Загрузка документа…
| 5-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735, 2026-жылдын 17-июлундагы № 492 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү, ветеринария, жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү, ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, анын ичинде диагностикалык, дезинфекциялоочу, дератизациялоочу, дезакарициддик каражаттарды (мындан ары -ветеринардык багыттагы каражаттар) жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо, тоют менен камсыздоону координациялоо жана мониторинг жүргүзүү, мал чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат, анын аймактык бөлүмдөрү жана мекемелери юридикалык жак болуп саналат. Кызмат мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштейт, өз алдынча балансы, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
5. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Служба ветеринарии, развития животноводства, пастбищ и кормов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ВМЧӨЖТК";
- расмий тилде: "СВРЖПК".
6. Кызматтын юридикалык дареги: 720040, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96б.
7. Кызмат өз ишин Министрликтин жетекчилиги астында жүргүзөт, өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, коомдук, илимий уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет.
2-глава. Кызматтын максаты жана милдеттери
8. Кызматтын максаты адам жана жаныбарлар үчүн жалпы илдеттерден калктын саламаттыгын коргоону, эпизоотиялык бакубаттыкты, ветеринардык-санитардык коопсуздукту, ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу, мал чарба тармактарында эпизоотиялык бейпилдикти камсыз кылуунун илимий негиздерин иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүү, ошондой эле жаныбарларды тоют менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү үчүн жайыт экосистемаларын жана алардын инфратүзүмүн, жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо жана өркүндөтүү болуп саналат.
9. Кызматтын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- адам жана жаныбарлар үчүн жалпы илдеттерден калктын саламаттыгын коргоо;
- жаныбарлардын саламаттыгын ылаңдардан коргоо жана эпизоотиялык бакубаттыкты камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу жана экзотикалык ылаңдарынын киришинен жана жайылышынан коргоо;
- бирдиктүү ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келбеген көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) ташып киргизүү, ташып чыгаруу, реэкспорттоо жана транзит менен өткөрүү эрежелерин бузуунун алдын алуу жана бөгөт коюу;
- ветеринардык-санитардык абалды изилдөө жана баалоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы илдеттердин, ошондой эле тамак-аштан уулануулардын пайда болуу жана жайылуу себептерин жана шарттарын аныктоо;
- ветеринардык илимди, базалык жана үзгүлтүксүз ветеринардык билим берүүнү өнүктүрүү;
- ветеринария боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер боюнча милдеттерди аткаруу;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча ветеринария, эпизоотиялык коопсуздук чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусун түзүү жана өнүктүрүү;
- ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу;
- ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүнү, экспорттоону жана импорттоону мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу;
- ветеринардык дары каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатын баалоо, каттоону жана мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана тоюттарды декларациялоо;
- жергиликтүү жамааттарды активдүү тартууга негизделген жайыттарды туруктуу башкарууну жана натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу;
- асыл тукум мал чарбасын өндүрүүнү жогорулатуу жана анын продукциясын ички жана тышкы рыноктордо сатуу;
- өндүрүлүүчү жана сатылуучу мал чарбасынын асыл тукум продукциясынын сапатын жогорулатуу жана ассортиментин кеңейтүү;
- мал чарбасын жана жайыттарды жакшыртуу жаатындагы өндүрүш практикасына илимдин жана техниканын жетишкендиктерин киргизүү;
- жаныбарларды тоют менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;
- жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча чараларды, ошондой эле жаныбарлардын инфекциялык, инвазиялык жана жугушсуз ооруларына каршы күрөшүү стратегиясынын илимий негиздерин иштеп чыгуу багытында илим-изилдөө, илимий-билим берүү жана өндүрүштүк иш;
- тармактардын ветеринардык бакубаттуулугун туруктуу камсыз кылуу максатында жаныбарлардын, канаттуулардын, аарылардын жана балыктардын инфекциялык, инвазиялык жана жугушсуз ооруларын диагностикалоо, атайын профилактикалоо, дарылоо үчүн биологиялык препараттардын биотехнологияларын, методдорду жана каражаттарды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
- жаңы диагностикалык тест-системаларын, профилактикалык, дарылоочу препараттарды, аларды пайдалануунун инновациялык технологияларын иштеп чыгуу жана өңдүрүшкө ишке киргизүү;
- республика аймагында жүгүртүлүүчү вакциналарга жана башка ветеринардык препараттарга техникалык атайын багыттарды иштеп чыгуу;
- айыл чарба, жапайы жана үй жаныбарларынын, канаттуулардын, аарылардын, балыктардын арасында эпидемиологиялык бейпилдикти колдоо боюнча инфекциялык жана инвазиялык оорулар боюнча эпизоотиялык мониторингдин улуттук программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгуу;
- биологиялык препараттарды жасоо үчүн өстүрүлгөн микробдордун жана вирустардын штаммдарын изилдөө, селекциялоо, колдоо жана сактоо;
- ветеринардык илимдин жетишкендиктерин айыл чарба практикасына жайылтуу жана киргизүү, стажировкаларды, консультациялык кызматтарды уюштуруу, ветеринардык медицинанын актуалдуу маселелери боюнча илимий эмгектерди жана сунуштарды жайылтуу;
- ветеринардык медицина жаатында биргелешкен инновациялык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий борборлору менен кызматташуу;
- эпизоотияга каршы иш-чаралардын планына ылайык жаныбарлардын ылаңдары боюнча активдүү мониторинг жүргүзүү;
- жаныбарлардын дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан айрым ооруларга статус алуу үчүн стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү.
3-глава. Кызматтын функциялары
10. Кызмат төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо, сертификаттоо жана алардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды, статистикалык жана эсептик маалыматтардын, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын чыгуу жана жайылуу мүмкүндүгүнүн илимий негизделген божомолдорунун негизинде жаныбарлардын, канаттуулардын, балыктардын, аарылардын, өсүмдүктөрдүн ылаңдарын алдын алуу жана жоюу боюнча профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар пландарын ишке ашыруу жана контролдоо;
- жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууда айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу келишимдик негизде ветеринардык практикага укуктуу жактарга берүү;
- жаныбарлардын өзгөчө кооптуу ылаңдарын профилактикалоо, диагностикалоо жана жоюу боюнча ветеринардык иш-чараларды уюштуруу жана камсыз кылуу;
- ветеринардык зоналарга бөлүү жана аймактарды компартментализациялоо;
- жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылын эсепке алуу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тартиби белгиленген ветеринардык багыттагы, анын ичинде шашылыш сатып алуу үчүн биопрепараттардын резервдик фондун түзүү;
- активдүү жана пассивдүү эпизоотиялык мониторингди, ошондой эле көзөмөлгө алынган продукциянын сапатына мониторингди уюштуруу жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык-санитардык тобокелдиктерди башкаруу;
- тоют менен камсыз болууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү, мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу (анын ичинде жайыт ресурстарын бөлүштүрүү, пайдалануу жана жакшыртуу боюнча) жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу жаатында мамлекеттик жөнгө салуу чаралары жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана Министрликке киргизүү;
- тармактык илимий-изилдөө институттары жана жогорку окуу жайлары менен биргеликте тоют менен камсыз болууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү, мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү жаатындагы келечектүү пландарды жана иш-чараларды, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды иштеп чыгуу;
- жайыттарды туруктуу башкарууну, пайдаланууну жана жакшыртууну өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- Министрликке айыл чарба жаныбарларын породалык райондоштуруу боюнча сунуштарды киргизүү;
- эл аралык практикада кабыл алынган жол-жоболордун жана эрежелердин алкагында Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча инвестициялык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу;
- Министрликке тоют менен камсыз кылуу, мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу маселелери боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо боюнча сунуштарды киргизүү;
