Загрузка документа…
| 9-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты
экспертизалоо боюнча департамент жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменттин (мындан ары – Департамент) ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын жана иш тартибин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) үрөндүк жана сорттук контролдоону, илимий-өндүрүштүк ишти, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продукттарды экспертизалоону, айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн сорттук, себүү жана чарбалык сапаттарын ырастоочу документтерди берүүчү, ошондой эле интенсивдүү багбанчылык жана жүзүмчүлүк жаатында саясатты жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иш жүргүзгөн юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары бар.
6. Департаменттин расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департамент” мекемеси;
– расмий тилде: учреждение “Департамент по экспертизе сельскохозяйственных культур и садоводства при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики”.
Кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: АЧӨБЭД;
– расмий тилде: ДЭСХКС.
Департаменттин юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, А. Токтоналиев көчөсү, 4а.
2-глава. Департаменттин максаттары
7. Департаменттин максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн, көчөт материалдарынын, данды жана аны кайра иштетүү продукттарын сорттук жана себүү сапаттарын экспертизалоо жана баалоо;
– өсүмдүктөрдүн сортторун сыноо жана генетикалык ресурстарын сактоо;
– интенсивдүү багбанчылык жана жүзүмчүлүк жаатында саясатты ишке ашыруу.
3-глава. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөнүнүн жана көчөт материалдарынын сорттук жана себүү сапаттарын контролдоону жүзөгө ашыруу;
– үрөндүк себүүлөргө, мөмө-жемиш питомниктерине жана көчөттөргө талаа инспекциясын, үрөндөрдүн партияларына кыртыштык контролдоону жүргүзүү;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана көчөт материалдарынын себүү сапаттарын, данды жана аны кайра иштетүү продукттарынын сапатын экспертизалоону жүргүзүү;
– интенсивдүү багбанчылык жана жүзүмчүлүк жаатындагы саясатты ишке ашыруу;
– эгин кабыл алуучу ишканаларга жана менчигинин түрүнө карабастан башка чарбакер субъекттерине келип түшүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн данын жана аны иштетүү продукттарынын (ун, улпак, калдыктар) сапатын экспертизалоо жана мониторинг жүргүзүү;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин, тыт жегич жибек көпөлөгүнүн породаларын, линияларын жана гибриддерин мамлекеттик сыноо жаатында бирдиктүү саясатты ишке ашыруу.
4-глава. Департаменттин функциялары
9. Департамент төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- сорттук ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу жана аларды жарыялоо;
– Департаменттин ишинин чөйрөсүндөгү жоболорду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү жана башка ченемдик документтерди иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;
– Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу жана Министрлик менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте аларды түзүү;
– Үрөндөрдү тестирлөө боюнча эл аралык ассоциацияда (ИСТА), Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча уюмда (ОЕСД), Жаңы сортторду коргоо боюнча эл аралык союзда (УПОВ) Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу;
– сортторду сыноону, коргоону жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоону мамлекеттик колдоо системасын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө катышуу;
– коргоо жөндөмдүүлүгү критерийлери боюнча өсүмдүктөрдүн жаңы сортторунун шайкеш келүүсүнө экспертиза жүргүзүү, өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
– Өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарынын банкында болгон үлгүлөрдү сактоону жана туруктуу жаңыртып турууну колдоо;
– мамлекеттик сорт сыноочу станцияларда жана республиканын мамлекеттик сорт сыноочу участокторунда баштапкы үрөн өстүрүү жана жаңы келечектүү жана дефицит сорттордун үрөндөрүн жана көчөт материалын ылдам көбөйтүү боюнча ишти уюштуруу;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы жогорку түшүмдүү сортторунун жана гибриддеринин үрөндөрүн өндүрүүнү киргизүү боюнча ишти уюштуруу;
