ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын 12 (кезектүү) сессиясы
2023-жылдын 27-января № 13
«Сугат жана кайрак жерлерин пайдаланууда ижара баасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө»
Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси М.М.Кашаповдун сугат жана кайрак жерлеринин ижара баасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, айыл чарба, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “КОСС” айыл чарба колхозуна сугат жерлеринин ижара баасынын өлчөмү 1 га жерге 10 340 сомдон, жалпы аянты 97,5 га бекитилсин.
2. “Ак-Сарай” асыл тукум чарбасына кайрак жерлеринин ижара баасынын өлчөмү 1 га жерге 3000 сомдон, жалпы аянты 37 га бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, айыл чарба, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Т. Ибраимов |