Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 35-отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 21-январы № 35-5
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн «2023-2027-жылдарга стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү жана жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында түзүлгөн «2023-2027-жылдарга стратегиялык планын бекитүү» жөнүндө экономист-статист Н.Доорановдун билдирүүсүнө негиз, Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү жана жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында түзүлгөн «2023-2027-жылдарга стратегиялык планы» бекитилсин.
2. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү жана жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында түзүлгөн «2023-2027-жылдарга стратегиялык планы» менен иш алып баруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
.3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин социалдык –маданий, билим берүү, миграция, туризм,жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Карыбековго жүктөлсүн.
Төрага: | Н. Жолдошов |
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин
7-чакырылышынын кезектеги
35-отурумунун № 35-5- токтомуна
№ 1 тиркеме
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн «2023-2027-жылдарга стратегиялык планы
Киришүү
Кыргызстанда акыркы жылдары мамлекеттик башкаруу , салык салуу, коомдук коопсуздук тармагында, калктын жашоо сапатын жана жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган бир катар реформалар журуп жатат. Алардын жыйынтыгы катары бир топ жетишкендиктер болду, бирок буга карабастан , бугунку куну олуттуу проблемалар айыл аймактарында дале чечилбей келүүдө, мисалы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты: мектепке чейинки жана мектептеги билим алуу мүмкүнчүлүгү, медициналык кызматтардын шарттары жана чектелгендиги; коомчулук үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындыктын жоктугу; экономикалык өнүгүүнүн туруксуздугу жана алсыздыгы; калктын жашоо-турмуш деңгээли төмөндүгү; жакырчылык денгээлинин айыл жерлеринде жана бийик тоолуу аймактарда жогору болуусу; инфраструктуранын жана жашоо шарттарынын начардыгы.
Айыл аймактарында жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн максатуу багытталган, конкреттүү жана реалдуу иш аракеттерди камтыган стратегиялык программа иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу зарыл.
Айыл аймагын өнүктүрүүдө туруктуу абалга чыгуу үчүн бардык, адамдык, жаратылыш, финансылык жана башка бардык резервдерди жана ресурстарды мобилизациялоо жана туура пайдалануу зарыл. Туруктуу өнүктүрүүнүн модели өз алдынча өнүктүрүүдөгү системалуулукка, комплекстүүлүккө жана теңдештикке карай умтулууну максаттайт. Туруктуу өнүктүрүүгө өтүү адам баалуулуктарын жана жаратылыш ресурстарын акыл-эстүү пайдалануунун призмасы аркылуу экономикалык өсүштү кароону сунуштайт.
Бул максатка жетүү үчүн, жергиликтүү жана мамлекеттик бюджеттин, тышкы жана ички инвесторлордун, жергиликтүү калктын, ишкерлердин каражаттарын, ресурстарын аймактын экономикасына активдүү тартуу талап кылынат. Калктын ишмердүүлүгүнөнүктүрүүгө ар тараптуу шарттар түзүлөт, колдоолор жүргүзүлөт.
Н.Исанов айыл аймагынын социалдык экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү, жашоо денгээлин жогорулатуу максатында Стратегиялык Өнүгүү Планы иштелип чыгылды. Бул Стратегиялык Өнүгүү Планы, айыл аймагынын Жергиликтүү Өнүгүү комитетеринин мүчөлөрү менен биргеликте, Туруктуу өнүгүүнун максаттарына таянып, 2023-2027 жылдардын мезгилине КР региондук саясатынын концепциясы жана “Өкмөттүн 2023-2027-жылдардагы программасын” жетекчиликке алуу менен, айыл аймагынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн анализдеп, жергиликтүү калктын жана адистердин пикирлерин эске алып, терең талдоо аркылуу иштелип чыгылды.
Бул айыл аймактын Стратегиялык Өнүгүү Планы орто мөөнөттүү жана 2023-2027 -жылдарды гана камтыйт. Алыскы мөөнөттөгү Стратегиялык максат катары “Калктын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу, экономикалык жана социалдык туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу” болуп белгиленген.
I-БӨЛҮМ
Н Исанов атындагы айыл аймагы жөнүндө кыскача маалымат
1.1 Түзүлүүсү жана административдик-аймактык бөлүнүүсү:
Н Исанов атындагы Айыл өкмөтү 1996-жылдын май айында “Н Исанов” Айылдык комитетинин базасында түзүлгөн. Н Исанов Айылдык аймагы (кийин АА) 5 калктуу конуштан туруп, баары официалдуу статуска ээ. Н Исанов АА чыгыш тарабынан Кок Бел АА, батыш тарабынан Кенеш АА, ал эми түндүк тарабынан Папан АА менен чектешет. АА борбору Жаны Базар айылы.
1.2 Аймагы:
· Жалпы аянты - 31300 кв.м.
· Деңиз деңгээлинен бийиктиги - 1800 м.
· Район борборуна чейинки аралык - 20 км.
· Облус борборуна чейинки аралык - 61 км .
· Аэропортко чейинки аралык - 65 км.
· Темир жолго чейинки аралык - 70 км.
1.3 Географиялык-клитматтык шарттары:
Климаты жайында ысык жана кургак, температура +300С ка жогору болот. Кыш мезгили узак мөөнөткө созулуп, суук келип, каароор түшөт. Кышкысын температура -20С чейин төмөндөйт. Жазгы суук көбүнчө март айынын акырына чейин уланат. Күзгү суук ноябрь айынан башталат.
Калктын демографиялык көрсөткүчү
Калктын этникалык курамы: кыргыздар-99 %, өзбектер, ж.б. -1,0 %. Жумушка жарактуу калкты негизги түзүүчүлөр жаштар. Бирок, жумуш орундарынын жетишсиздигине байланыштуу жаштар чет жактарга жумуш издеп кетүүдө.
II-БӨЛҮМ
УЧУРДАГЫ КЫРДААЛДЫ ЖАЛПЫ БАЛОО
Айыл чарба тармагы
Н Исанов айыл аймагында жалпы 1346 фермердик жана дыйкан чарбалары иш жүргүзүшөт. Аймактын калкы талаачылык тармагында негизинен жүгөрү, буудай, жашылча, картошка, жана көп жылдык чөп эгүү менен алектенсе, мал чарба тармагында ири мүйүздүү малдарды, кой-эчки жана жылкы өстүрүшөт.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Н.Исанов айыл өкмөтүнүн айыл чарба тармагынын 52,9%ын, же болбосо 434,23 млн. сомун - талаачылык, 47,1%ын, же болбосо 229,78 млн. сомун - мал чарбачылыгы түзөт.
