ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын 13 (кезектүү) сессиясы
2023-жылдын 10-май № 17
Жангарач айылындагы спорттук комплекске Санжиров Ишенбек Санжировичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тилебек улуу Эмилбектин Гавриловка айылдык аймагынын Жангарач айылынын тургундарынын катышуусунда өткөн элдик жыйындын сунуштарынын негизинде жана Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становдун атына легендарлуу парламенттин төрагасы, Кыргыз Республикасынын баатыры М.Ш.Шеримкуловдун 2023-жылдын 16-февралында түшкөн кайрылуусун эске алып Жангарач айылындагы спорттук комплекске кадырман адам өзүн мамлекеттик кызматка, укук тартибин сактоого, жаштарды тарбиялоого жана коомубуздун коопсуздугуна арнаган Санжиров Ишенбек Санжировичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн Жангарач айылындагы спорттук комплекске Санжиров Ишенбек Санжировичтин ысымы ыйгарылып бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тилебек улуу Эмилбеке жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Т. Ибраимов |