КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМУ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин ( VIII чакырылыштагы ) кезектеги XXXII сессиясы
2023-жылдын 2-июнундагы № 32/2
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 31.05.2023-ж №1-12/750 кайрылуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентиктин 16.11.2022-жылдагы № 261-б буйругунун негизинде Көк-Жаңгак шаарында жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун типтүү тартибин бекитүү жөнүндө шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы) кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарында жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун типтүү тартиби бекитип берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
| З.Байдавлетов |