Загрузка документа…
15-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана
инновациялык технологиялар департаменти жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 180 , 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти (мындан ары – Департамент) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) машина-трактордук паркты модернизациялоо жана жаңылоо, айыл чарба өндүрүшүнүн жана айыл чарбасынын кайра иштетүү тармагынын механизациялоо деңгээлин жана техникалык потенциалын жогорулатуу, агрардык тармактын бардык секторлору боюнча энергиянын ресурстарды үнөмдөөчү жаңы булактарын жана инновациялык технологияларды киргизүү, айыл чарба кооперативдерин түзүү, ошондой эле айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө техникаларды жана жабдууларды берүү боюнча лизингдик кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу жаатындагы иштерди аткаруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, республикалык бюджеттен каржыланат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, штампы, мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык бланктары, казыналык системасында атайын жана башка эсептери бар.
5. Департаменттин расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти”;
– расмий тилде: “Департамент кооперации, механизации и инновационных технологий в сельском хозяйстве при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики”.
Кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “АЧКМИТД”;
– расмий тилде: “ДКМИТСХ”.
6. Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 а.
2-глава. Департаменттин ишинин максаттары
7. Департаменттин ишинин максаттары болуп айыл чарба өндүрүшүн механизациялоо, жаңы инновациялык технологияларды киргизүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле айыл чарба техникасынын, кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасын кооперациялоо үчүн машиналардын жана жабдуулардын лизингин өнүктүрүү болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– республиканын айыл чарбасынын техникалык потенциалын жогорулатуу жана негизги каражаттар (айыл чарба техникасы, машиналар жана жабдуулар) менен жаңылоо боюнча иштерди уюштуруу;
– ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба техникасы жана инновациялык технологиялар жаатындагы илимдин жана техниканын жаңы жетишкендиктерине жетүүсүн камсыз кылуу;
– лизингдик жеткирүүлөрдү киргизүү жана пайдалануу менен айыл чарба субъекттеринин зарыл болгон айыл чарба техникасына керектөөлөрүн канааттандыруу максатында тышкы жана ички инвестицияларды тартуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;
– айыл чарба субъекттерин айыл чарба техникасы, айыл чарбасын энергия менен камсыз кылуу жана айыл чарбасында колдонулуучу заманбап инновациялык технологиялар жаатындагы жаңы иштеп чыгуулар жөнүндө маалыматтар жана консультациялар менен камсыз кылуу;
– региондордо машина-трактордук станцияларды жана техникалык сервистик, анын ичинде ведомстволук кызматтарды көрсөтүү субъекттерин түзүү боюнча иштерди уюштуруу.
4-глава. Департаменттин функциялары
9. Департаменттин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- айыл чарба өндүрүшүн механизациялоо деңгээлин, машина-трактордук парктын абалын, кайра иштетүү тармагынын технологиялык машиналар жана жабдуулар менен жабдылышынын деңгээлин изилдейт жана Министрликке тармакты өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет;
- төмөнкүлөр боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизет:
кооперацияларды, мамлекеттик лизингдик программаларды, лизингдик кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча долбоорлорду өнүктүрүү боюнча мыйзамдык базаны, ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жана айыл чарба кооперативдерин, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү тейлөөчү техникалык сервистик кызмат көрсөтүү субъекттерин жана машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча иштерди уюштурат;
айыл чарба субъекттерин айыл чарба техникасы жана кайра иштетүү ишканаларын машиналар жана жабдуулар менен камсыздоонун мамлекеттик программаларынын системасын иштеп чыгуу жана киргизүү;
айыл чарба субъекттеринин зарыл болгон техникага керектөөлөрүн аныктоо, айыл чарба техникасын, машиналарды, жабдууларды жана алардын тетиктерин жана запастык бөлүктөрүн чыгарууга жана жабдууга көмөк көрсөтөт;
жаңы сериядагы же кайра жабдылган жана жаңы кураштырылган айыл чарба машиналарын, чиркегичтерди жана жабдууларды жасоого жана чыгарууга даярдык көрүүдө техникалык регламенттерди, стандарттарды жана эрежелер жыйнагын иштеп чыгуунун жана киргизүүнүн зарылдыгы;
машиналардын конструкцияларын, коргоочу түзүлүштөрүн, механизмдерин жана агрегаттарын өркүндөтүү жана өзгөртүү;
Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана даярдоо;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү тейлөө үчүн агротехникалык сервис ишканаларын жана машина-трактордук станцияларды түзүү;
2) мониторинг функциялары:
- айыл чарбасынын машина-трактордук паркынын, кайра иштетүү ишканаларынын машиналарынын жана жабдууларынын техникалык абалына, пайдаланылышына жана керектөөлөрүнө мониторинг жүргүзөт, сунуштарды иштеп чыгат, киргизет жана зарыл болгон иш-чараларды уюштурат;
- Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө болгон автотранспорт каражаттарынын жана атайын техниканын бар экендигинин эсебин, техникалык абалына жана эксплуатациялоого мониторинг жүргүзөт;
3) кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- айыл чарба субъекттерине механикалаштырылган агротехникалык кызматтарды көрсөтөт;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