2022-жылга айыл чарба тармагынын талаачылыгында айдоо жердин эгүү структурасын анализдесек, жалпы айдоо аянттын 1929 гектарын, же болбосо 63,8 % дан өcүмдүктөрү түзөт. Анын ичинен: 291 гектары, же 44,9 23,7% - жүгөрү; 900 гектары, же 73,2 % - кылкандуу дан, 27 гектарына (1,4,0%) жашылча, 192 гектарына (9,9%) – картошка, 256 гектар (13,4%) – май өсүмдүктөрү, 224 гектарга (11,6%) – көп жылдык чөп, 60 гектарга (2,1%) – мөмө жемиш эгилген. (Ордуна сунуш- Айыл аймакта жалпы 2292 га айдоо жер бар (1929 га үлүш, 363 га КБФ), анын ичинен 986 га сугат, 1185 га кйракы жер. Жайлпы айдоо аянттын 1929 га жерине дан өсүмдүктөрү (291 га жүгөрү, 900 га кылкандуу дан, 738 га – эмне эгилгени белгисиз болууда ???), 27 га – жашылча, 192 га – картошка, 256 га – май өсүмдүктөрү, 224 га – көп жылдык чөп, 60 га – мөмө-жемиш эгилген. Ошондо, жалпы эгилген аянт 2688 га түзүп, жалпы бар аянттан 396 га аянтка көп болууда, тактоо керек ???)
Акыркы үч жылдагы эгүү структурсанынын өзгөрүү тенденциясын карап чыкканда, дан өсүмдүктөрү +57 гектарга, картошка +2гектарга, жашылча +3 гектарга, коп жылдык осумдуктор +31 га аянтты кеңейген. Ал эми, мөмө-жемиште (+0 га) өзгөрүүлөр болбой, май өсүмдүктөрү- 5 га2014 жылга салыштырмалуу азайган. .
Мал чарба тармагында 2016-жылы 204,64 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, 2015-жылга салыштырмалуу (166,14 млн сомдук) 27 % өскөн. Башкача айтканда, эт өндүрүү 5 тоннага, сут- 209 тоннага жана жумуртка – 37 мин даанага көп өндүрүлгөн.
Айыл аймагында жер
ресурстарын пайдалануу абалы жана келечеги
1994-жылы, айыл аймагынын балансында турган айыл чарба жерлери, жарандардын жан башына бөлүнүп берилген. Үлүшкө жалпы бөлүнүп берилген айдоо жер аянты – 1929 га түзүп, анын ичинен: сугарма айдоо – 868 га, кайракы айдоо жери – 1061 га. Ал эми, чөп чабык жана көп жылдык чөп 986 га аянттары (канчасы чөп чабык, канчасы көп жылдык чөп, тактоо керек???) бөлүнүп берилген. Жан башына айыл аймагы боюнча жалпы болуп- 0,082 га айдоо аянты үлүш катары берилген. Анын ичинен: сугарма айдоо аянты – 0,04 га, кайракы айдоо аянтты- 0,09 га түзгөн. Жан башына берилген үлүш жер, 1994-жылдын 1-январга (июнуна чейинки болсо керек эле, тактоо керек???) чейинки туулган балага кошо берилген. Ошондуктан, учурдагы 20 жаштан төмөн болгон жаш жарандар үлүш жерге ээ болбой калган. Мындай көрүнүш, жергиликтүү жаштардын байгерчилигине терс таасирин тийгизүү менен, тышкы миграциянын өсүүсүнө алып келүүдө.
Жер реформасынын негизинде, АА ар бир жараны өзүнө тийиштүү жер үлүшүн алып, үй бүлөлүк жеке чарбаларды жана дыйкан чарбаларды түзүштү. Мындай чарба жүргүзүү ыкмасы оң жактары болгону менен, терс жактары да көп болду. Алсак, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүү технологиясын жана агротехнологиялык иш чараларынын аткаруу талаптары бузулду. Көпчүлүк убакта, күз келген учурда айдоо жерди терең аңтарып айдоо ыкмасы (тоңдурма) болбой жатат. Тоңдурма айдоо болсо, түшүмдүүлүк 15-20%га жогоруламак. Жерди айдоо, атка чегерилген бир корпустуу соко менен айдап, айдоонун тереңдиги гана 10-15 см болуда. Натыйжада, отоо чөптөрдүн уругу чирибей, кайра өсүүгө шарт түзүп берип, отоо чоптөр жана камыштар басып жатат. Жеке чарбанын жеринин аянты аз болгондуктан, күчтүү тракторго чегерилген соколор менен айдоо, алмаштырып эгүү (севооборот) колдонулбай, жердин кыртышынын күрдүүлүгү (плодородие) төмөндөөдө. Айдоо жерлер интенсивдуу пайдаланылбай, арготехникалык эрежелер, технологиялар сакталбай, жердин күрдүүлүгү, эгиндердин түшүмдүүлүгү төмөндөп, дыйкандар аз киреше алууда. Мындан сырткары, дыйкандардын аз киреше алуусуна орчундуу себептердин бири:
· Өндүрүүчүлөр сапатуу сорттогу үрөндөр, минералдык жер семирткичтер жана күйүүчү майлоочу майлар менен начар жана кымбат баада камсыздалууда;
· Суугат суунун жетишпегендиги, ирригациялык системалардын абалынын начардыгы;
· Айыл чарба продукцияларын сатууда маркетинг кызматтарынын жоктугу;
· Аймакта айыл чарба техникалары эскиргендиги, Дан жыйноочу комбайндардын жоктугу.
Исанов айыл аймагында кайра бөлүштүрүү жер фондусунда (КБФ) жалпы болуп – 363 га айдоо,анын ичинен сугарма айдоосу – 118 га, кайракы айдоосу – 124 га,11242га жайыт, чөп чабык жер – 93 га, көп жылдык бак-дарактар – 24 га жер бар. Жалпы КБФ жеринен 134 га жер – күрдүү жерге, 82 га жер – орто күрдүү жерге, 147 га жер төмөнкү күрдүү жерге кирет. Кайра бөлүштүрүү фондтун жерлери пайдалануу конкурстук негизде ижарага берилет. Конкурс ижара мөөнөтү бүткөндө, кайрадан өткөрүлөт. Конкурстан уткан жаран менен келишим түзүлүп, пайдалануу мөөнөтү 5 жылга берилет.