- мал чарбасын жана жайыттарды илимий-изилдөө институту менен биргеликте селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүү, деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү ыкмаларын иштеп чыгуу, жайыттардын деградациялануу даражасын белгилөө жана анын алдын алуу чараларын көрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- жайыттардын абалын жана сапатын баалоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн мамлекеттик стандарттарынын, методдорунун долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү программаларын жана мыйзам актыларын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- айыл чарба жаныбарларынын саламаттыгын сактоо боюнча илимий жактан негизделген стратегияларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын региондорунда айыл чарба жана үй жаныбарларынын инфекциялык жана инвазиялык оорулары боюнча эпизоотиялык мониторинг жүргүзүү программаларын жана методикаларын иштеп чыгуу;
- жаныбарлардын инфекциялык жана инвазиялык ооруларын диагностикалоо, алдын алуу жана дарылоо боюнча биотехнологияларды өркүндөтүү;
- оорулардын өзгөчө кооптуу козгогучтарын аныктоо үчүн дарылоо-алдын алуу препараттарын жана диагностикалык тест-системаларды иштеп чыгуу;
- жаныбарлардын организмдеринде иммундук фондун жаралуу интенсивдүүлүгү боюнча ветеринардык препараттардын натыйжалуулугун изилдөө;
- ветеринардык муктаждыктар үчүн биологиялык материалдардын сапатын баалоо;
- ветеринардык адистердин, жаныбарлардын ээлеринин инфекцияларды жана инвазияларды алдын алуунун заманбап методдорун өздөштүрүү боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу программаларын уюштуруу жана өткөрүү;
- мал чарба объекттериндеги инфекцияларды жана инвазияларды контролдоо жана алдын алуу методдорун алардын өзгөчөлүгү, натыйжалуулугу боюнча өркүндөтүү;
- жаңы муундагы ветеринардык препараттарды, вакциналарды жана иммунобиологиялык каражаттарды иштеп чыгуу;
- илимий жетишкендиктерди жана алдынкы тажрыйбаны ветеринардык практикага киргизүү;
2) жөнгө салуу функциясы:
- региондорго бөлүштүрүү жана компартментализациялоо, ветеринардык контролдоодо лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүнү уюштуруу эрежелерин бекитүү;
- алдын алуу жана эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү;
- көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) экспорттоого, импорттоого, реэкспорттоого жана эл аралык транзиттөөгө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтерди берүү;
- жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продукттарга ветеринардык-санитардык экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү;
- жаныбарлардын ылаңдарына диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- зарыл болгон учурларда эпизоотияны жоюу боюнча экспедицияларды уюштуруу;
- көзөмөлгө алынган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө (аймактан ташып чыгууга), ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөгө Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун жазуу жүзүндөгү уруксатын берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаныбарлардын өзгөчө кооптуу ылаңдарынын тизмегин аныктоо;
- ветеринардык дары каражаттарынын өзгөчө запасын топтоо, пайдалануу жана эсептен чыгаруу тартибин иштеп чыгуу;
- жаныбарлардын өзгөчө кооптуу ылаңдарынын коркунучунда жана келип чыкканда карантинди киргизүү, алып салуу тартибин жана башка чектөөчү чараларды аныктоо;
- башка өлкөлөрдүн ветеринардык-санитардык чараларынын эквиваленттүүлүгүн таануу;
- Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын ылаңдарынын кирүү жана/же жайылуу коркунучу болгон учурда көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) ташып келүү жана ташып чыгуу боюнча убактылуу чектөө чараларын киргизүү;
- ветеринария, анын ичинде жаныбарлардын саламаттыгын сактоо, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү, ветеринардык дары каражаттары, тоюттар жана тоют кошулмалары жаатындагы актыларды, техникалык регламенттерди, ветеринардык-санитардык талаптарды, эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды иштеп чыгууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарында каралган тартипте ветеринардык талаптарга шайкештик жөнүндө корутундуларды берүү менен объекттерди куруу, долбоорлоо, реконструкциялоо үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча архитектура органдарынын суроо-талаптарын кароо;
- ветеринардык дары каражаттарын, тоют кошулмаларын, ветеринардык багыттагы каражаттарды мамлекеттик каттоону, сапатын баалоону жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашыруу;
- ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык багыттагы каражаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
- ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды, тоют кошулмаларын жана ветеринардык багыттагы каражаттарды өндүрүүнүн (даярдоонун), сактоонун, дүң жана чекене сатуунун шайкештигин баалоо;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун кошпогондо, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү ветеринардык дары каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатына, коопсуздугуна, натыйжалуулугуна, стандарттардын, техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келишине экспертиза жүргүзүү;
- ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүгө (даярдоого) жана сатууга лицензиялоону жүзөгө ашыруу;
- жайыттарды деградациядан, суу эрозиясынан, селден, жер көчкүдөн, суу каптоодон, сазга айлануудан, кургап калуудан, шор басуудан коргоо жана бузулган жайыттарды рекультивациялоо боюнча чараларды ишке ашыруу;
- чарбалык субъекттерге асыл тукум чарбасы статусун ыйгаруу жөнүндө күбөлүк берүү, бардык түрдөгү жаныбарлардын линияларынын, түрлөрүнүн жана породаларынын катологун жүргүзүү;
- асыл тукум продукциясына эксперттик корутундуларды берүү;
- айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын жаңы породаларын, порода ичиндеги түрлөрүн, линияларын, түркүмүн жана кроссторун мамлекеттик апробациялоо жана сыноолорду жүргүзүү;
- асыл тукум жаныбарларынын жана канаттуулардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
3) төмөнкүлөрдү контролдоо функциясы:
- мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык контролдоо жүргүзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы жугуштуу илдеттердин козгогучтарынын киришине жол бербөөнү;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык эл аралык почта мекемелери тарабынан убактылуу сактоо кампаларындагы көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) ташууда ветеринардык-санитардык нормалардын жана талаптардын сакталышын;
- белгиленген талаптарга ылайык ветеринардык контролго алынууга тийиш болгон, колдонууга жана эркин сатууга жараксыз продукттарды (чийки затты) чогултуу жана утилдештирүү боюнча тартиптин сакталышын;
- көзөмөлгө алынган продукцияны жүгүртүүнүн бардык этаптарында ветеринардык-санитардык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу максатында менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар тарабынан ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин жана башка документтердин талаптарынын аткарылышын;
- ветеринардык контролдоо пункттарында, убактылуу сактоочу кампаларда жана бажылык тариздөө жайларында көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) экспорттоодо, импорттоодо, реэкспорттоодо жана транзиттөөдө ченемдердин жана регламенттердин сакталышын;
- ветеринардык чектөөчү жана карантиндик иш-чаралар жаатындагы талаптардын аткарылышын;
- жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган кайра иштетилбеген тамак-аш продукциясын өндүрүүдө, сактоодо жана сатууда ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүнү уюштурууну;
- жаныбарларды ылаңдардан коргоонун иммунобиологиялык препараттарынын, жабдууларынын, инструментарийинин, дарылоочу, дезинфекциялоочу жана башка коргоо каражаттарынын резервин түзүүгө муктаждыкты аныктоону;
- жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын пайда болушун жана жайылышын болтурбоо боюнча диагностикалык, алдын алуу, ветеринардык-санитардык иш-чараларды, ошондой эле аларды жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактарды;
- ветеринардык лабораториялардын ишин, оору козгогучтарды лабораториялык диагностикалоонун сапатын, жаныбарлардын ылаңдарынын пайда болуусунун, өтүүсүнүн жана жайылуусунун себептерин жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөнү;
- жаныбарларды, канаттууларды, тузсуз суудагы балыктарды, арыларды сатууга жана аларды ташууга байланышкан ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында микробдорго каршы резистенттүүлүктү (жаныбарлардагы микробдорго каршы препараттарды, ошондой эле жаныбарлардан алынган кайра иштетилбеген тамак-аш продукциясын күтүүнү жана колдонууну);
- соода түйүндөрүндөгү жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукттарга клиникалык, диагностикалык, дарылоо-алдын алуучу, ветеринардык-санитардык, пландуу эпизоотияга каршы иш-чараларды, ошондой эле ветеринардык-санитардык экспертизаларды жүргүзүүнү;