– сортторду сыноонун мамлекеттик методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү, маалыматты жыйноонун, талдоонун, сактоонун жана берүүнүн заманбап методдорун киргизүү;
– мамлекеттик материалдык резервге коюлган данды жана аны иштетүүдөн алынган продукттарды толуктоо, жаңылоо, алмаштыруу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
– республикада колдонулган стандарттардын жана техникалык регламенттердин деңгээлине баалоо жүргүзүү, аларды эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык келтирүү боюнча сунуштарды, данды жана аны иштетүүдөн алынган продукттарды кайра иштетүү, башка ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун, ошондой эле аларды кабыл алуу, жайгаштыруу, сактоо, тазалоо жана эсепке алуу нускамаларын иштеп чыгуу;
– айыл чарба өсүмдүктөрүн жана аларды иштетүүдөн алынган даяр продукцияны сактоо, кайра иштетүү, кабыл алуу, берүү, сандык жана сапаттык сактоо, сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын, нускамалардын жана методикалардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
– дандын жана аны иштетүүдөн алынган продукттардын сапатын аныктоонун жаңы методдорун киргизүү жана ишканалардын адистерин ал методдорго үйрөтүү;
2) жөнгө салуу функциялары:
– талаш учурларда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк жана көчөт материалдарынын сапатын аныктоону жүргүзүү;
– үрөн жана көчөт материалдарынын, дан жана дан-буурчак, май, техникалык жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн азык-түлүк, тоют, техникалык данынын пробаларын алууну жүргүзүү;
– үрөн жана көчөт материалдарынын, дан, дан-буурчак, май, техникалык жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн данынын себүү сапатын аныктоо боюнча лабораториялык анализ жүргүзүү жана импорттоо-экспорттоо операцияларында даяр өсүмдүк продукциясынын сапатын аныктоо;
– сыноого алынган сортторду сапаттуу баалоо, анын ичинде нан жасалуучу сапаттарды; жүгөрүнүн жана арпанын данындагы белокту жана крахмалды баалоо; майлуулугун; арпанын сыра жасалуучу сапаттарын аныктоо; мөмө-жемиш жана жашылча өсүмдүктөрүнүн сортторундагы жана гибриддериндеги негизги азык заттарын аныктоо; кант кызылчасынын сортторунан жана гибриддеринен заводдо кант чыгаруунун болжолдуу өлчөмүн аныктоо ж.б.;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк жана көчөт материалдарынын, дан, техникалык, май, жашылча жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн данынын, ошондой эле өсүмдүктөрдөн алынуучу продукттардын сапатын мамлекеттик экспертизалоону камсыздоо;
– үрөндүк себүүлөрдү жана көчөттөрдү каттоо;
– өндүрүш үчүн чарбалык баалуулугун аныктоо максатында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин, тыт жегич жибек көпөлөк породаларын, линияларын жана гибриддерин мамлекеттик сыноону уюштуруу жана өткөрүү;
– Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү, аны жыл сайын басып чыгарууну камсыз кылуу;
– жаңы сортторду пайдаланууга киргизүүгө мамлекеттик сыноолорду, жогорку репродукциядагы үрөндүк айдоолордо талаа инспекциясын, кыртыштык сорттук контролдоону жүргүзүүгө өтүнмөлөрдү кабыл алуу, пландоо жана уюштуруу;
– чарбалык пайдасы мамлекеттик сыноолордун натыйжалары боюнча баалануучу Өсүмдүктөрдүн түркүмүнүн жана түрлөрүнүн тизмесин даярдоо жана Министрликке бекитүүгө киргизүү;
– Министрликке бекитүүгө буудайдын мыкты сортторунун; сапаты боюнча баалуу дан, акшак жана дан-буурчак өсүмдүктөрүнүн сортторунун; арпанын сыра жасалуучу сортторунун; күн караманын май көп алынуучу сортторунун тизмелерин киргизүү;
– бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу дандын жана аны иштетүүдөн алынган продукттардын сандык жана сапаттык сакталышына экспертиза жана мониторинг жүргүзүү;
– бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу данды, башка өсүмдүктөрдү жана аларды иштетүүдөн алынган продукттарды кабыл алуунун, сактоонун жана иштетүүнүн технологиялык нускамаларынын, ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына экспертиза жүргүзүү;
– Департаменттин сыноочу лабораториясынын базасында органолептикалык, техникалык жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү боюнча дандын сапатына тийиштүү корутундуларды берүү менен анализ жүргүзүү;
– Департаменттин региондук башкармалыктарын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору менен биргеликте аккредитациялоо жүргүзүүгө катышуу;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
