Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II сессиясынын

 

2024-жыл 06-марты №2/8

 

“Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуш кылуу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде айылдык кеңешинин бюджет экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 4-мартында чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы токтом кылат:

1. “Ала-Бука Водоканал” муниципалдык ишканасы, өзүнүн ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу максатында техникалык тейлөө автоунаасын (комбинированная каналопромывочная машина) сатып алуу үчүн даярдаган долбоору, Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунун кароосуна сунушталсын.

2. Сунушталган долбоор боюнча иш жүргүзүү, муниципалдык ишкананын директору Б.Кулчиновго жүктөлсүн.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

А.Умаров