Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышы
2024-жылдын 12-мартындагы №4
“Кыдыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү”
мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө”, 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө”, 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ №24 “Пилоттук режимде жүргузүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу Жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. “Теплоключенка айыл өкмөтү” мекемеси, “Кереге-Таш айыл өкмөтү” мекемеси жана “Эңилчек айыл өкмөтү” мекемеси бириктирилип, “Кыдыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Кыдыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси
- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмоту айылного аймака Кыдыр Аке”
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Кыдыр Аке айыл өкмөтү» М-и.
- Расмий тилде: У-е “Кыдыр Аке айыл окмоту"
2. “Кыдыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Жобосу бекитилсин.
3. Өткөрүп берүү актысы бекитилсин.
4. «Кыдыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык
дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Ленин көчөсү №154 аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
6. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков
Кыдыр Аке айыл аймагынын
жергиликтүү кеңешинин
2024-жылдын 12-мартындагы
№4 токтому менен бекитилди
1. Жалпы жоболор
1. Айыл өкмөтүнүн ушул жобосу аны юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн ишин регламенттейт.
2. Айыл өкмөтү тиешелүү айыл аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп эсептелет жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары, банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери болот.
Айыл өкмөтүнүн толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “ Кыдыр Акеайыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси;
- расмий тилде: Учреждение “Айыл окмоту айылного аймака Кыдыр Аке”.
Айыл өкмөтүнүн кыскартылган расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыдыр Акеайыл өкмөтү” м-и;
- расмий тилде: У-е “Кыдыр Аке айыл окмоту”
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Ленин көчөсү 154.
4. Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамына ылайык, айыл өкмөтү өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Айыл өкмөтүнүн мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
6. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
- Айыл өкмөтүнүн ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
7. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби, айыл өкмөтүнүн ишинин финансылык-экономикалык негиздери жана башка уюштуруу, укуктук, финансылык жана мүлктүк маселелер “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
8. Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.
9. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
10. Айыл өкмөтү өз ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча - тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
11. Документтер менен иштөөнү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы ишти документтик жактан камсыз кылуу боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде айыл өкмөтүнүн регламенти менен белгиленет.
3. Айыл өкмөтүнүн актыларынын милдеттүүлүгү
12. Айыл өкмөтүнүн атынан актыларды (чечимдерди) айыл өкмөтүнүн башчысы токтом жана тескемелер формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
13. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.
14. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
15. Айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбөөгө тийиш.
16. Айыл өкмөтүнүн чечимдери тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
4. Айыл өкмөтүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
17. Айыл өкмөтүнүн мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айыл өкмөтүнүн алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
18.Айыл өкмөтүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5. Корутунду жоболор
19. Ушул жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен киргизилет.
“Кыдыр Аке айыл аймагынын
айыл өкмөтү” мекемесинин башчысы Т.Ш.Кобонбаев