КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын
2023-жылдын 20-январы № 10
Карчабек айылындагы мүрзө жайга жер ажыратып
берүү жөнүндө
Айыл аймагындагы Карчабек айылынын мүрзө жайы толуп, кыйынчылык болуп жарандардын муктаждыгын зарылчылыгын, жана жарандардын кайрылулуларын эске алып, мүрзөгө ылайыктуу муниципалдык жер участогу жок болуп жаткандыктан, эски мүрзөнүн жанынан Сатимкулов Жанузактын, Сатимкулов Өмүрзак, Сатимкулов Абдыразак, Арыков Жылдызбектердин үй-бүлөө мүчөлөрүнө алган үлүш, кайрак жер аянттарын өздөрүнүн жана үй-бүлөө мүчөлөрүнүн макулдугу менен келишимдин негизинде айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жеринен маселени алмаштыруу боюнча угуп жана талкуулап Айылдык Кенештин 7 шайланган 11- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карчабек айлында жайгашкан үлүш ээлеринин макулдугу менен кайрак, үлүш жерин айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунан 2, га кайрак жерине алмаштырылсын.
2. Тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы А. Мырзакматовко милдеттендирилсин. айыл өкмөтүнүн жер адиси
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Темиралиев |