ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын 13 (кезектүү) сессиясы
2023-жылдын 10-май № 19
“Гавриловка айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты А.М.Молдоканованын 2023-жылдын 8-февралындагы “Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын” курамынан чыгаруу боюнча жазган арызынын жана Д.М.Адылбаевдин 2023-жылдын 10-майындагы “Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына” киргизүү боюнча жазган арызынын негизинде жана туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде туруктуу комиссияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Гавриловка айылдык кеңешинин төрагасы А.Т.Ибраимовдун маалыматын угуп жана таалкулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдоканова Анара Михайловна - жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
2. Адылбаев Дыйканчы Маткеримович - жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин жана туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Т. Ибраимов |