Загрузка документа…
КОШ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 05-июнундагы № 11
Кош-Коргон айыл аймагында антена орнотуу үчүн ОсОО "НУР Телеком" муниципалдык жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кош-Коргон айыл аймагында калкты үзгүлтүксүз мобилдик байланыш менен камыз кылуу максатында ОсОО "НУР Телеком" мобилдик операторуна антена орнотуу үчүн жер тилкесин белүп берүү туралуу карап чыгып, талкуулап, Кош-Коргон айыл Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Коргон айыл аймагынын мини футболдук аянтчанын батыш тарабынан 5*5=25 метр квадрат жер тилкесин ОсОО "НУР Телеком"го антена орнотууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кош-Коргон айыл өкмөтүнун КЭБ башчысынын м.а Сыдыкова Н - осоо "Нур Телеком " мобилдик операторунун юристи менен келишим тузуп, ижара акысы такталып, жергиликтүү бюджетке кириштелсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кош-Коргон айылдык кенешинин жер жана агрардык маселелер туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Абдразакона жүктөлсүн.
Кош-Коргон айыл Кеңешинин төрагасы |
| З.Бекетаев |