнүн талаптарына ылайык там салууга Ынтымак айылындагы эски СТФдан 0.10 га кыймылсыз мүлк жер участогу Ынтымак айылынын тургуну Медербекова Керезбү Мамырбековнанын менчигине бекитилип берилсин.

 

2. Бөлүнүп берилген жер участогу максатуу пайдаланышын Бакай-Ата райондук шаар курулуш архитектурадан участоктун чектерин аныктатуу жер ресурстар кызматынын Бакай-Ата филиалына каттодон өткөрүү жагын көзөмөлдөө жер,турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адис У.Көчөровго жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын өзүмө калтырам.

 

 

Шадыкан айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А.Назаралиев