Конкурстан уткан жарандарга КБФ жеринен 363 га ижарага берилген, А/А жергиликтүү Кеңешинин чечими менен, айрым макамдагы жарандарга КБФ жеринен, жердин күрдүүлүгүн жакшыртуу максатта, жеңилдетилген шарттарда ижарага берет. Жалпы болуп ижара акысы 384,0 миң сомду түзүп, орточо 1 га жердин ижара акысы 3000 сомду түзгөн. Бир жылга 1 га жердин ижара акысы 1150 сомдон 6000мин сомго чейин.
Айыл аймагында 11825 га жайыт жер бар. Анын ичинен 7912 гектар жакынкы жайыт, калктуу конуштарга жакын жайгашкандыктан, пайдалануу эрежелери сакталбай, начарлап, кунарсызданып кеткен. Жайытты жакшыртуу жана чөптөрдүн өсүүсүн камсыздоого жайыт комитетинин каражаты жетпейт. Ошондуктан, фермерлерде мал башын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү төмөн. Узактагы жайыттар жалпысы болуп 3913 гектарды түзөт.
Жыйналган акча каражаты айылдык жайыт комитети тарабынан пайдаланат жана комитеттин аппаратын кармоого, жайыттардын жолун, көпүрөлөрүн жана малдардын суу ичүүчү жайларын оңдоого жана башка иштерге сарпталат. 2016-жылы Жар Коргон участкасынан 0,3 км жол, Чеч Добо участкасындагы мал сугаруучу кудук оңдолгон.
Жайыттарды пайдалануудагы көйгөйлөр:
· Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу талаптагыдай эмес. Бул жерлерге мөмө-жемиш бак дарактарын, курулушка пайдалануучу дарактарды жана башка отунга керектелүүчү дарактарды олтургузуу максаттуу.
Мелиоративдик тутумдар жана сугат суу менен камсыздоо
Айыл аймакта жалпы 52,0 км сугат тутумдары бар. Анын ичинен:
· 42,0км ички чарбалык сугат Суу пайдалануучулардын ассоциациясынын балансасында. Анын бардыгы учурдагы оңдоолорду (селден, жаамгырдан шагал, кум жана илдер толуп калган) талап кылат. Сугат суунун жетишпестиги, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн кескин төмөндөшүнө алып келүүдө.
Айыл аймакта 1 («Кырк Кунгой») Суу пайдалануучулардын ассоциациясы (СПА) иштейт. СПАнын материалдык-техникалык базасы бар, бирок талаптагыдай эмес.
Сугат суу менен камсыздоодогу көйгөйлөр:
· Талаптагыдай сугат тармактарынын жоктугу. Аймактагы каналдардын көпчүлүгү суунун агышына ыңгайлатып курулбай, тегиз нөлдүк градуста курулгандыгы. Каналдарды камыш жана башка отоо чөптөр баскан. Натыйжада, сугат суунун көпчүлүгү (30-60 %га чейин) жерге сиңип, жоготууга учуроодо. Мындан сырткары, каналдар кумдуу жерлерде курулуп калган, монолиттик бетондолбой, сугат суусунун жоготуусунун көбөйүшүнө алып келүүдө.
· Ички сугат каналдарынын жана коллектордук-дренаждык тармактарын учурдагы оңдоолорго каражаттын жетишпестиги жана тармактарды оңдоо үчүн жээктеринде бөлүнгөн зонанын жоктугу.
Өнөр жай тармагы
Өнөр жай тармагы учурда 1-тигүү цехи, 1 пахта тытуучу цех, 1 пластиктен эмерек чыгаруучу цех, 3- жыгач иштетүүчү цех иштейт.
Тармактагы көйгөйлүү маселелер:
· Инвестициялык каражаттын жетишсиздиги;
· Алдыңкы технологиялардын, чакан жана орто өндүрүштүк жабдуулардын жетишсиздиги;
· Көмүскө өндүрүштөрдүн бардыгы;
· Жаңы өндүрүштөрдү уюштурууда, иштеп жаткан өндүрүштөрдү өнүктүрүүдө мамлекеттик органдар тарабынан бюрократиялык тосмолордун, мыйзамсыз текшерүүлөрдүн жана коррупциянын бардыгы;
· Ишкердүүлүк демилгелердин, инвестициялык долбоорлордун аздыгы, Ишкерлер Кенешинин, биримдик ассоциациясынын жоктугу;
Курулуш тармагы
Айыл аймагында 2022-жылы жалпы капиталдык салым 13276,8 миң сомду түзүп. 2021-жылга салыштырмалуу 102,2 %га, өскөн.
2023-2024-жылдарга Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, өнөктөштөрдүн, элдин салымынын эсебинен билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы, айылдардын инфра түзүмдөрүн өнүктүрүү зарылчылдыгы бар. Ошондой эле, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү боюнча тоок чарба, күнөсканаларды, күн батереясын орнотуу, жаны соода туйунун куруу, кичи кайра иштетүүчү цехти кенейтүү жана башка кошумча цехтерди куруу зарылчылыгы өсүүдө.
Жол жана транспорт тармагы
Айыл аймактын балансында узундугу 56,1 км км ички жолдор бар. Учурда, ички жолдор капиталдык жана учурдагы оңдоолорду талап кылат. Айыл Өкмөтүнүн бюджетинин ички жолдорду тийиштүү денгээлде кармап турууга, оңдоого каражаты жетишпейт. Ошондуктан, бул багытта инвестициялык долбоорду иштеп чыгып, инвесторлорду тартуу зарыл.
Райондун жана областын борборлору, башка райондор менен айыл аймактын ортосунда автоунаа каттамдары туруктуу. Орточо эсепте, каттоодо турган жеңил авто унаалар беш кожолукка бирден туура келет. Негизги элге кыйынчылык жараткан жагдай болуп ички жолдордун абалынын начардыгы, каттоодон өтпөгөн автоунаалардын бардыгы жана калкты автоунаа менен тейлөөчү жергиликтүү фирмалардын жоктугу болуп саналат.
КӨЙГӨЙЛӨР:
1. Дыйкандар жагымдуу климаттык шарттарга карабастан ресурстарды натыйжалуу пайдаланбагандыгы жана айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда заманбап технологияларды колдонбогондугу;
2. Аймактын тургундары кирешенин башка ыкмаларын колдонбогондугу;
3. Экологиялык таза азыктарды өндуруу үчүн жалпы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлбөгөндугү ;
4. Ишкерлердин айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө жана сатууда кызматташтык биригүүгө барбагандыгы;
5. Билим беруу жана саламаттык сактоо кызматтарынын сапатынын жана жеткиликтүүлүгүнун чектелүүсу;
6. Айыл аймагындагы объектилердин начар абалы.
