Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXV сессиясынын

2024-жыл 29-январы №509

 

“Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган калктын аярлуу катмарына, турмуш шарты оор жарандарга кышка карата кийим-кечек, көмүр алып берүү жөнүндө”

Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган калктын аярлуу катмарына, турмуш шарты оор жарандарга кышка карата кийи-кечек, көмүр алып берүү зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган калктын аярлуу катмарына, турмуш шарты оор жарандарга кышка карата кийим-кечек, көмүр алып берүү үчүн  1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом  акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

.

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.