– Департаменттин региондук башкармалыктарынын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин методикалык жактан жетектөө жана контролдоо;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн себүү сапаттары жөнүндө отчетторду белгиленген тартипте түзүү;
– оригиналдуу, супер элита, элита жана сертификацияланган (1-репродукциядагы) үрөндөргө кыртыштык сорттук контролдоону жүргүзүү;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү жаңы сортторуна жана гибриддерине мониторинг жүргүзүү жана аларды өндүрүшкө киргизүүнү камсыздоо;
– өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарынын абалына мониторинг жүргүзүү жана сактоо;
– консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү;
– эгилме өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрүнүн үлгүлөрүн жыйноо боюнча экспедициялык иштерди жүргүзүү;
– эгилме өсүмдүктөрдүн жана алардын жапайы түрлөрүнүн жаңы сортторун сыноо, каттоо жана алардын өсүмдүк ресурстарынын улуттук коллекциясын толуктоо жаатындагы кызматташтык үчүн ата мекендик жана чет элдик селекциялык мекемелер, эл аралык илимий-техникалык уюмдар, юридикалык жактар жана алардын өкүлдөрү менен байланышты координациялоо;
– селекционерлердин укугун коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын патенттик ведомствосу менен өз ара аракеттенүү;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы түшүмүн аларды себүү, азык-түлүк жана тоют сапаттарына жыл сайын текшерүү;
– бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу дандын, башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана аларды иштетүүдөн алынган продукттардын сандык жана сапаттык сакталышына экспертиза жана мониторинг жүргүзүү;
– унду, ун азыктарын, акшак жана өсүмдүктөрдөн алынган башка продукттарды өндүрүүнүн технологиялык процессин сактоого, айыл чарба өсүмдүктөрүн иштетүүгө, кургатууга, зыянсыздандырууга колдонуудагы мамлекеттик стандарттарга, техникалык регламенттерге, эрежелерге жана нускамаларга ылайык мониторингди жүзөгө ашыруу;
– дандын массасынын жоготууларын эсептеп чыгаруу ченемдерин жана даяр продукцияны (ун) чыгаруу ченемдерин туура колдонууга белгиленген тартипте экспертиза жана мониторинг жүргүзүү;
– данды жана аны иштетүүдөн алынган продукттарды сактоо боюнча технологиялык нускамалардын ишканалар тарабынан сакталышына экспертиза жүргүзүү;
– бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу данды жана аны иштетүүдөн алынган продукттарды кабыл алуу, сактоо, иштетүү ченемдерин жана эрежелерин сактоого экспертиза жүргүзүү;
– сортторго жана гибриддерге бир түрдүүлүгү, айырмаланышы, туруктуулугу боюнча сыноолорду жүргүзүү жолу менен жаңы сорттордун коргоо жөндөмүнүн критерийлерине шайкеш келүүсүнө экспертизаны мамлекеттик селекциялык мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча жүргүзүү жана алар боюнча корутундуларды даярдоо;
– келип түшкөн жана сактоого алынган дандын сапатын менчигинин түрүнө карабастан ишканалар тарабынан туура аныкталуусуна экспертиза жүргүзүү, ошондой эле данды кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү чарбакер субъекттеринин ортосунда сапат маселеси боюнча пикир келишпестиктер орун алган учурда экспертиза жүргүзүү;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
– ылайыктуулук сертификатын (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана көчөт материалдарынын себүү сапаты лабораториялык аныктоонун натыйжалары боюнча республика ичинде берилет), Эл аралык кызгылт-сары сертификатын (ИСТА) берүү (экспорттолуучу үрөн продукциясына берилет);
– сатып алынуучу, коюлуучу жана жөнөтүлүүчү дан жана аны иштетүү продукттарынын сапатына корутунду берүү менен лабораториялык аныктоо (пробанын протоколу);
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын себүү сапатын лабораториялык аныктоо;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук себүүлөргө талаа инспекциясын жүзөгө ашыруу;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
5) колдоо функциялары:
– фермердик жана дыйкан чарбаларга консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
– мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын талааларында жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунда “Талаа күнүн”, жаңы селекциялык жетишкендиктерди жана сорттук агротехниканы көрсөтүү үчүн тейлөөчү зоналарда дыйкан жана фермердик чарбалар үчүн семинарларды уюштуруу;
