ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXV сессиясынын
2024-жыл 29-январы №508
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы селканаларды тазалоо, сүрдүрүү жумуштарын аткаруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы селканаларды тазалоо, сүрдүрүү жумуштарын аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого акча каржатын карап берүү жөнүндөгү КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы селканаларды тазалоо, сүрдүрүү жумуштарын аткаруу үчүн 2000 000 (эки миллион ) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |