Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II сессиясынын

 

2024-жыл 06-марты №2/3

 

Ала-Бука айыл аймагынын “Жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө”

  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренсине  ылайык, Ала-Бука айыл аймагынын “Жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө” айылдык кеңешинин төрагасы А.Умаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын макулдугун эске алып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы токтом кылат:

 

          1.Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставын тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).

         2.Ала-Бука айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставында көрсөтүлгөн жергиликтүү жамааттардын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жөнгө салынсын.

3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

            4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

А.Умаров