АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2024-жыл 06-марты №2/1
“Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренсине ылайык, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышындагы депутаттарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу Реглмаентин бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинин төрагасы А.Умаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын макулдугун эске алып, айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы токтом кылат:
1.Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2.Айылдык кеңешинин ишмердүүлугүн жүргүзүүнү Регламентте белгиленген тартиптин жана эрежелердин негизинде уюштуруу, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
А.Умаров |