Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 35-отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 21-январы № 35-8
Жаңы-Базар айылындагы М.В.Ломоносов атындагы орто мектептен жаңы конушка чыгуучу өтмөктөн жол ажыратып берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы М.В.Ломоносов атындагы орто мектептен жаңы конушка чыгуучу өтмөктөн жол ажыратып берүү жөнүндө айыл башчы И.Абдрахмановдун билдирүүсүнө жана тургундардын кайрылууларына негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы М.В.Ломоносов атындагы орто мектептен жаңы конушка чыгуучу өтмөктөн жол ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы М.В.Ломоносов атындагы орто мектептен жаңы конушка чыгуучу өтмөктөн ажыратылып берилген жолду тактап , юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы жер боюнча башкы адис М.Маликовго, И.Абдурахмановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жолдошовго жүктөлсүн.
Төрага: | Н. Жолдошов |