Сравнение редакций…
17-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республкасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Балык өнөр жайы комплекси департаменти жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин (мындан ары – Департамент) ишин жөнгө салат жана Департаменттин милдеттерин, функцияларын жана иштөө тартибин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) балык чарбасын өнүктүрүүнүн, аквакультура, балык өстүрүүчүлүк, өстүрүү, балык уулоо жана балык запастарына мониторинг жүргүзүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуунун мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары бар.
6. Департаменттин расмий аталышы:
1) толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти”;
– расмий тилде: “Департамент рыбопромышленного комплекса при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики”;
2) Кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “БӨЖКД”;
расмий тилде: “ДРПК”.
Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 а.
7. Департамент өз ишин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий мекемелер, коомдук уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволору менен өзүнүн компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
2-глава. Департаменттин максаты
8. Департаменттин максаты балык запастарын сактоонун жана көбөйтүүнүн негизинде балык тармагын туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү, балык продукциясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкынын сапаттуу балык продукциясына болгон ички суроо-талабын канааттандырууга багытталган Кыргыз Республикасында аквакультуранын жана балык уулоонун заманбап формаларын жана методдорун активдүү өнүктүрүү болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
9. Департамент төмөнкүдөй милдеттерди чечет:
– балык чарбасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
– көлмөлөрдө балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана балык продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү;
– балык уулоону жөнгө салуу максатында суу биоресурстарына мониторинг жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндөгү балык запастарынын абалын баалоо;
– Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык уулоо, балык запастарын коргоо, пайдалануу жана өстүрүү чөйрөсүндө ведомстволук контролду уюштуруу;
– балык запастарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды уюштуруу;
– Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун уюшкан түрлөрүн активдүү өнүктүрүү.
4-глава. Департаменттин функциялары
10. Департамент төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты жүзөгө ашыруу боюнча функциялар:
– аквакультураны, балык өстүрүүнү, балык уулоону өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарына мониторинг жүргүзүү, коргоо жана өстүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү тармактык саясатты ишке ашырат;
– балык чарбасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт, балык өстүрүү, балык уулоо, ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү, балык запастарын коргоо жана өстүрүү жаатында пландарды жана иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
– Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, стандарттардын, нормативдердин, ченемдердин, эрежелердин, жоболордун, тартиптердин жана нускамалардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
– балык запастарын пайдалануу, өстүрүү жана коргоо жаатында башкарууну жүзөгө ашырат;
– экономикалык жана экологиялык жактан туруктуу балык чарба ишин колдоо боюнча стратегияларды жана тармактык саясатты, көлмөлөрдө балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгууга катышат, балык уулоонун жалпы жол берилген көлөмдөрүн белгилейт;
– Кыргыз Республикасында балык, чабак жана асыл тукум материалын өстүрүү үчүн көлмө аянттарын жана суу объекттерин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча балык чарба субъекттеринин ишин уюштурат;
– бирдиктүү мамлекеттик балык чарба реестрин жүргүзөт;
– балык чарба, балык өстүрүү жана балык уулоо максатында Департаментке берилген көлмөлөрдө балык запастарын сактоо, көбөйтүү жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
2) жөнгө салуу функциялары:
– балык чарба жана балык коргоо ишин, Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын башкарат;
илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча балык запастарын жасалма өндүрүү боюнча ар жылдык болжолдорду, ошондой эле балык уулоого лимиттерди жана квоталарды белгилейт, Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүнө чабактарды жана балыктарды коё берүү графиктерин бекитет;
