Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 18-сентябры № 96/XXVI-28
"Я.Я.Ваккер атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин терезе алмаштыруу жөнүндө"
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевдин жана Люксембург айыл аймагынын ИАС ИК төрагасы М. К. Джаманкулованын айыл аймагы боюнча КК АИД- 3түн алкагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жана кичи долбоор “Я.Я.Ваккер атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин терезе алмаштыруу жөнүндө" 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Я.Я.Ваккер атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин терезе алмаштыруу жөнүндө" кичи долбоору(долбоорлору) 4678126 сом, анын ичинде АРИСтин гранты 4678126 сом суммасында бекитилсин.
2. 2023-жылдын Люксембург айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планындагы инвестициялык планына "Я.Я.Ваккер атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин терезе алмаштыруу жөнүндө" кичи долбоор киргизилсин.
3. Кичи долбоордо көрсөтүлгөн объектилердин техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен чыгымдар бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысы долбоор алдындагы сунуштарды жана тиешелүү долбоордук документтерди АРИСке өз убагында тапшырууну камсыз кылсын.
5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шайлдабеков |