- жаныбарлардын өзгөчө кооптуу, карантиндик жана сырттан кирүүчү ылаңдарынын очокторун алдын алууда, диагностикалоодо, локалдаштырууда жана жоюуда эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү;
- тоюттардын бардык түрлөрүн ташып келүүнү жана ташып чыгууну контролдоону;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды пайдалануунун жылдык пландарын иштеп чыгууну жана аткарууну;
- асыл тукум иши, жайыттарды сарамжалдуу, натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу боюнча контролдоону уюштуруу жана чараларды көрүү маселелери боюнча башка министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүүнү;
4) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциясы:
- тоют менен камсыз болууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү, мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды пайдаланууну башкаруу жана жакшыртуу маселелери боюнча чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана илимий мекемелер менен кызматташууну жүзөгө ашыруу;
- тоют менен камсыз болууну координациялоо, мониторинг жүргүзүү;
- жаныбарлар үчүн тоюттарды даярдоонун жана ага болгон керектөөнүн көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды талдоо, чогултуу жана эсепке алуу;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды пайдалануунун жылдык пландарын колдонууга мониторинг жүргүзүү;
- асыл тукум иши субъекттеринин ишин мамлекеттик текшерүү жана мониторинг жүргүзүү;
- селекциялык жана асыл тукум ишин эсепке алууну жүргүзүү;
- бардык чарбалык субъекттер тарабынан жайыттардын натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарылышына, пайдаланылышына жана жакшыртылышына мониторинг жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын жайыт пайдалануучулар ассоциацияларынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ишине мониторинг жүргүзүү;
- асыл тукум малдын санына жана анын өндүрүмдүүлүгүнө, анын ичинде айыл чарба жаныбарларына мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо;
- айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пункттарынын ишине мониторинг жүргүзүү;
- "Кыргызмамасылтукумзаводу" мамлекеттик ишканасынын асыл тукум ишин жүргүзүүнү уюштуруу;
5) кызматтарды көрсөтүү функциясы:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
- мамлекеттик асыл тукум заводдору иштеген зоналарда асыл тукум материалдарын сатуу;
6) колдоо функциясы:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, кызыкдар министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга эпизоотиялык кырдаалдын өзгөрүшү жана ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдоо;
- диагностикалоонун жана экспертизалоонун заманбап, илимий негизделген методдорун иштеп чыгуу, пайдалануу жана киргизүү;
- юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча ветеринария жаатындагы өндүрүштүк ишканаларга жана уюмдарга өндүрүштүк контролдоо программаларын иштеп чыгууда жана аларды ишке киргизүүдө консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүү;
- Кызматтын кызматкерлеринин жана жеке ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатуу;
- ветеринардык кызматтарды көрсөтүү боюнча жеке ветеринардык дарыгерлердин ишин жана ветеринардык тейлөө чөйрөсүндөгү атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттер менен өз ара аракеттенүү;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин илимий-изилдөө мекемелери менен кызматташуу;
- массалык ууланууларды (көзөмөлгө алынган объекттерге байланышкан), эпидемияларды, эпизоотияларды, табигый кырсыктарды, экологиялык кыйроолорду жана адамдын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү үчүн коркунучтуу башка өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышуу;
- бюджеттик ассигнованиелердин, гранттардын жана долбоорлордун эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык ресурстарды бөлүштүрүү;
- муздак чынжырчаны сактоо менен ветеринардык дары каражаттарын жеткирүүнү камсыз кылуу;
- Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин отчетторун кабыл алуу, алардын ишин талдоо жана аныктыгын текшерүү;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коммуникацияны ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарына ылайык берилген мамлекеттик айрым ыйгарым укуктардын (аутсорсинг) жана/же мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы, жеке ветеринарлардын ассоциациясы жана алардын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен кызматташуу;
- рекламацияларды кароо, маалыматтарды чогултуу, ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын колдонуунун натыйжасындагы терс таасир этүүлөрдү жана алардын өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн талдоо жана корутунду берүү;
