Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 13-сессиясынын

 

2023-жылдын 30-январындагы № 13-18

 

Ак-Коргон айыл аймагында Жергиликтүү жамааттардын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө

Ак-Коргон айыл аймагында Жергиликтүү жамааттардын ишмердүүлүгүн уюштуруу жана укуктук негиздерин бекемдөө максатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 13- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын типтүү уставы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

 

2. Айыл аймактын жергиликтүү жамаатынын типтүү Уставын жер-жерлерде жамааттарга түшүндүрүү иштерин алып барууну айыл өкмөткө милдеттендирилсин.

 

3. Устав Ак-Коргон айыл аймагында колдонулсун жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналсын.

 

4. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.

 

6. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин укутук маселелер жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.Хамракулов