КОШ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19 - январындагы № 5
Кош-Коргон айылдык Кеңеши, күн тартибине коюлган маселени карап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кош-Коргон айылында, 2020-жылы жылы, Кыргыз Республикасындагы “Сэмаыль Ундон” кыймылынын өкүлчүлүгү аркылуу курулган, аймактагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн турмуш-шартын жакшыртууга багытталган, жеңил контрукция менен курулган кийим тигүүчү цехтин 2 кабаттуу имараты, андагы тигүүчү машинкалар, шире чыгаруучу аппарат жана наабайкана ошону менен бирге эле, ага кошумча курулган контейнерлер Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлсүн. Өткөрүү иш-чараларын уюштуруу, Кош-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Муниципалдык менчикке өткөрүүдө обьектинин баланстык баасын аныкташ үчүн, иш-чарага көз карандысыз баалоочу адис тартылып, анын кызматы үчүн тиешелүү каржы ресурстары жергиликтүү бюджеттен каралсын.
3. Кош-Коргон айыл өкмөтү, өз алдынча ишмердүүлүк жүргүзгөн “Кош-Коргон- Сэмаыль” коомдук фондунун ушул кезге чейинки финансылык ишмердүүлүгүн текшерүү жана юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылуу иштерин жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышы, Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Бекетаев |