Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 35-отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 21-январы № 35-9
2022-жылдын 30-июлундагы 32-отурумдун №32-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин “Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылында жайгашкан “”Достук” көчөсүндөгү М.Карабаевден, К.Осмоналиевге чейин Улуу Ата Мекендик согущтун катышуучусу жана эмгектин ардагери Эшматов Кубаталинин ысымын берүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 30-июлундагы 32-отурумдун №32-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү билдирүүгө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин “Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылында жайгашкан ”Достук” көчөсүндөгү М.Карабаевден, К.Осмоналиевге чейин Улуу Ата Мекендик согущтун катышуучусу жана эмгектин ардагери Эшматов Кубаталинин ысымын берүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 30-июлундагы 32-отурумдун №32-4 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. “Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылында жайгашкан ”Достук” көчөсүндөгү М.Карабаевден, К.Осмоналиевге чейин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгектин ардагери Эшматов Кубаталинин ысымын берүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 30-июлундагы 32-отурумдун №32-4 токтомунун 1-пунктундагы “Эшматов Кубаталинин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин” деген сөздүн ордуна “Достук көчөсүнүн Карабаев Мамадалиден Осмоналиев Кубаталиге чейин Эшматов Кубаталинин ысымына өзгөртүлсүн” деген сөздөр менен ашмашылсын .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жолдошовго жүктөлсүн.
Төрага: | Н. Жолдошов |