Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 02-декабрындагы № 4
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 10.11.2022-жылдагы № 01-15/812 кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 10.11.2022-жылдагы № 01-15/812 «Багыш айыл ѳкмѳтү 2022-жылдын 16-сентябрында Баткен областында болгон кандуу кармашууда каза болгон жоокер Карыбеков Нурисламдын ысымын ѳзү билим алган №9 И.В. Мичурин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине ыйгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун, Багыш айылдык кеңешинин социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин, №9 И.В. Мичурин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп жамаатынын «Мектептин аталышы И.В.Мичурин бойдон калсын деген» кайрылуусун, Октябрь айылынын Жаңы-Конушунун тургундарынын макулдук протоколдук чечими жана сессияда депутаттардын «Октябрь айылынын Жаңы-Конушуна «Айыл» макамын берип, айылга маркум жоокер Карыбеков Нурисламдын ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ» сунуштарын карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнѳ караштуу Октябрь айылынын Жаңы-Конушуна «Айыл» макамын берүү боюнча макулдук берилсин жана «Айыл» макамын алуу үчүн иш жүргүзүлсүн.
2. Октябрь айылынын Жаңы-Конушу «Айыл» макамын алгандан кийин, айылга маркум жоокер Карыбеков Нурисламдын ысымы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысынын м.а. У.Жолборсовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳраганын м.а. |
| Г.Арипова |