4) колдоо функциялары:
- айыл чарбасын кооперациялоону өнүктүрүү, лизингдик кызматтарды көрсөтүү жана айыл чарбасын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча иштерди уюштурат, талдоо жүргүзөт, айыл чарба техникасын пайдалануу, тейлөө, оңдоо жана сактоо боюнча жаңы инновациялык технологияларды киргизет;
- республикада айыл чарба өсүмдүктөрүн багып өстүрүүнүн бирдиктүү технологиялык системасы боюнча республиканын машина-трактордук паркын жаңылоо, анын ичинде заманбап тракторлорду, комбайндарды, кыртышты иштетүүчү жана себүүчү машиналарды жеткирүү иштерин уюштурат;
- айыл чарбасын кооперациялоо, механизациялоо, техникалык сервистик субъекттерди түзүү жана техниканын лизингин өнүктүрүү маселелерин чечүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык түзүмдөрдүн жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен иш-чараларды уюштурат;
- агрардык сектордо жана кайра иштетүү тармагында инновациялык технологияларды жайылтууга жана ишке киргизүүгө көмөк көрсөтөт;
- окууларды, семинарларды, тренингдерди жана айыл чарба техникаларынын, кайра иштетүүчү машиналардын жана жабдуулардын, ошондой эле агрардык өндүрүштүн жаңы технологияларынын көргөзмөлөрүн, ошондой эле донорлордун каражаттарынын жана кызыкдар тараптардын эсебинен уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Департаменттин укуктары
10. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
– юридикалык жактар, техника чыгаруучулар менен республикага техникаларды, машиналарды жана жабдууларды жеткирүү боюнча изилдөөлөрдү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
– окуу мекемелеринин билим берүү процессин камсыз кылуучу технологиялык жабдуу, адабият, методикалык окуу куралдар, техника менен жабдылышынын деңгээлин текшерүү боюнча эксперттик комиссияларды түзүүгө жана ишине катышууга;
– машиналарды жана жабдууларды пайдаланууга жана алардын техникалык абалына карата талаптарды камтыган техникалык регламенттерди жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча комиссиялардын курамына катышууга;
– Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды белгиленген тартипте чыгарууга жана көрсөтмөлөрдү берүүгө;
– Департаменттин максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
– менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттерден айыл чарба техникалары тууралуу зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого;
– транспорт каражаттарын каттоо жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдан айыл чарба техникаларынын саны жана аталышы тууралуу маалыматты электрондук маалымат базасынан сурап алууга;
– жаңы чыгарылган, кайра жабдылган же өз алдынча жасалган машиналарды жана жабдууларды кабыл алуу жана сыноо боюнча мамлекеттик жана жумушчу комиссиялардын ишине катышууга;
– айыл чарба техникасын пайдалануу, жөндөө жана оңдоо маселелери боюнча маалыматтык бюллетендерди, методикалык сунуштарды жана башка материалдарды чыгарууга;
– өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу илимдин жана техниканын жетишкендиктерин чагылдырууга, пайдалануу эрежелерин бузуулар, жол-транспорттук кырсыктар жана башка маселелер жөнүндө маалыматтарды жарыялоого.
6-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаменттин директору Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин (мындан ары – министр) сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат орунга дайындалат жана кызмат орундан бошотулат.
12. Департаментте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык министр тарабынан кызмат орунга дайындалуучу жана кызмат орундан бошотулуучу директордун орун басарынын кызмат орду каралган.
13. Департаменттин борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жана эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык Департаменттин директору тарабынан кызмат орунга дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Департаменттин директору жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
– Департаменттин ишин жетектейт;
– Департаменттин борбордук аппаратынын жана региондук бөлүмдөрдүн ишин координациялайт жана контролдойт;
– Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин белгилейт, бөлүштүрөт жана бекитет;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
– компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Департаменттин кызматкерлерине көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерет;
– Департаменттин региондук бөлүмдөрү тарабынан ченемдик укуктук актылардын, нускамалардын жана иш эрежелеринин бузулгандыгы аныкталган учурда алардын чечимдерин контролдойт жана жокко чыгарат;
– Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык уюмдарда жана мекемелерде Департаменттин атынан чыгат;
– Департаменттин бекитилген түзүмүнүн, эмгек акы төлөө фондунун жана санынын чегинде чыгымдардын сметасын жана штаттык расписаниесин Министрликке бекитүүгө сунуштайт;
– Департаменттин финансы, жүгүртүү жана негизги каражаттарын белгиленген тартипте тескейт;
– белгиленген тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Департаментти каржылоо
15. Департаменттин жана анын региондук бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
16. Департамент оперативдүү башкаруу укугунда белгиленген тартипте өткөрүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарларды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык пайдаланат.
8-глава. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
17. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Департаменттин иши токтотулган учурда документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.