Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXXII сессиясы
2024-жылдын 15-февралы № 43
Доолбеков Бекболот Доолбековичтин айкелин
орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Буура айылдык кеңешинин “Социалдык жана маданий иштер боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун сессияда талкуулап, Кара-Буура айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургуну Доолбеков Бекболот Доолбековичтин Кыргыз Республикасынын алдында жана Айтматов районуна сиңирген эмгеги үчүн Кызыл-Адыр айылындагы Е.Абилдаев атындагы ортолук сейил бакка айкелин орнотууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Буура айылдык кеңешинин “Укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент, курулуш, ички жолдор жана экология ” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.А.Джумагулов. |