Билим берүү тармагы
Айыл аймакта 7 орто мектеп, 1 башталгыч мектеп, 9 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме иштейт. Башталгыч мектептин абалы начар, 6 мектеп типовой мектеп, 1 мектеп авариялык абалда. Спорт залдары бар, бардык мектептерде компьютердик класстар уюштурулуп компьютер менен камсыздалган, бирок компьютердик адистери окуучуларга жеткиликтүү билим бере албай жатат.
Айылдык аймакта бала бакчалар жетишпей балдарды бала-бакчага тартуу 30 пайызды эле түзѳт, айылдык аймагында ар бир айылда экиден бала бакча бар, 1 бала бакчада 60 орундуу калган балдарга орун жетишпейт
Кѳйгѳйлѳр:
1. Мектепке чейинки мекемелердеги орундардын жетишсиздиги;
2. Мектептерде орундар жетишпейт;
3. Билим беруу мекемелеринин инфраструктурасы жакшыртууну талап кылат;
4. Кээ бир предметтерден мугалимдердин жетишсиздиги;
Саламаттыкты сактоо тармагы
Акыркы жылдары Н. Исанов айыл өкмөтүнө медициналык кызмат көрсөтүнүн сапатынын жана ийкемдүү болушунун төмөндөшү байкалууда. Негизиги себептери болуп, төмөнкүлөр эсептелинет:
o Врачтардын жетишсиздиги: Норма боюнча 1 врачка 1500киши туура келет, ал эми практика жүзүндө 1 врачка 5000 ден 10 000 кишиге чейин туура келүүдө, бул көрсөткүч врачтын прфилине көз каранды.
o Медициналык каражаттардын, аспаптардын эскиргендиги же ошол эле каражаттардын, аспаптардын жоктугу;
o Ооруканалардын имараттарынын капиталдык ремонт болбошу, айрым имараттардагы өзгөчө ысытуу системасы;
Гендердик абал.
Айыл өкмөтүнүн аппаратында 33 кызматкердин арасында 8 аял киши эмгектенишет, ал эми жергиликтүү кенештин курамына шайлоо учурунда эки аял талапкерлигин көрөтүп азыркы учурда 4 аял депутат.
Айрыкча аялдардын коомдук иштерге абдан активдүү катышкандыгы байкалат. Айыл аймагынын мамлекеттик мекемелеринин жетекчилери, мектеп директорлору, балдар бакчаларынын башчылары, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери да аялдар. Алардын аймакты өнүктүрүүгө катышуусу активдүү деп айтууга болот.
СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТ:
2027-жылы Н. Исанов айыл аймагы айдоо жерлерин жана жайыттарды туура пайдалануу, сугат сууну жоготууну 50%га азайтуу, экологиялык таза айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн 10%га көбөйтүү аркылуу, жарандардын үй-бүлөлүк кирешеси 10% жогорулаган жана коопсуз тамак-аш азык түлүктөрү менен камсыздалган аймак.
АРТЫКЧЫЛЫКТУУ ѲНҮГҮҮ БАГЫТТАРЫ:
· Экологиялык таза азыктарды ѳндүрүүгѳ багытталган айыл чарбасын ѳнүктүрүү;
· Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды кѳрсѳтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу ;
· Жергиликтүү жарандарды жумуш орундары менен камсыздоо;
Өнүгүү моделин тандап алууда жергиликтүү коомчулуктун белгилүү бир маселелерин чечүүдо максаттык-долбоорлоо принциби колдонулган. Бул принцип ар бир артыкчылык багыттындагы милдеттерге жетүү үчүн максаттуу долбоорлорду иштеп чыгууну талап кылат.
МИЛДЕТТЕР ЖАНА ЧАРАЛАР
Артыкчылык ѳнүгүү багыты: Экологиялык таза азыктарды ѳндүрүүгѳ багытталган айыл чарбасын ѳнүктүрүү
Милдеттер жана чаралар:
- Айыл аймагындагы малдардын асыл тукумдуулугун жогорулатуу менен, мал чарбачылыгынан ѳндүрүлгѳн продукцияларынын көлөмүн 10% жогорулатуу.
· Жаңы-Базар айылында фермерлерди тейлѳѳчү ветеринардык тейлѳѳ борборун ачуу жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо;
· Айыл аймактагы 200 фермердик чарбалардын мүчѳлѳрү үчүн, билим деңгээлин жогорулатуу жана малдардын асыл тукумдуулугун арттыруу боюнча, 10 семинар ѳткѳрүү;
· Малды асылдандыруу пунктунун ишин жакшыртуу;
· Жайыттардын түшүмдүүлүгүн арттыруу боюнча кѳп жылдык тоют чѳптѳрүнүн үрөнүн себүү, жайтты которуштуруп пайдалануу иш-чараларын аткаруу;
1.2. Айыл чарба ѳсүмдүктөрүнѳн ѳндүрүлгѳн продукцияларынын көлөмүн 10% жогорулатуу;
· Айыл аймактагы майда картошка жана буудай ѳндүрүүчү жеке чарбаларды ирилештирип, кооператив түзүү;
· Айыл аймактагы 25 км сугат суу каналдарын капиталдык оңдоодон ѳткѳрүү жана ирригациялык системаларды орнотуу;
· Органикалык таза картошка жана буудай өндүрүүдө био-органикалык жер семирткичтерин жана биопрепараттарын колдонуу технологиялары боюнча дыйкандардын дараметин жогорулатуу (Global GAP- стандартын жайылтуу);
· Картошканын үрөн фонддун түзүү;
· Картошканы жана буудайды кайра иштетүү боюнча кошумча нарк чынжырын иштеп чыгуу;
1.3. Айыл аймактагы көп жылдык бактардын түшүмдүүлүгүн жана андан ѳндүрүлгѳн продукциянын кѳлѳмүн 10 % жогорулатуу боюнча иш чараларды жүргүзүү;
· Тамчылатып сугаруу ыкмасын пайдалнуу менен, 30 га аянтка жаңы сорттогу алма бактарын тигүү;
· Жер кѳчкү коркунучу бар 10 га жерлерге бадам, ѳрүк жана башка мѳмѳлүү дарактарды олтургузуу.
