Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 35-отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 21-январы № 35-2/1
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетин бөлүүдө,айлдык Кеңештин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы Кеңештин караоосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга 7768519 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.
- 100000 сом Айыл аймагынын ичин көрктөндүрүүгө.
- 100000 сом Айылдык кеңештин шайлоосун өткөрүүгө.
- 350000 сом Айыл өкмөткө караштуу социалдык мекемелерди мамлекеттик камсыздандырууга.
-90000 сом Федоров айылындагы кароолкананы оңдоого.
- 250000 сом Жарандык коргоого жана өзгөчө кырдаалдарга.
- 200000 сом Айыл өкмөтүнүн ички жолдорун оңдоого.
- 449000 сом Долбоорлорду даярдаганга.
- 200000 сом Эпзотикалык абалды туруктуу кармоо үчүн.
-50000 сом Жаңы-Базар айылынын ички жолдоруна.
- 43800 сом Федоров атындагы айылынын ички арыктарын тазалоого.
-100000 сом Жар-Коргон айылынын Кара-Бадал ички арыгын тазалоого.
-50000 сом Жаңы-Базар айылынын ички арыктарын тазалоого.
-174000 сом Жаңы-Базар айылына таза суу чыгарууга.
-174100 сом Жаңы-Базар айылынын Байыш участкасынын Ынтымак көчөсүнө мамыча жана чубалгыларды алууга.
-150000 сом Чеч-Дөбө айылынын ички арыктарын тазалоого.
-838645 сом Чеч-Дөбө айылынын ички арыгына лоток орнотууга.
-842000 сом Жар-Коргон айылынын мазарга кеткен көчөгө асфальт төшөөгө.
- 1490000 сом Кожоке айылынын Алчалуу көчөсүнө асфальт төшөөгө.
-633600 сом Федоров атындагы айылынын Төш участкасына резервуар курууга.
-300000 сом Федоров айылынын Карабаш участкасынын таза суу чыгарруга.
-114000 сом Федоров айылынын Б.Эркебаев, А.Төрөев, Н.Кудайкулов көчөлөрүнө мамыча алууга.
200000 сом 7-ҮБДТнун чатырын алмаштырууга өздүк салым үчүн.
235000 сом Федоров атындагы айылынын таза суусуна насос алууга.
244374 сом К.Жолдошов атындагы орто мектебинин жарыктандыруусуна жана мамлекеттен келген 20 компьютерлерди орнотууга.
110000 сом Байыш атындагы орто мектебине мамлекеттен келген 20 компьютерлерди орнотууга жана башка.
- 280000 сом А.Чынгараев атындагы, Алтын-Казык, Кожоке, М.В.Ломоносов атындагы орто мектептерине мамлекеттен келген компьютерлерди орнотууга.
2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага: | Н. Жолдошов |