Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын 13 (кезектүү) сессиясы
2023-жылдын 10-майы № 21
“Гавриловка айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты К.Дж.Ибраимовдун 2023-жылдын 10-майында жазган арызынын негизинде мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизүү жөнүндө Гавриловка айылдык кеңешинин төрагасы А.Т.Ибраимовдун маалыматын угуп жана таалкулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ибраимов Качкымбек Джапралиевич - Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилип бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Т. Ибраимов |