Артыкчылык ѳнүгүү багыты: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды кѳрсѳтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын тийешелуу мамлекеттик органдар менен бирдикте жакшыртуу
2.1. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын жакшыртуу
- Көрсөтүлүп жаткан кызматтар боюнча стандарттарды иштеп чыгу жана бекитүү
- Кызматтарды көрсөтүү жумуш процессин жөнөкөйлөтүү боюнча административдик жоболорду иштеп чыгуу жана бекитүү
- Иштелип чыккан стандарттарга ылайык кызмат көрсөтүү үчүн документтерди жөнөкөйлөтүү (нускамаларды, мыйзамдын чегинде маалыматтарды жайгаштыруу жана жайларды даярдоо, ж.б.).
- Кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча АӨ кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн окууларды өткөрүү
- Кызматтардын сапатын көзөмөлдөө боюнча ички системаны иштеп чыгуу жана бекитүү
- Кызматтарды жакшыртууга багыталган иш-чаралар менен жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн таанышштыруу максатында маалымат жыйындарын өткөрүү.
2.2. Мектепке чейинки жана орто билим беруу мекемелериндеги жарандарга кѳрсѳтүлүүчү кызматтардын жеткиликтуулугун жогорулатуу
· Чеч Дөбө айылына 250 орундуу мектеп куруу ;
· Чеч Дөбө айылына 90 орундуу балдар бакчасын куруу;
· Кожоке айылына 200 орунду балдар бакчасын куруу;
· Кожоке айылына кичи футбол аянтчасын куруу;
· К. Жолдошов атындагы орто мектебине кошумча имарат куруу;
· Токтогул атындагы орто мектебине курулган кичи футбол аянтчасына заманбап шарт түзүп берүү (душ чечинип кийинүүчү жай);
· Кичи-Алай айылындагы Кашкасуу участкасындагы башталгыч мектебин (4-класс) негизги мектепке (9-класс) ѳткѳрүү;
· Жаңы-Базар айылында 120 орундуу бала бакчасын толук капиталдык оңдоодон ѳткѳрүү;
· Айыл аймактагы 7 орто мектептерди жаңы технологиядагы окуу жабдуулары менен камсыздоо (интерактивдүү доскалар, проекторлор ж.б.)
· «Акинай Гулу» бала бакчасында ондоп-тузоо иштерин жургузуу;
· Ломоносов орто мектебинде ондоп-тузоо иштерин жургузуу.
· Жар Коргон айылында спорт менен машыктыруучу спорт комплекс куруу;
2.3. Жаңы технологияларды пайдалануу менен ичүүчү сууну үнѳмдѳѳ аркылуу айыл аймактагы жарандардын 100% ичүүчү суу менен камсыздоо
· Жар-Коргон жана Чеч-Дѳбѳ айылдарындагы 1300 кожолука суу эсептегичтерди орнотуу.
· Тескей-Кожоке жана Күнгѳй–Кожоке айылдарындагы 1957 кожолука суу эспетегичтерин орнотуу
· Айыл аймактагы социалдык объектилерге суу түтүктѳрүн тартуу жана коомдук жайларда санитардык гигиеналык абалды жакшыртуу шарттарын түзүү;
· Кожоке айылындагы таза суу тартып келүү боюнча 26 млн сомдук долбоорду ишке ашыруу;
· Федоров айылына таза суу топтолуучу кампасын куруу;
. Жаңы Базар айылынын тургундарын таза суу менен камсыздоо.
2.4. Айыл аймактагы айылдар арасындагы байланышты жакшыртуу менен жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү
· Жар-Коргон айылдарын байланыштарган 500м авто унаа жолун асфальттоо
· Кожоке айылындагы кѳпүрѳнү оңдоп түзѳѳ
· Айыл аймактагы 5 жаңы конуштардагы жолдоруна шагыл төшөө
· Айыл аймактагы 5 жаңы конуштарда электр мамычаларын орнотуу жана электр чубалгыларын тартуу
· Кошчан дарыясынын жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүү;
. Кара бадал арыгынын башатын капиталдык ремонттон өткөрүү.
2.5. Жергиликтуу калкты толук камдуу медициналык тейлѳѳ үчун медициналык кызматтын жеткиликтүүгүн жана сапатын жогорулатуу
· Н. Исанов айыл аймагынын борборундагы ооруукананын имаратын жаңыдан куруу.
· Жар Коргон айылынын 27-ҮБДТсына тез жардам унаасын алуу.
· Күнгөй Кожоке айылында жайгашкан №7- ҮБДТнун имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү.
· Жаңы Базар айылына Өрт өчүрүүчү пункттун имаратын куруу
Артыкчылык ѳнүгүү багыты: Жергиликтүү жарандарды жумуш орундары менен камсыздоо
3.1. Бизнес жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү жана шарттарын жакшыртуу менен кызмат көрсөтүү чөйрөсүн жана кайра иштетүүчү тармагын өнүктүрүү.
· Жар-Коргон айылында Сүттү кайра иштетүүчү чакан ишкана ачуу
· Жаңы-Базар айылында 100 тонна алма жана башка жемиштерди сактоочу Кампа куруу
· Жаңы-Базар айылында алмадан жана башка жемиштерден экологиялык таза шире чыгаруучу цех ачуу
· Күнгѳй-Кожоке айылында алма жана башка жемиштерди кургатуучу цех ачуу
· Токтогул атындагы орто мектебинде 100 орунду тигүү цехин уюштуруу;
. Кожоке айылына рестоврация жана тигүчүү цех ачуу.
3.2.Ѳндүрүш тармагын ѳнүктүрүү менен жергиликтүү калктын 0,5% жумуш менен камсыздоо
· Чеч Дөбө айылында таш майдалоочу чакан ишкана ачуу (щебенка)
Туруктуу Өнүгүү Стратегиялык Планын иш жүзүндө ашыруунун негизиндеги кутуулучу натыйжалары:
· Н Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн реалдуу секторунда экономикалык олуттуу өнүгүүлөр камсыздалат, экономикалык потенциалы жогорулайт;
· Айыл чарба тармагында жерди иштетүүнүн натыйжалуулугу, түшүмдүүлүк жогорулайт, ирригациялык тармак жакшырат;
· Мал чарбачылыгында малдын асылдуулугу, продуктуулугу жогорулайт, ветеринардык тармактын жана куут пунктунун тейлөөсү жакшырат.
