Редакцияот 20.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын

 

2023-жылдын 20-январы № 5

Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча, Жарлыгын аткарууга алуу жана улуттук маданиятын баалуулуктарын коргоо, элдик каада-салттарга сый мамиле кылуу калыптандыруу, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлахты коргоону камсыз кылуу максатында Кызыл-Тоо айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 "Үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы жетекчиликке алынсын.

2. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айылдарындагы каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп- адаттарды тартипке келтирүү боюнча үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет).

3. Аталган маселелерди калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчыларга, имамдарга, айылдык кеңештин депутаттарына, мекеме уюмдун жетекчилерине жүктөлсүн.

4. Токтомдун көзөмөлдөө жагы "Айыл башчылар, Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын:

 

 

Төрага:

Т.Темиралиев.

 

 

Кызыл-Тоо айылдык кенешинин 2023-жылдын 20-январындагы

кезектеги 11-сессиясынын № 5

токтомунун тиркемеси

 

 

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө

 

Типтүү жобо

 

1. Жалпы жоболор

2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

5.1. Жергиликтүү комиссия

5.2. Айыл өкмөттүк комиссия

6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык, Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чагылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.

1.2. Жобонун максаты Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүдө убарагерчиликке, алуу ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкерчиликке, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат тере жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт санаасын жана пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет. жана ырым-жырымдарын кенири

2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

2.1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, айылдык кенештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын, коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.

2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык, айыл өкмөттүк, элдик жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн социалдык баракчаларына жайгаштырылат. Келип түшкөн сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо айылдык кеңештин сессиясында бекитилет.

3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике ( үйлөнүү) той, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.

3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айыл өкмөттүн аймагындагы калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

3.3. Үйлөнүү той оз ыктыялары менен эки тараптын (кудалар) эсебинен 200 адамга чейинки "Банкеттик кече" же конок тосуу менен "Салттуу той" формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Үйлөнүү тоюунда 2 майда жандык, жылкы союуга уруксат берилет. Бирок, ашыкча сый дасторкондорду уюштурууга тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.

3.4. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш-чараларда (каада- салттарда) эки жаштын ата-энесинин оз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат. Кыз-жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди, белектерди берүүго уруксат берилет.

3.5. Тойдон кийин салттык отко кирүү, кыз көрдү, төркүлөтүү ж.б.у. сыялуу кечелер өз ыктыялары менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 12 ден ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.

3.6. Кыз узатууда 10-15 тен ашык түрдүү кийим кече, күйөө баласын 40 күн багуу, ар майрам сайын күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.

3.7. Кыз тарапка той алып барганда 12 адам, күйөө жолдоштор 10 дон ашпоосу керек.

3.8. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү салтанатында 3 төн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат.

3.9. Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюуга тыюу салынат.

4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

Сөөк коюуда маркум менен коштошууга, азага келүүчүлөрдүн, жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт. Маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүүдө ири бөдө мал, жылкы союуга тыюу салынат. Союштун чектөөсү 2 майда жандыктан ашпоосу керек. Сөөк коюуда, аза күтүүдө келгендерди конок кылып сыйлоого, ошондой эле жай казгандардан, сөөк жуугандардан башкаларга акча, же буюмдардан берүүгө жана ырымдап сандык ачууга, "көк кийди" "ак кийди", "тон жапты", "жыртыш" сыяктуу ырым-жырымдарды жасоого тыюу салынат. Сөөк коюудан кийин бөлүүчү "үчтүк", "жетилик", "бейшембилик", деген маркумду эскерүү ырым-жырымдары тамак-аш берүүсүз, маркумга куран окуп, бата кылуу формасында, жакын туугандарынын катышуусунда өткөрүлөт. "Кырктык" өткөрүүгө тыюу салынат. "Жылдык" өткөрүүнүн ордуна аш катары өткөрүү белгиленсин. Ашын ырым-жырымын туугандардын арасында чектелүү адамдардын катышуусунда маркумдун мүрзө жайын бекитип, садага-түлөөго мүмкүнчүлүгүнө жараша союп, бир түрлүү сооптук тамак-аш бышырып, конокторду узатуу, куран окутуп, бата кылуу формасында өткөрүүгө болот. Элдик ата-салтка ылайык жарандардын өз жан-рухунун акыретине арнап, өз кайрымдуулук каражаты эсебинен: мектеп, оорукана, карылар үйүн, балдар үйүн, мечит, медресе, көпүрө, жол куруу сыяктуу сооптук иштерди мамлекеттик мыйзамдар чегинде аткаруусуна кеңири жол-укуктар берилет.

5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

5.1. Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдарынын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына айыл өкмөттүн башчысы, айыл окмот тарабынан, жергиликтүү элдик жыйындан түзүлгөн комиссия кирет.

Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.

5.2. Жергиликтүү комиссия

1.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө кварталдын комитеттеринде түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттары, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, ОРИИБнин болүмдөрүнүн, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.

1.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумдуу эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен таанышытырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), туралуу комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата тийиштүү чаралар көрүлөт.

1.2. Айыл өкмөттүк комиссия

1.2.1. Айыл өкмөттүк комиссия: Жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдардын өткөрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдарын өткөрүү боюнча алдынкы тажрыйбаларды жалпыйлайт, аларды жайылтуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт, комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата тийиштүү чаралар көрүлөт, жергиликтүү комиссиялардын чечимдерине даттанууларды карайт, чечим кабыл алууну татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара көрүү үчүн айыл өкмөттүк комиссияга сунуш киргизет.

1.2.2. Айыл өкмөттүк комиссия өзүнөн төмөнкү комиссиялардын ишин уюштурат жана координациялайт.

2. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Айыл өкмөттүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жана жобонун талабын маркумду эскерүү бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички Мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.

 

Соц адис:                                                                             Ж.Эшимбетов