Редакцияот 6.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II сессиясынын

 

2024-жыл 06-марты №2/7

 

“Ала-Бука Техкызмат” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын 12 айында аткарган бардык иштеринин маалыматы жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренсине ылайык, Ала-Бука Техкызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Турсуналиевдин 2023-жылдын 12 айында аткарган бардык иштери боюнча маалыматын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 4-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы токтом кылат:

 

1. “Ала-Бука Техкызмат” муниципалдык ишкананын 2023-жылдын 12 айында аткарган иштеринин маалыматы жактырылсын жана 2024-жылга карата бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Муниципалдык ишкананын бюджетин толуктоо, ишинин туруктуулугун камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттин 2512-беренесинен 3 320 000 (үч млн үч жүз жыйырма миң) сом субсидия которуп берүүгө макулдук берилсин.

 

3. Которулган каражаттарды максаттуу пайдалануу жана аткарылган жумуштар боюнча айылдык кеңешине маалыматтарды берүү, муниципалдык ишкананын директору Т.Турсуналиевдин жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.

 

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

А.Умаров