– ишкананын өндүрүштүк-технологиялык лабораторияларынын ишин уюштурууга көмөк көрсөтүү;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн (көчөт) материалынын сорттук жана себүү сапатына карата ченемдер жаатында стандартташтыруу жана сертификатташтыруу, ошондой эле аларды аныктоо методдорун стандартташтыруу боюнча иштерге методикалык жетекчилик жүргүзүү;
– эгилме өсүмдүктөрдүн жапайы өсүүчү түрлөрүнүн үрөндөрүнүн үлгүлөрүн жыйноо боюнча экспедицияларды уюштуруу;
– маалымат алмашууну жана бар болгон генетикалык ресурстардын электрондук базасын колдонууну камсыз кылуу;
– Департаменттин карамагындагы түзүмдөрдүн илимий-методикалык жана уюштуруу-чарбалык ишин жетектөө;
– өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Департаменттин укуктары
10. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
– үрөн себүүлөрүнө жана көчөттөргө инспекция жүргүзүүгө жана контролдоого, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана көчөт материалдарына документтерди текшерүүгө;
– Департаменттин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды белгиленген тартипте чыгарууга, көрсөтмөлөрдү берүүгө;
– аштык, тоют жана техникалык дандын үрөн жана көчөт материалынан проба алууга жана алардын себүү, аштык жана башка сапаттарын аныктоо максатында тест өткөрүүгө жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жана алардан алынуучу продукттарды экспертизалоо боюнча расмий корутунду берүүгө;
– үрөнгө жана көчөт материалына мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп берүүчү документ берүүгө;
– сорттук үрөндөрдүн өндүрүүчүлөрүн, сатуучуларынын, импорттоочуларынын жана экспорттоочуларынын, ошондой эле үрөндү тазалоо жана таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүчү үрөн ишканаларынын реестрин өз алдынча жүргүзүүгө;
– үрөн себүү жана көчөт отургузуу схемасы, аларды өндүрүү технологиясы бузулган жана белгиленген эрежелерге шайкеш келбеген учурда аларды бракка чыгарууга;
– Департаменттин милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
– патент алуу үчүн мамлекеттик селекциялык мекемелер, жеке жана юридикалык жактар берген арыздарга экспертиза жүргүзүү боюнча расмий корутунду берүүгө;
– сортторду мамлекеттик сыноонун натыйжалары жөнүндө оперативдүү маалыматтарды жана илимий отчетторду алууга;
– илимий документтердин формаларын, методикалык көрсөтмөлөрдү бекитүүгө жана алар менен аймактык түзүмдөрдү камсыз кылууга, нускамаларды, жоболорду, эрежелерди иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
– мамлекеттик органдардан жана менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттеринен үрөн себүүлөр жана көчөттөр, себилүүчү үрөн жана көчөт материалдарынын сапаты жана саны тууралуу зарыл болгон маалыматты суратууга, экспертиза жана мониторинг жүргүзүү үчүн материалдарды жана отчеттук маалыматтарды алууга;
– мурун алынган натыйжа боюнча инспекциялык контролдоо иретинде алынган пробаны тестирлөө көрсөткүчтөрү шайкеш келбеген учурда шайкештик сертификатын жана көчөт материалын жараксыз деп таанууга;
– айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөн жана көчөт материалдары боюнча акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүүгө киргизүү үчүн түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген баалар боюнча Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) ылайык акы төлөмө кызматтарды көрсөтүүгө;
– сортторду сыноого, үрөндү жана материалдык-техникалык ресурстарды жеткирүүгө ата мекендик, чет элдик юридикалык жана жеке жактар менен контракттарды жана келишимдерди түзүүгө;
– экспертиза жана сыноо өткөрүү, ошондой эле келишимдик иштерди аткаруу жана консультациялык-маалыматтык кызматтарды көрсөтүү үчүн мамлекеттик селекциялык мекемелерден, жеке жана юридикалык жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акы алууга;
– бюджеттен тышкаркы алыш-бериш эсептерин, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга жана кирешелерди өз алдынча пайдаланууга, анын ичинде Департаменттин кызматкерлерин сыйлоого жумшоого;
– Департаменттин ишинин максаттарына жана милдеттерине ылайык эл аралык уюмдардын жана мекемелердин, донор өлкөлөрдүн каражаттарын жана гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн өндүрүштүк пландарын бекитүүгө;