· Кайра иштетүүчү кичи, орто өнөр жай ишканалары пайда болот;
· Айыл чарба продукцияларынын кошумча нарк чынжыры иштелип чыгат;
· Курулуш материалдарын чыгаруучу кичи, орто өнөр жай ишканалары пайда болот;
· Калкка кызмат көрсөтүү, соода тармактары өнүгөт, жаңы объектилер курулат;
· Ишкерлер Кенеши уюшулат, ишкердүүлүк активдешип, кичи орто бизнес өнүгөт;
· Жаны жумуш орундар пайда болуп, жумушсуздук азаят;
· Жергиликтүү өнүгүү Комитетинин, жарандык коомдун аймактык өнүгүүдөгү катышуусу жогорулайт;
· Балдарды бала бакчага тартуу денгээли жогорулайт;
· Мектептерде билим берүү жана калкты медициналык тейлөө сапаттары жакшырат;
· Аймактын инфраструктурасы жакшырат;
· Улуттар аралык мамиле бекемдейт, гендердик тең салмактуулук сакталат, өнүгөт;
· Жаштардын аймактын өнүгүүсүндөгү катышуусу жогорулайт, жаштар кылмыштуулугу төмөндөйт;
· Калктын кирешелүгү жогорулайт;
· Экология жакшырат, калкка коопсуз чөйрө түзүлөт.
ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ БААЛОО
Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүндо пайда болушу мүмкүн болгон коркунучтар:
· Кызыкдар тараптардын кызыкчылыгынын төмөндугу;
· Жергиликтүү бюджет, донорлор жана жергиликтүү ишкерлердин каржылоосунун чектелүүлүгү;
· Стратегиясынын иш чараларын ишке ашыруу процессинде башкаруу жана уюштуруунун натыйжасыздыгы, начарлыгы.
РЕСУРСТАРДЫ БААЛОО
Каржылоо планы ар кандай булактардан камсыз кылынат. Жергиликтүү бюджет маанилүү кажылоо булагы болуп саналат, ошондой эле каржылоонун башка маанилүү булагы болуп эл аралык долбоорлор жана жергиликтүү дыйкандардын жана бизнес-коомчулуктун каражаттары саналат.
МОНИТОРИНГ жана БААЛОО
Стратегиялык Планын ишке ашыруусу үзгүлтүксүз мониторингдин, макулдашылган индикаторлордун негизинде жүзөгө ашырылат.
Мониторинг Көрсөткүчтөрдүн Матрицасындагы белгиленген жыйынтыктары менен иш жузундогу көрсөткүчтөрдү салыштыруу аркылуу жана айырмачылыктардын себебин аныктоо менен жүзөгө ашырылат.
Мониторинг жүргүзүү жана баа берүүнун натыйжалары жергиликтүү кенештин жыйналыштарында каралып, бардык кызыкдар тараптардын жана топтордун катышуусун камтыйт.
СТРАТЕГИЯЛЫК ДОКУМЕНТТИН ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ п.п | Милдеттер | Иш-Чаралар | Мооноту | Кутуулучу натыйжа | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Артыкчылык ѳнүгүү багыты: Экологиялык таза азыктарды ѳндүрүүгѳ багытталган айыл чарбасын ѳнүктүрүү | |||||
1 | Айыл аймагындагы малдардын асыл тукумдуулугун жогорулатуу менен, мал чарбачылыгынан ѳндүрүлгѳн продукцияларынын көлөмүн 10% жогорулатуу. | o Жаңы-Базар айылында фермерлерди тейлѳѳчү ветеринардык тейлѳѳ борборун ачуу жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо | 2023-жылы | · Айыл аймакта сүт жана эт багыттындагы малдын асылдуулугу жогорулоого шарт түзүлдү | Борошова Жыпар (ветврач) |
| 2023-жылы | · Асыл тукумдуу малдарды ѳндүрүүдѳ жаңы ыкмаларды колдонуу боюнча 400 фермерлердин билим деңгээли жогорулады | Маликов Марат Жер адиси | ||
o Малды асылдандыруу пунктунун ишин жакшыртуу | 2023-жылы | Фермерлер асыл тукумдуу малдарды ѳндүрүүгѳ (сандан сапатка отушту) | Борошова Жыпар (ветврач) | ||
| 2023-жылы | · Сатып алуучулар менен келишимдер тузулот | Борошова Жыпар (ветврач) | ||
| 2023-2024-жылдары | · 6 га Жайыттар керексиз ѳсүмдүктѳрдѳн арылды · Фермерлер үчүн сапаттуу тоюттарды камдоого шарт түзүлөт. | Ташиев Мелис, жайыт бирикмесинин тѳрагасы | ||
o Мал суугаруучу жайларды (булактарды) оңдоп-түзөө келтирүү жана суу ичүүчү жабдууларды куруу | 2023-2024-жылдары | · Булактардын жоголуусунун алды алынды · 12 мал суугаруучу жайлар талапка ылайык оңдолуп түзѳлөт. | Ташиев Мелис , жайыт бирикмесинин тѳрагасы | ||
2 | Айыл чарба ѳсүмдүктөрүнѳн ѳндүрүлгѳн продукцияларынын көлөмүн 10% жогорулатуу. | 2.1. Айыл аймактагы майда картошка жана буудай ѳндүрүүчү жеке чарбаларды ирилештирип, кооператив түзүү; | 2023-2024-жылдары | · айыл айымакта 4 чакан кооператив түзүлүүсү менен сапаттуу продукциядарды ѳндүрүүнүн кѳлѳмү жогорулады | Маликов Марат Жер адиси |
2.2. Айыл аймактагы 30 км сугат суу каналдарын капиталдык ремонттон ѳткѳрүү жана ирригациялык системаларды орнотуу | 2023-2025-жылдары | · айыл аймактагы сугат суу каналдарынын 50% оңдолуп, сугат суну жоготуунун кѳлѳмү 20% га кыскарды | Жусупов Жеңиш АВП тѳрагасы | ||
| 2023-2025-жылдары | · Дыйкандар Global GAP- глобал гэп стандартына ото баштады | Маликов Марат Жер адиси | ||
o Картошканын урѳѳн фондун түзүү; | 2023-2025-жылдары | · Картошканын урѳѳн фонду түзүлдү | Маликов Марат Жер адиси | ||
o Картошканы жана буудайды кайра иштетүү боюнча кошумча нарк чынжырын иштеп чыгуу; | 2023-2025-жылдары | · Кошумча нарк чынжыры иштеп чыгылды, сатып алуучулар менен келишимдер түзүлдү | Маликов Марат Жер адиси | ||
2.6. Айыл аймакта Техникалык Сервис ачуу | 2023-2025-жылдары | · Чакан кооперативтерди ѳз убагында тейлѳѳгѳ шарттар; · Эгиндерди эгүү жана түшүм жыйноодогу чыгымдар 12-15% кыскартылат | Маликов Марат Жер адиси | ||
