КОШ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19 - январындагы № 1
Кош-Коргон айыл аймагынын башчысы Тенис уулу Бакайдын 2023-жылга отчетун угуп, талкуулап, айылдык Кеңештин сессиясынын протоколунун негизинде Кош-Коргон айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кош-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Тенис уулу Бакайдын 2023-жылга аткарган иши “Канаатандыраарлык”- деп табылсын.
2. Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата, аймактагы инфраструктураны жана элдин турмуш шартын жакшыртууга багытталган социалдык өнүктүрүү иш-планы (СРС) кабыл алынсын.
3. Токтомдун аткарылышы, Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Бекетаев |