Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXV сессиясынын

2024-жыл 29-январы №506

 

“Тажик-Ооган тынчтыгын орнотуу согушунун ардагерлер кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилөө жөнүндө”

Тажик-Ооган тынчтыгын орнотуу согушунун ардагерлер кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилөө үчүн Жалал-Абад шаарына барып келүүгө акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Тажик-Ооган тынчтыгын орнотуу согушунун ардагерлеринин атынан Н. Маматкадыровдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Тажик-Ооган тынчтыгын орнотуу согушунун ардагерлер кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилөө үчүн Жалал-Абад шаарына барып келүүгө 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
  3. .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.