– Кыргыз Республикасынын илимий-изилдөө мекемелери, үрөн жана фермердик чарбалары, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар менен макулдашуу боюнча кабыл алынган методика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун жана гибриддерин мамлекеттик сыноону алардын жеринде жүргүзүүгө жана алынган жыйынтыктарды каттоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууга;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана өсүмдүктөрдөн алынган продукттарга анализ жүргүзүү үчүн ишканалардын аккредиттелген лабораторияларын белгиленген тартипте пайдаланууга жана адистерин тартууга;
– ишканалардын жетекчилерине бюджеттик каражаттардын эсебинен сатылып алынуучу айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдү, өсүмдүктөрдөн алынган продукттарды кабыл алууда, иштетүүдө, сактоодо жана сатууда аныкталган бузууларды четтетүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды берүүгө, аныкталган бузуулар жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирүүгө;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнө жана көчөт материалдарына документтерди төмөнкүдөй учурларда бербей коюуга:
Өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестрине киргизилбеген, Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген сортторго жана гибриддерге, эгер аларга Министрликтин өзгөчө уруксаты болбосо;
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн жана көчөт материалын өндүрүү боюнча белгиленген тартипте үрөнчүлүк чарбасынын статусун же аларды даярдоо жана сатуу укугуна уруксат албаган чарбакер субъекттерге;
– айыл чарба өсүмдүктөрүн жана алардан алынган продукттарды мамлекеттик сыноодон өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчеттун формасы, тазалоо актысынын формасы жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо милдеттенмелери боюнча актылардын формасы сыяктуу экспертизалоо боюнча документтердин формаларын бекитүүгө;
– Департаменттин кызматкерлерине консультация берүү жана окутуу үчүн келишимдердин негизинде белгиленген тартипте адистерди тартууга;
– Департаменттин кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга жана көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
– ушул чөйрөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди аткарууга.
6-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
12. Департаментте директордун орун басарынын кызматы каралган, ал “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана Департаменттин ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде уюштурат.
13. Департаменттин директору:
– Департаменттин ишин жалпы жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
– Министрликтин тапшырмаларынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын, ошондой эле Департаменттин компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча зарыл болгон документтерди жана материалдарды даярдоодо Департаменттин кызматкерлеринин катышуусун уюштурат;
– Департаменттин башкаруу түзүмүн, кызматкерлеринин белгиленген санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде штаттык расписаниесин жана чыгымдарынын сметасын министрдин бекитүүсүнө киргизет;
– Департаменттин атынан ишеним катсыз иштейт, анын атынан бардык ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банк мекемелеринде бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы эсептерди ачат, кредиттик жана башка мекемелерде мыйзамдарда каралган операцияларды жүргүзөт. Өзүнүн компетенциясынын чегинде Департамент жана анын аймактык бөлүмдөрү боюнча буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
– Департаменттин кызматкерлерин Департаменттин буйругу менен бекитилген кызмат орундардын номенклатурасына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сыйлоо түрлөрүн колдонот, ошондой эле аларга тартип чараларын көрөт;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Департаментти каржылоо жана анын мүлкү
14. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
15. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда ага белгиленген тартипте өткөрүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
8-глава. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
16. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
17. Департаменттин иши токтотулган учурда документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.