АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2024-жыл 27-марты №3/1
“Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтү ” мекемесин түзүү жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрция жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды, филиалдарды (ѳкүлчүлүктѳрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жѳнүндѳ» Жобону жетекчиликке алып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеӊешинин I-чакырылышынын кезексиз III-сессисы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтү, Өрүктү айыл аймагынын айыл өкмөтү жана Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтүн бириктирүү жолу менен “Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтү ” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
1.1 Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде “Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси.
-Расмий тилде Учреждение «Айыл окмоту Ала-Букинского айылного аймака».
-1.2 Кыскартылган фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде “Ала-Бука айыл өкмөтү” М-и.
-Расмий тилде: У-е «Ала-Букинский айыл окмоту».
2. «Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Ала-Бука айылы, М.Мамырбеков кѳчѳсү №52 болуп аныкталсын.
3. «Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин убактылуу жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштѳѳдѳгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүлсүн.
5. Токтомдо кѳрсѳтүлгѳн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
6. Токтом жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
7. Аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырамын
Айылдык кеңештин төрагасы: |
А.Умаров |