- жаныбарлар үчүн ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын өндүргөн ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди эсепке алууну жүргүзүү;
- ветеринардык биологиялык препараттардын жана тоют кошулмаларынын эталондорун, стандарттык үлгүлөрүн, ветеринарияда колдонулуучу микроорганизмдердин штаммдарынын улуттук коллекцияларын сактоо;
- ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн адистерди даярдоону жана кайра даярдоону уюштуруу;
- ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын сертификаттоо боюнча методдорду өркүндөтүү;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу;
- тоют менен камсыздоо, мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартууда чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү;
- мал чарбасын жана асыл тукум ишин жүргүзүүнүн, жайыттарды башкаруунун, пайдалануунун жана жакшыртуунун негиздери жөнүндө билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштуруу, ошондой эле конкурстарды, көргөзмөлөрдү, семинарларды, тренингдерди, окууларды жана тегерек столдорду өткөрүү;
- тоют менен камсыздоо, мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу маселелери боюнча эки тараптуу, көп тараптуу, мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларды, келишимдерди ишке ашырууну камсыздоого катышуу;
- жайыттарды башкарууда, пайдаланууда жана жакшыртууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына техникалык жана башка колдоо көрсөтүү;
- жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- тоют менен камсыздоо, мал чарбасын, анын ичинде асыл тукум мал чарбасын жүргүзүү, жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу чөйрөсүнө инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү;
- асыл тукум жаныбарларынын жана асыл тукум материалынын көргөзмөлөрүн жана аукциондорун уюштуруу;
- жайыт ресурстарын туруктуу башкаруу, сарамжалдуу пайдалануу жана натыйжалуу жакшыртуу боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
- мал чарбасынын чарбалык субъекттерин асыл тукум материал менен камсыздоого көмөк көрсөтүү;
- илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жетишкендиктерди фермердик, дыйкан чарбаларынын практикасына киргизүү жана аларга зарыл болгон консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү, асыл тукум иштин жүргүзүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу жаатында маалыматтык кызматтарды көрсөтүү жана окутууларды өткөрүү;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана статистикалык маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун, талдоонун жана жайылтуунун талаптагыдай системасын түзүү;
- тоют менен камсыздоо, мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу жаатында маалымдама жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу, басып чыгаруу жана ишке ашыруу;
- Министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча кызматка төмөнкүдөй маалыматтарды берүү:
1) ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиш болгон товарлардын экспорту, импорту, транзити боюнча маалымат;
2) ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиш болгон жаныбарлардын, товарлардын ылаңдарына лабораториялык изилдөөлөр, анын ичинде азык-түлүк базарларында ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү жөнүндө маалымат;
3) эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө, анын ичинде оорулар боюнча лабораториялык изилдөөлөргө мониторинг жүргүзүү жөнүндө маалымат;
4) убактылуу чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө маалымат;
5) лабораториялык изилдөөлөрдө эреже бузуулар аныкталгандыгы жөнүндө маалымат;
6) берилген ветеринардык сертификаттар, ветеринардык күбөлүктөр жана башка ветеринардык-коштоочу документтер жөнүндө маалымат;
7) айыл чарба жаныбарларына идентификация жүргүзүү жөнүндө маалымат;
- Министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматына "Электрондук башкаруу жөнүндө" жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен мамлекеттик чек арада көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) ташып киргизүүгө, ташып чыгарууга, транзиттөөгө уруксат берүүгө, ветеринардык-коштоочу документтерди берүүгө, лабораториялык изилдөөгө, айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого, эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө, лабораториялык изилдөөлөрдү жана ветеринардык контролду жүргүзүүгө байланышкан бардык маалыматтык системаларга жетүү мүмкүндүгүн берет.
