АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2024-жыл 06-марты №2/4
“Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-чарасын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышындагы депутаттарынын иш-чарасын бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинин төрагасы А.Умаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын макулдугун эске алып айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы токтом кылат:
1. Айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн аткарыла турган иш-чарасы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркемеси тиркелет).
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин төрагаларына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
А.Умаров |
| Тиркеме (Ала-Бука айылдык кеңешинин 6-март 2024-жылдагы №2/4 токтомуна) |
Ала-Бука айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн аткарыла турган иш-чарасы
№ | Каралуучу маселелер боюнча иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу шарттары | Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиялары |
1 | Айыл аймагында жүрүп жаткан курулуш иштери боюнча аткаруучулардын (подрядчик) аткарган иштерине көзмөл жургүзүү жана ишмердигин тактоо. Турак жай куруучуларга жер тилкелерин берүү үчүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) жумуштарын тездетүү, инвестиция жана гранттарды тартуу | 01.03.- 30.06. 2024-жыл | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, жооптуу катчысы, жер адиси, курулуш адиси, курулуш иштерин көзөмөлдөөчү (технадзор) | Курулуш иштери жүрүп жаткан жайга барып, аткарып жаткан иштери менен танышуу жана айыл өкмөтүндө өтүүчү отурумга жетекчилигин чакырып, ишмердигин тактоо. Жер тилкелерин алуу үчүн кайрылган жарандарга жер участокторун которуу жумуштарын аягына чыгарып, жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүү
| Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы.
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы.
|
2 | Жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жумуштары тууралуу | март, апрель | Айыл өкмөт кызматкерлери, муниципалдык ишканалардын жетекчилери | Жазгы талаа иштериндеги айдап себүү жумуштары үчун техникаларды даярдоо, айыл аймагы боюнча ишембиилктерди өткөрүү, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жумуштарын колго алуу | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы.
Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
3 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюга даярдыгы тууралуу | Март, апрель | Айыл өкмөтүнун жетекчилиги, айыл башчылар | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратуу | Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы.
|
4 | Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча | Март, апрель, май | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, тазалык ишканасы | Таштандыларды жыйноодо, жамааттар жана меке-ишканалар менен келишимдерди түзүү, ташып кетүү боюнча тарифтердин өлчөмүн карап чыгуу | Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы.
Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы.
|
5 | Коомдук тартипти сактоонун абалы тууралуу | Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, Ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү (участкалык милиция) | Коомдук тартипти сактоо боюнча кошундарды түзүү. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө | Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы. |
6 | Таза суу жана сугат суу менен жергиликтүү калкты камсыздоо | Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, Водоканал МИ жетекчиси | Таза сууга керектүү материалдарды алып берүү, сууга муктаж айылдарды таза суу менен камсыздоо, иштебей турган скважиналарды ишке киргизүү | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы. |
7 | Коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу | Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, “Ала-Бука Техсервис”МИ жетекчилиги, Жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык жактар | Калктуу конуштардын ичинде жургүнчулөрдү жана окуучуларды ташыган юридикалык жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана уюштруу | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы.
|
8 | Айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо тууралуу 2024-жылдын 6 айлык жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын жана жайыт комитетинин отчетун угуу | 01.07.- 31.07. 2024-жыл | Айыл өкмөтүнүн башчысы жана кызматкерлери, Муниципалдык ишканалардын жетекчилери, жайыт комитетинин төрагасы | 6 ай аралыгында аткарылган айыл аймагындагы бардык иштерге анализ жүргүзүп, айылдык кеңешинин сессиясына жыйынтыгы боюнча маалымат берүү | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы.
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы.
|
9 | Айыл аймагындагы жасалуучу курулуш иштерине, мектепке жана бала бакчаларга тамак-аш сатып алууда бардык шарттарын туура коюп, тендерге жарыялоо. Талапты күчөтүү | Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн орун басары, курулуш адиси, тендер боюнча адиси, мектеп бала-бакчалардын жооптуу адамдары | Тендерге берилүүчү обьектилердин жайына барып бардык жасалуучу жумуштарды аныктап, долбоорду тендерге жарыялоо | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы.
Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы. |
10 | 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде белгилөө. Билим берүү мекемелеринин 1-сентябрь жаңы 2024-2025-жыл окуу жылына карата бардык иштеринин даярдыгын көзөмөлгө алуу | 01.08.-31.08. 2024-жыл | Айыл өкмөтүнүн орун басары, соцадиси, мектеп жетекчилиги | Майрамга карата иш-чараларды иштеп чыгуу жана майрам өтүүчү аянтты даярдоо. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон тургундарды сыйлоо. Ар-бир мектепке айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин катышуусун камсыздоо, окуучулардын коопсуздугуна кам көрүү | Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы. |
11 | Социалдык жактан муктаж болгон жарандарга, оорулууларга, майыптарга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга материалдык колдоолорду көрсөтүү | Жыл ичинде, ар дайым | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, соцадиси, | Социалдык жактан жана ден-соолугуна байланыштуу материалдык жардамга муктаж болгон жарандардын турмуш-шарты менен жеринде танышуу. | Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы. |
12 | Жергиликтүү бюджетке кошумча киреше табуу максатында бош жаткан жерлерди ижарага берүү, көмүскө экономиканы ачык айкындуулукка чыгаруу | Жыл ичинде, ар дайым | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, жер адиси, киреше бөлмүнүн кызматкерлери, райондук салык кызматы боюнча башкармалыгынын кызматкерлери | Бош жаткан жерлердин эсебин алып, айыл аймагындагы дыйкандарга ижарага берүү. Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн кызматкерлери райондук салык башкармалыгынын адистери менен биргеликте рейиддерди жүргүзүү | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы.
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы. |
13 | Райондун аймагындагы жергиликтүү кеңештердин арасында карым-катнашты жана спорттук мелдештерди өткөрүп туруу | Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги | Даталуу күндөрү | туруктуу комитеттердин төрага, төрайымдары |
14 | Билим берүү мекемелерин жаңы 2024-2025-жыл окуу жылына карата кышкы отун, көмүр менен камсыз кылуу | 01.08.-31.08. 2024-жыл | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, тендер адиси, мектеп жетекчилиги | Билим берүү мекемелеринен керектелүүчү отун көмүргө болгон тактамаларды алуу | Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы. |
15 | Муниципалдык базарды курууда Ала-Бука айыл аймагынын башкы планына өзгөртүү киргизүү, Ала-Бука айылына курулуучу борбордук канализациянынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана айылдык кеңешинин сессиясына сунуштоо | 1-2-чейрек ичинде | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, жер адиси, курулуш адиси | райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адистери менен биргеликте иш алып баруу
| Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы. |
16 | Башкы пландын негизинде айыл аймагына караштуу борбордук көчөлөрүндөгү (Т.Сартмамбетов, М.Мамырбеков, Назарматов) троутуарлардын ДСДларын тендерге берүү жана ДСДлары даяр болгон көчөлөрдүн (М.Мамырбеков, С.Ибраимов, Жоробаев) капиталдык курулуш иштерин тендерге берүү | 1-2-чейрек ичинде | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, жер адиси, курулуш адиси,тендер боюнча адис | Ала-Бука айылындагы борбордук көчөлөрдү тартипке келтирүү максатында тротуарларды куруу жана ДСДлары даяр болгон көчөлөргө капиталдык курулуш иштерин жүргузүү
| Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы.
|
17 | Элдик көркөм чыгармачылыктарды өнүктүрүү, Муниципалдык жерлердин, эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу | Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери | Элдик көркөм чыгармачылыктарды өнүктүрүүдө жаамат башчылары менен тыгыз байланышта болуу, Муниципалдык жерлердин жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы.
Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы.
|
18 | Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу, жергиликтүү тарыхый маанидеги мурастарды коргоо жана пайдалануу жагын колго алуу | Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, китепкана башчылары | Жергиликтүү маанидеги китепканалардын тейлөө жактарын жогорку деңгээлде уюштуруу, жакшыртуу, Тарыхый-маданий мурастардын объекттерин, коргоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу | Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы. |
19 | Облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна жаңы долбоордун ДСДларын даярдоо боюнча сунуш берүү | Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, жер адиси, курулуш адиси, тендер адиси | ДСДларды даярдоого инвестиция тартылат | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы. |
20 | Дене тарбия маданиятын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү. Жерине баруу менен спорт аянтчалардын, спорттук имараттардын, жаңы курулмалардын ички абалы менен танышуу. Спорт тармагынан келген арыз-кайрылууларга көнүл буруу | Жыл ичинде | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, курулуш адиси, спорт мектебинин өкүлдөрү | Дене тарбия жана спорт менен машыгууга спортчуларга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү. Спорт тармагынан келген арыз кайрылууларга өз убагында жооп берүү | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы. |
21 | Айыл аймагынын жаштарына, мектеп окуучуларына мыйзам бузуулар жана мыйзам бузууларга каршы профилактикалык иш-чараларды РИИБнин инспекторлору жана жамаат башчылары менен семинарларды өткөрүү | 01.09.-30.09. 2024-жыл | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, соцадиси, айыл башчылар, РИИБнин кызматкерлери | Жаштар жана мектеп окуучулар арасындагы чыр-чатактын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы. |
22 | Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айында аткарган бардык иштери боюнча маалыматын угуу | 4-чейрек ичинде
01.10.-31.10.-2024-жыл | Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, МИ жетекчилери, жайыт комитетинин төрагасы | Айыл аймагында аткарылган бардык иштердин маалыматын топтоп, депутаттардын айылдык кеңешинин сессиясына алып кирүү | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы. |
23 | Ала-Бука айылынын жеке ишкерлери жана аксакалдар сотунун төрагасы, райондун баш имам хатиби менен айылдык кеңешинин депутаттары арасында жолугушууларды өткөрүү | 15.10.-30.11. 2024-жыл | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги | Ала-Бука айыл аймагынын инфраструктурасын оңдоо. Жеке ишкерлерге ар тараптан колдоо көрсөтүү. Айыл аймагында укук бузуулардын алдын алуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого көмөк көрсөтүү | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы. |
24 | Айылдык кеңештин депутаттары өз округундагы шайлоочуларга отчет берүү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу | Ноябрь, декабрь | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, айыл башчылар | Айылдык кеңештин депутаты өзунүн шайлоочуларынын сунуш-талаптары боюнча отчет берет.
| Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары |
25 | Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджети боюнча коомдук угууну уюштуруп өткөрүү | 01.11.-30.11. 2024-жыл | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги | Жергиликтүү жашоочулардын маанилүү маселелери боюнча пикирлерин изилдөө жана чогултуу. Чогулган маселелерди айылдык кеңешинин 2025-жылдын иш-чаралар планына сунуштоо | Айылдык кеңештин Туруктуу комиссиялары |
26 | Айыл аймагына караштуу муниципалдык ишканалардын (Ала-Бука водоканал, Ала-Бука тазалык, Ала-Бука техкызмат) жүргүзүп жаткан иштери менен жакындан таанышуу | 01.12.-15.12. 2024-жыл | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги | Айыл аймагына караштуу муниципалдык ишканалардын жүргүзүп жаткан иштерине талдоо жүргүзүү | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы.
|
27 | Айыл өкмөтүнүн 2024-жылы аткарган иштеринин жыйынтыгын угуу жана анализ жасоо. 2025-жылдын иш-чарасын иштеп чыгуу | 15.12.-30.12. 2024-жыл | Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, МИ жетекчилери, айыл өкмөтүнун тийешелүү кызматкерлери | Айыл аймагынын 12 айында аткарылган бардык иштердин маалыматын жыйнап, айылдык кеңешинин сессиясына алып кирүү. 2025-жыл үчүн иш-чара түзүү. Долбоорлорду даярдоо жана анын негизинде иш алып баруу | Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы.
|
Айылдык кеңештин төрагасы: |
А.Умаров |
Даярдаган: А/К жооптуу катчысы: М.Жеенкулов