3 | Айыл аймактагы көп жылдык бактардын түшүмдүүлүгүн жана андан ѳндүрүлгѳн продукциянын кѳлѳмүн 10 % жогорулатуу | 3.1. Тамчылатып сугару системасын пайдалнуу менен, 5 га аянтка жаңы сорттогу алма бактарын тигүү | 2023-2025-жылдары | · 5га кайракы жерлер сугат жерлерге айланды; · 6 үй-бүлѳ кошумча киреше алууга шарт түзүлөт; | Маликов Марат Жер адиси |
3.2. Жер кѳчкү коркунучу бар 10га жерлерге бадам, ѳрүк жана башка мѳмѳлүү дарактарды олтургузуу | 2023-жылы | · Айыл аймактагы жер кѳчкү жүрүүчү коркунучтарынын алды алынат · Жер кыртышы сакталат · Кошумча киреше түшөт | Маликов Марат Жер адиси | ||
|
| 3.3. Күнгөй Кожеке айылындагы Селтосмолордон келүүчү сел өткөрүүчү каналдарды калыбына келтирүү | 2023-жыл | · Айыл аймактагы сел коркунучун алдын алат
| Юлдашев Абжали айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары |
|
| 3.4 Кожоке айылындагы Алчалуу сел тосмосун куруу. | 2024-2025-жылдары | · Айыл аймактагы сел коркунучун алдын алат. | Юлдашев Абжали айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары |
Артыкчылык ѳнүгүү багыты: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды кѳрсѳтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу | |||||
1 | Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын жакшыртуу | 1.1. Көрсөтүлүп жаткан кызматтар боюнча стандарттарды иштеп чыгу жана бекитүү | 2023-жыл | · Муниципалдык кызматтар боюнча стандарттар бекитилди | Маматов Маратбек глава айыл окмоту |
1.2. Кызматтарды көрсөтүү жумуш процессин жөнөкөйлөтүү боюнча административдик жоболорду иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-жыл | · Жоболор бекитилди | |||
o -Иштелип чыккан стандарттарга ылайык кызмат көрсөтүү үчүн документтерди жөнөкөйлөтүү (нускамаларды, мыйзамдын чегинде маалыматтарды жайгаштыруу жана жайларды даярдоо, ж.б.). | 2023-жыл | · Маалымат тактайлары жаңыланды; · Кызматкерлердин милдеттери такталды; | |||
o Кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча АӨ кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн окууларды өтүү | 2023-жыл | · Атайын окуулар өткөрүлдү | |||
o Кызматтардын сапатын көзөмөлдөө боюнча ички системаны иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-жыл | · көзөмөлдөө боюнча ички системанын иштеп чыгылышы жана бекитилиши | |||
o Кызматтарды жакшыртууга багыталган иш-чаралар менен жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн таанышштыруу максатындаа маалымат жыйындарын өткөрүү. | 2023-жыл | · кызмат көрсөтүүнүн жол-жоболору жөнүндө маалымат жыйындары өткөрүлдү;
| |||
2 | Мектепке чейинки жана орто билим беруу мекемелериндеги жарандарга кѳрсѳтүлүүчү кызматтардын жеткиликтуулугун жогорулатуу; | Чеч Дөбө айылына 250 орундуу мектеп, 90 орундуу бала бакча | 2023-2024-жылдары | · 250 окуучу толук камдуу билим алууга шарттар түзүлдү; |
|
o Кичи-Алай айылындагы Кашкасуу участкасындагы 4-класс базасындагы башталгыч мектебин 9-класс базасына ѳткѳрүү | 2023-жылы | · Кашкасуу участкасындагы 80 окуучуга 9-класска чейинки орто билими алууга шарт түзүлдү | Эргешов Айип мектеп директору | ||
o Жаңы-Базар айылында 120 орундуу бала бакчасын толук капиталдык ремонттон ѳткѳрүү | 2023-2024-жылдары | · 120 бала мектепке чейинки билимди алууга шарт түзүлдү | Айдаров Маматжакып айыл ѳкмѳт бухгалтери | ||
o Айыл аймактагы 7 орто мектептерди жаңы технологиядагы окуу жабдуулары менен камсыздоо (интерактивдүү доскалар, проекторлор ж.б.) | 2023-2024-жылдары | · Окуучулар жана мугадимдер үчүн мектеп программаларын тез жана ыңгайлуу ѳздѳштүрүүгѳ шарттар | Юлдашев Абжали айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары | ||
o «Акинай Гулу» бала бакчасында ондоп-тузоо иштерин жургузуу; | 2023-2024-жылдары | · мектепке чейинки билимди алууда жакшы шарттар түзүлдү | Юлдашев Абжали айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары | ||
o К. Жолдошов атындагы орто мектебине кошумча имарат куруу. | 2023-2024-жылдары | · | Юлдашев Абжали айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары | ||
o Чеч-Дѳбѳ айылында чакан спорттук комплексин куруу; | 2023-жыл | · Айыл жаштары үчүн дени сак жашоо жүргүзүүсүнѳ шарт түзүлдү | Нурмаматов Жоодар жергиликтүү кеңештин тѳрагасы | ||
2.9 Жар Коргон айылына спорт менен машыгуучу спорт комплекс куруу. | 2023-2024-жыл | · Айылдык жаштардын спорттук кызыгуусун арттыруу | Юлдашев Абжали айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары
| ||
3.0. М.В Ломоносов орто мектебине ыссык тамак ичүү үчүн ашкана куруу | 2023-жыл Сентябрь | · 1-4-класстарга чейинки окуучуларды ыссык тамак менен камсыз кылуу. | Зулунова Айнура. | ||
|
| 3.2. Жаңы Базар айылына өрт өчүрүүчү пункттун имаратын куруу | 2023-2024-жыл | · Айыл аймагынын жашоочуларынын өрт кырсыгынын алдын алуу. | Жолдошев. А айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары |
3 | Жаңы технологияларды пайдалануу менен ичүүчү суну үнѳмдѳѳ аркылуу айыл аймактагы жарандардын 100% ичүүчү суу менен камсыздоо | 3.2. Жар-Коргон жана Чеч-Дѳбѳ айылдарындагы 1300 кожолука суу эсептегичтерди орнотуу | 2023-2024-жыл | · Айыл аймактан жашоочулары үзүлтүксүзичүүчү суу менен камсыздалды; · Ичүүчү суну пайдалануу үнѳмдѳлдү | Эшкулов Түгѳлбай СООППВ жетекчиси |