4-глава. Кызматтын укуктары
11. Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
- менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардан жана жарандардан мамлекеттик программалардын алкагында жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча, аныкталган ветеринардык-санитардык бузууларды жоюу боюнча ветеринардык-санитардык иш-чараларды өткөрүүнү талап кылууга;
- ветеринардык контролдоо пункттарында, убактылуу сактоо кампаларында жана бажылык тариздөө жайларында бажы жол-жоболорунан өткөнгө чейин ветеринардык уруксат берүүчү документтерди берүү менен көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) кароого жана текшерүүгө;
- объектке карата коюлуучу ветеринардык-санитардык ченемдер жана эрежелер сакталбаган, көзөмөлгө алынган продукцияны, товарларды эксплуатациялоо, сактоо, ташуу жана сатуу шарттары бузулган учурда уруксат берүүчү документтерди берген органдарга аларды чакыртып алууга материалдарды жиберүүгө;
- мамлекеттик статистика органдарынан, бажы жана башка органдардан көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү, аймагынан ташып чыгаруу жана транзиттөө жөнүндө статистикалык маалыматтарды жана маалымдарды алууга;
- ветеринардык контролдоого тийиш болгон жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүгө, ташып чыгууга, реэкспорттоого жана транзиттөөгө тыюу салууга;
- бузууларга жол берген жактарды ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө материалдарды сот жана укук коргоо органдарына берүүгө;
- Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин финансылык-чарбалык жана башка иштерин контролдоого;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө комиссияларда тиешелүү маселелерди кароо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде зарыл болгон маселелерди кароо үчүн эксперттерден жана адистерден турган ведомстволор аралык жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө;
- эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга, Министрлик менен макулдашуу боюнча өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди белгиленген тартипте түзүүгө;
- коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- тиешелүү темаларда конкурстарды, семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, илимий-изилдөө институттары менен макулдашуу боюнча көз карандысыз экспертизаларды жүргүзүү үчүн адистерди тартууга;
- зарыл болгон учурда Министрликтин башка бөлүмдөрүнүн жана анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерин, ошондой эле республиканын башка министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун, илимий-изилдөө институттарынын, мекемелеринин жана уюмдарынын өкүлдөрүн тоют менен камсыздоого, мал чарбасын башкарууга жана өнүктүрүүгө, ошондой эле жайыттарды башкарууга, пайдаланууга жана жакшыртууга тиешелүү маселелерди иштеп чыгууга жана кароого тартууга;
- менчигинин түрүнө карабастан асыл тукум ишин жүргүзүү боюнча дистрибьютордук борборлорго мониторинг жүргүзүүгө;
- Кызматтын милдеттерине тиешелүү айрым маселелерди жана проблемаларды иштеп чыгууга жана кароого эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринен жана административдик ведомстволорунан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, бирикмелеринен, ишканаларынан, уюмдарынан, ассоциацияларынан жана илимий мекемелеринен Кызматка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- эл аралык уюмдардан, институттардан жана донор өлкөлөрдөн гранттарды жана техникалык жардамды алууга;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жана башка документтерди белгиленген тартипте даярдоого, кол коюуга жана ишке ашырууга катышууга;
- илимий-изилдөө жана ишке киргизүү иштеринин келечектеги жана учурдагы пландарынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды ишке ашырууга;
- иш профилине шайкеш келген изилдөө иштерин аткарууну материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырууга;
- илимий-эксперименталдык базада вакциналардын, дарылоо-алдын алуу препараттарынын, азыктандыруучу чөйрөлөрдүн тажрыйбалык үлгүлөрүн өндүрүүгө жана аларды лабораториялык жаныбарларга сыноо жүргүзүүгө;
- жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий борборлорунда илимий кызматкерлердин чет өлкөлөргө иш сапарларын, окууларын жана стажировкаларын уюштурууга;
- белгиленген тартипте чет өлкөлүк илимий уюмдар менен илимий кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүүгө;
- ар кандай уюмдар, ишканалар жана өндүрүштүк бирикмелер менен илимий-изилдөө жана ишке киргизүү иштерин аткарууга жана каржылоого иштин профили боюнча келишим түзүүгө;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүштөгү ветеринардык препараттарды, реактивдерди сатып алуу жана сатуу боюнча тендерлерге катышууга.
