КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын
2023-жылдын 20-январы № 7
Айыл аймагындагы Карчабек айлына башталгыч мектеп курууга жер участогун сатып алуу жөнүндө
Карчабек айылынын тургундарынын жана Өрөөн участкасынын жашоочуларынын арыздарынын негизинде, Кызыл-Тоо орто мектебине чейинки аралык 3 км аралык болгондуктан окуучуларга алыс болуп кыйынчылык туудурулуп, окуучулар айрыкча башталгыч класстын окуучулары Кыштын күндөрү сабакка калышкандыктарын айтышып кайрылышкан. Карчабек айылына бара албай мектеп курууга ылайыктуу муниципалдык жер участогу жок болгондуктан, жеке турак жай ээси Ибраимов Жумабектин үй-бүлөсүнүн макулдугу менен үлүш жеринен муниципалдык менчикке 0,30 га жерин сатып алуу боюнча маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карчабек айылынын тургуну Ибраимов Жумабектин үй-бүлөсүнүн макулдугу менен үлүш жеринен муниципалдык менчикке 0,30 га жерин сатып алынсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Мырзакматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Темиралиев |