3.3 Жаңы Базар айылынын тургундарны таза суу менен камсыздоо | 2023-2024-жыл | Сулайманов Алтынбек айыл башчы | |||
3.4. Тескей-Кожоке жана Күнгѳй–Кожоке айылдарындагы 1957 кожолука суу эсептегичтерин орнотуу | 2023-2024-жыл | Эшкулов Түгѳлбай СООППВ жетекчиси | |||
3.5. Айыл аймактагы социалдык объектилерге суу түтүктѳрүн тартуу жана коомдук жайларда санитардык абалды жакшыртуу иштерин аткаруу | 2023-2024-жыл | · Мектеп окуучулары, балдар бакчасындагы балдар, медициналык кызмат кѳрүүчүлѳр үчүн таза ичүүчү сууну пайдаланууга шарттар түзүлдү | Жолдошев Абжали айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары | ||
3.6Федоров айылынын Төш участкасына таза суу топтолуучу кампасын куруу | 2023-2025-жыл | · Айыл тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу | Эшкулов Түгѳлбай СООППВ жетекчиси | ||
|
| 3.7 Кожоке айылына таза суу тартып келүү үчүн 26млн сомдук долбоорун ишке ашыруу. | 2023-2025-жылдары | · Айыл тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу |
|
4 | Айыл аймактагы айылдар арасындагы байланышты жакшыртуу менен жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү | 3.8 Жар Коргон айылындарындагы байланыштырган 500м авто унаа жолун асфальттоо. | 2023-2026-жылдары | · |
|
3.9 Кара бадал арыгынын башатын капиталдык ремонттон өткөрүү. |
|
|
| ||
4.3. Кожоке айылындагы кѳпүрѳнү оңдоп түзѳѳ | 2023-жылы | Абдырахманов Убайдулла айыл башчы | |||
4.4. Айыл аймактагы 5 жаңы конуштардагы жолдорду шагылдоо | 2023-2024-жылы | Айдаров Маматжакып айыл ѳкмѳт бухгалтери айыл башчылар Мөнөков Мамасали Рахманов Сейит, Абдырахманов Убайдулла, Касыев Талант, Насиров Маматхошим, Орозматов Сабыт, | |||
4.5. Айыл аймактагы 5 жаңы конуштарда электр мамычаларын орнотуу жана электр чубалгыларын тартуу | 2018-2020-жылы | ||||
4.6. Кошчан дарыясынын жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүү; | 2023-2025-ж | ||||
|
| 4.7. Чеч Дөбө айылына авто унаа өтүүчү жаңыдан көпүрө куруу | 2023-жыл | Рахманов Сейит айыл башчы | |
|
| 4.9 Кичик Алай айылына көпүрө куруу | 2023-жыл |
| Насиров Махаматхошим айыл башчы |
5 | Жергиликтуу калкты толук камдуу медициналык тейлѳѳ үчун медициналык кызматтын жеткиликтүүгүн жана сапатын жогорулатуу | 5.1. Н. Исанов айыл аймагынын борборундагы ооруукананын имаратын жаңыдан куруу | 2023-2026-жылдары | · Жалпы айыл аймактын жашоочулары үчүн медициналык жактан тейлѳѳ кызматы жеткиликтүү болду | Жолдошев Абжали айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары |
|
| 5. 3. Жар Коргон айылынын 27-ҮБДТсына тез жардам унаасын алуу | 2023-2025-жыл | · Айылдын жашоочуларына медициналык жардам өз убагында көрсөтүлөт |
|
|
| 5. 4. Күнгөй Кожоке айылында жайгашкан №7- ҮБДТнун имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү. | 2023-жыл | · №7 ҮБДТнын имараты ремонттон өткөрүлүп тейлөө шарты жакшырат. |
|
Артыкчылык ѳнүгүү багыты: Жергиликтүү жарандарды жумуш орундары менен камсыздоо; | |||||
1 | Бизнес жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү жана шарттарын жакшыртуу менен кызмат көрсөтүү чөйрөсүн жана кайра иштетүүчү тармагын өнүктүрүү. | o Жаңы-Базар айылында 100 тонна алма жана башка жемиштерди сактоочу Кампа куруу | 2020-2025-жылдары | · 15 адам жумуш орду менен камсыз болду · Жергиликтүү багбандар ѳндүрүлгѳн продуктыларын узак мѳѳнѳткѳ сактоого мүмкүнчүлүк түзүлдү | Жолдошев Абжали айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары |
o Жар-Коргон айылында Сүттү кайра иштетүүчү чакан ишкана ачуу | 2020-2022-жылы | · 20 адам жумуш орду менен камсыздалды · Жарандар сүт азыктарын үзгүлтүксүз саттуу менен үй-бүлѳлүк кирешеси жогорулады | |||
o Жаңы-Базар айылында алмадан жана башка жемиштерден экологиялык таза шире чыгаруучу цех ачуу | 2020-2022-жылдары | · 15 адам жумуш орду менен камсыз болду · Жарандардын үй-бүлѳлүк кирешеси жогорулады | |||
o Күнгѳй-Кожоке айылында алма жана башка жемиштерди кургатуучу цех ачуу. | 2023-2025-жылдары | · 15 адам жумуш орду менен камсыз болду · Жарандардын үй-бүлѳлүк кирешеси жогорулады | |||
o Кожоке айылына -Рестоврация жана кийим кече тигүү цех ачуу. | 2018-жыл | · 5 адам жумуш менен камсыздалат. | У. Абдрахманов айыл башчы | ||
o Жар Коргон айылына жер жемиштерди концервациялоо цех. | 2020-2022-жыл | · 10 адам жумуш менен камсыздалат. | Юлдашев Абжали айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары | ||
|
| 1.7 Токтогул мектебине 100 орундуу тигүү цехин ачуу | 2023-жыл | · Айыл тургундарына жумуш орундарын түзүү. | Жолдошев Абжали айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары |
2 | Ѳндүрүш тармагын ѳнүктүрүү менен жергиликтүү калктын 0,5% жумуш менен камсыздоо | 2.1. Чеч Дөбө айылында таш майдалоочу чакан ишкана ачуу (щебенка) | 2020-2022-жылдары | · 50 адам жумуш менен камсыз болду | Ыскьаев Улук жеке ишкер |
2.2. Жар-Коргон айылында кыш (кирпич) даярдоочу чакан ишкана ачуу | 2020-2022-жылдары | · 50 адам жумуш менен камсыз болду | Дооранов Нурбек экономист статист | ||
Жооптуу катчынын у.м.а Н.Атаканова