5-глава. Кызматтын ишин уюштуруу
12. Кызматты бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору болуп саналган директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Кызматтын директору жок учурда анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
Кызматтын уюштуруу-тескөөчү документтери Кызматтын директорунун буйругу менен бекитилет.
13. Кызматтын директору:
- Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын белгиленген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде министрдин бекитүүсүнө киргизет;
- Кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө документтерге белгиленген тартипте кол коёт;
- Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин түзүмүн бекитет, аны өзгөртүү Кызматтын милдеттерин жана функцияларын өзгөртүү менен гана байланыштуу болушу мүмкүн. Мында директорду дайындоо Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- Кызматтын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге кол коёт;
- Кызматтын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- аймактык бөлүмдөргө жана мекемелерге тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Кызматтын директорунун орун басарларынын ортосунда укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрөт;
- Кызматтын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кызматтын кадрлар резервин түзүү боюнча ишти уюштурат;
- Кызматтын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча ыкчам чара көрүү комиссиясын түзөт;
- Кызматтын кызматкерлерине сый акы берүү жөнүндө маселени чечет;
- Кызматтын кызматкерлерин Министрликтин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизет;
- Кызматтын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин жана ведомстволордун сыйлыктары жана Министрликтин сыйлыктары жана төш белгилери менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө Министрликке сунуш киргизет;
- Министрликтин кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык Кызматтын борбордук аппаратынын кызматкерлерин жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана ээлеген кызмат ордунан бошотот. Мында Кызматтын райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо, которуу, ротациялоо жана бошотуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары – акимдин орун басары рангындагы Министрликтин тиешелүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги менен макулдашуу боюнча Кызматтын директору тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735, 2026-жылдын 17-июлундагы № 492 токтомдорунун редакциясына ылайык)
14. Кызматтын директору жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен берилген ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырат.
15. Кызматта тиешелүү жумушчу топтор жана комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
16. Мамлекеттик инспекторлордун тизмеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кызматтын директорунун буйругу менен аныкталат жана бекитилет.
17. Кызматтын кызмат белгиленген тартипте бекитилген жазма буйруктардын бланктарын жана отчеттуулук формаларын пайдаланат.
Кызматтын ведомстволук актылары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кызматтын буйругу;
- Кызматтын токтому.
18. Кызматтын аймактык бөлүмдөрү жана мекемелери өз ишин өз алдынча жүргүзөт жана Кызматка түздөн-түз баш иет.
19. Кызматтын кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана жүзөгө ашырылат.
20. Кызматтын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызматтык күбөлүктөрү болот жана алар кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген бирдиктүү үлгүдөгү ведомстволук формалык кийимди кийип жүрүүгө милдеттүү.
21. Кызматтын кызмат адамдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, жарандык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
6-глава. Мүлк жана финансы
22. Кызматтын негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
23. Кызматтын борбордук аппаратын, аймактык бөлүмдөрүн жана мекемелерин күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын эсептерде топтолгон каражаттардын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
24. Кызмат жарандык мыйзамдарга ылайык ыкчам башкаруу укугунда белгиленген тартипте өткөрүлүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарларды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
7-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
25. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
26. Кызматтын иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.