Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II сессиясынын

 

2024-жыл 06-марты №2/9

 

“Ала-Бука жайыт комитетинин 2023-жылдын 12 айында аткарган бардык иштеринин маалыматы жөнүндө”

 

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин талаптарын аткаруу максатында жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси берген маалыматын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 4-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы токтом кылат:

 

1. Ала-Бука жайыт комитетинин 2023-жылы аткарган бардык иштеринин аткарылышы жактырылсын.

2. 2024-жылга карата жайыттарды пайдалангандыгы үчүн алынуучу алымдардын көлөмү №1 тиркемеге жана жайыт комитетинин 2024-жылга бюджети №2 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркемелери тиркелет).

3. Жайыт пайдалануучулардын жайлоого көчүү жана көчүп келүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй болуп белгиленсин:

- Көчүп кетүү мөөнөтү жылкылар үчүн 2024-жылдын 20-апрелине чейин, кара мал жана майда жандыктар үчүн 1-майга чейин;

- Жайыт пайдалануучуларга ийри мүйүздүү малга 600сом жана кой-эчкилер үчүн 150сомдон жогору көтөрүлбөсүн;

- Көчүп келүү мөөнөтү бардык малдар үчүн 1-октябрдан эрте эмес.

4. Жайыттарды туура пайдалануу, иретке келтирүү жана жакшыртуу максатында Ала-Бука сайдын кире беришине ветеринардык көзөмөлдөө постун орнотулсун.

5. 2024-жылга карата техникалар боюнча тарифтери №3 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

6. Чөп чабуучу жайларды жана эгин талааларды майкандап, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайлоого көчүп кетүү жана көчүп келүү боюнча бекитилген тартибин сактабаса, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирилген зыяндын көлөмүнө жараша атайын түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде айып пулу салынсын.

7. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин ,бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

А.Умаров    

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-Тиркеме

(Ала-Бука айылдык кеңешинин

6-март 2024-жылдагы

№2/9 токтомуна)

 

  1. 2024-жылга карата жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:

 

-        Ири мүйүздүү бир баш мал үчүн - 140сом;

-        Жылкы, эшектердин бир баш үчүн - 140 сом;

-        Музоолор, кулундардын бир баш үчүн - 70сом;

-        Кой-эчкилердин бир баш үчүн - 40 сом;

-        Козу- улактардын бир баш үчүн - 20 сом.

 

  1. Жайыт комитети пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана  келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо  милдети жайыт  комитетинин төрагасына  жүктөлсүн.
  2. Жайыт инфраструктурасынын тиешелүү обьектилерин ондоп түзөө жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-Тиркеме

(Ала-Бука айылдык кеңешинин

6-март 2024-жылдагы

№2/9 токтомуна)

 

Ала-Бука айыл округунун жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин

2024-жылга БЮДЖЕТИ

№

Чыгымдардын аталыштары

Мөөнөтү

Баасы

Суммасы

1

Төраганын эмгек акысы

     12   айга

11000

132000

2

Бухгалтер

     12   айга

9000

108000

3

Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөмдөр – 17, 25 (соц.фонд)

12 айга

17,25

41400

4

Башка чыгымдар; сапар чыгымдары.

 

 

24000

5

Ала-Бука айыл өкмөтүнө

 

 

120000

6

Жайыт инфраструктурасын  жана жолдорду  ондоого.

 

 

74570

 

 

 

 

 

Жайыт комитетинин  жалпы чыгымы

8

Жайыт жерин МЖБ киреше

10,52  га

1500

 20225               34570

 

Жалпы бюджет

 

 

499970

 

2023-жылга  жайыт планы

 

 

161695               360000

 

Малдын түрү

Саны

Которуу коэффиценти

Шартуу мал башы

Жайыт билет акысы.

Кой- эчки

4660

932

 

11461

Козу-  улак

3300

660

 

 

Уй

940

940

 

 

Музоо

390

195

 

 

Жылкы –эшек

270

270

 

 

Кулун

50

25

 

 

Баары

9610

3022

 

 

Эскертүү: - Ала-Бука айыл аймагы боюнча жайыт пайдалануу акысы 1 баш жылкы жана уйга - 140 сом;

Анын ичинен:

Ала-Бука айыл аймагындагы жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жана жайыт комитетин каржылоого - 103,60 сом; Андан сырткары соода салыгы - 3 % (НсП) 4,20 сом;

Ала-Бука айыл аймагы боюнча жайыт пайдалануу акысы 1 баш кой жана эчкиге - 40 сом;

Ала-Бука айыл аймагындагы жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жана жайыт комитетин каржылоого - 29,60 сом сом; Андан сырткары соода  салыгы - 3 % (НсП) 1,20 сом.

3-Тиркеме

(Ала-Бука айылдык кеңешинин

6-март 2024-жылдагы

№2/9 токтомуна)

 

 

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, жайыт комитетинин 2024-жылга техникалар боюнча бюджеттин киреше жана чыгашасынын

СМЕТАСЫ

 

Киреше бөлүгү

 

к/н

 

 

Техниканын түрлөрү

 

Техниканын жана аткарган жумуштардын түрү

Жасалган жумуштар

1 (га,шт,м/ч)

Чегерилген толом

Суммасы

1

МТЗ 82,1

Айдоо

20 га

4100

82 000

2

МТЗ 82,1

Айдоо

20 га

4100

82 000

3

МТЗ 82,1

Престоо

20кун х400=8000даана

25

200 000

4

МТЗ 82,1

Престоо

20кун х400=8000даана

25

200 000

5

МТЗ 82,1

Престоо

5кун х400=2000даана

22

44 000

6

МТЗ 82,1

Престоо

5кун х400=2000даана

22

44 000

7

Фронтальный погрузчик RONGWE ZL  9039

Жуктоо, суруу

100 м /час

3100

 

8

Фронтальный погрузчик

RONGWE ZL 9039

Жуктоо, суруу

100 м /час

2600

 

 

Бардыгы

 

 

 

652000