Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXV сессиясынын

2024-жыл 29-январы №505

 

“Болуш айылындагы машыгуучу залга жетишсиз болгон инвентарларды алып берүү жөнүндө”

Болуш айылындагы машыгуучу залга жетишсиз болгн инвентарларды алып берүү зарылчылыгы жөнүндөгү залдын тренери Ж.Ташболотовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Болуш айылындагы машыгуучу залга жетишсиз болгон инвентарларды алып берүү үчүн 270 740 (эки жүз жетимиш миң жети жүз кырк) сом   акча каражаты  01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

  1. .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.