– балык запастарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылат, аларды пайдалануу, коргоо жана өндүрүү тартибин белгилейт;
балык кармоону, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштурат, балык уулоо режимдерин белгилейт, балык кармоо документтерин, балыктын кармалуучу урук таштоочу түрлөрүн уулоого жана аларды жасалма жол менен өндүрүү максатында икра даярдоого балык уулоо билеттерин, ошондой эле ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого балык уулоо карточкаларын жана билеттерин берет;
– балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону жүргүзүү үчүн балык чарба көлмөлөрүн жана балык уулоо участокторун бөлүп берет;
3) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
– балык өстүрүүчү ишканалардын, балык заводдорунун, көлмөдөгү, садоктогу жана көл-товардык балык чарбаларынын балык өстүрүү ишине жалпы жетекчилик кылат жана координациялайт;
– Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндөгү балык запастарын коргойт, пайдаланат, мониторинг жүргүзөт жана өндүрөт;
– укук коргоо, жаратылышты коргоо органдары жана мамлекеттик аткаруу бийлигинин башка органдары менен урук таштаган балыкты коргоо боюнча биргелешкен иш-чараларды жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддерди уюштурат жана жүргүзөт;
– балыктын баалуу кармалуучу түрлөрүнүн чабактарын жасалма өндүрүү, кийин балык чарбалык маанидеги суу объекттерине коё берүү менен аларды чоңойтуу боюнча балык чарба субъекттеринин ишин уюштурат, координациялайт жана жөнгө салат;
– балык чарба субъекттеринин балык запастарын өндүрүү боюнча тапшырмалардын аткарылышына, балыкты кармоого (уулоого) белгиленген лимиттердин жана квоталардын сакталышына мониторинг жүргүзөт, көлмөлөрдө кармалган балыктын жана кармалуучу балыктын икрасын даярдоонун эсебин жүргүзөт;
– ургаачы жана төлдөй турган балыктын түрлөрүн, товардык балыкты жана чабак материалын өстүрүү, икраны инкубациялоодо жана чабак өстүрүүдө балык өстүрүү-биологиялык ченемдерди сактоо боюнча балык чарба субъекттеринин ишине мониторинг жүргүзөт;
балык чарба көлмөлөрүнө балыктардын чабактарын жана балыктарды коё берүү көлөмдөрүн, ошондой эле балык уулоонун жол берилген көлөмдөрүн биологиялык негиздөө боюнча ар жылдык ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
– суу биоресурстарын жана алардын жашаган чөйрөсүн изилдөө, балык уулоонун жол берилген жалпы көлөмүн аныктоо боюнча жумуштарды, ошондой эле балык запастарына мамлекеттик мониторинг жүргүзүүнү уюштурат;
– балык уулоонун эрежелерин бузуу фактылары боюнча актыларды жана протоколдорду түзөт жана аларды укук коргоо жана сот органдарына берет;
– ихтиологиялык материалды чогултуу жана иштеп чыгуу, балык запастарын, көлмөлөрдүн тоют базасынын абалын аныктоо жана балык уулоону жөнгө салуу үчүн атайын балык кармоону уюштурат, илимий уюмдардын жана ихтиологиялык кызматтын кызматкерлерине илимий максатта балык кармоого жана балыкты контролдук кармоого балык уулоо билеттерин жана эсепке алуу документтерин берет;
– менчигинин түрүнө карабастан көлмөдөгү, садоктогу жана көлдөгү товардык балык чарбаларын эсепке алуу документтерине мониторинг жүргүзөт;
– илимий жана башка уюмдар менен биргеликте балык чарба көлмөлөрүнүн фондуна киргизүү үчүн көлмөлөрдү эсепке алат, инвентаризациялайт жана паспорттоштурат;
балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде балыктын эндемикалык жана өзгөчө баалуу кармалуучу түрлөрүнүн жана суудагы тоют организмдеринин популяцияларынын санын аныктоо жана абалын баалоо боюнча иштерди жүргүзөт;
– балык чарба көлмөлөрүндө, балык уулоо участокторунда пландуу балык өстүрүү-мелиоративдик иштерди уюштурат жана жүргүзөт, көлмөлөрдүн түбүн уулоочу куралдан тазалоо боюнча жумуштарды аткарууга, көлмөгө коё берилген жерлерде баалуу эндемикалык балыктардын түрлөрүнүн чабактарына зыян келтирүүчү жырткыч жана анча баалуу эмес балыктарды кармоого уруксаттарды жана балык уулоо билеттерин берет;
– жер участокторуна балык өстүрүүчү көлмөлөрдү куруу мүмкүндүгү жөнүндө корутундуларды берет;
– балыктын ылаңдарын алдын алуу максатында көлмөлөрдүн жана жасалма көлмөлөрдүн санитардык-эпизоотиялык абалына мониторинг жүргүзүүнү уюштурат;
– балык жана балык продукциясын экспорттоого жана кайра иштетүүгө мониторинг жүргүзөт;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
– балык өстүрүү, балык уулоо жана балыкты көбөйтүү үчүн көлмөлөрдү, балык уулоо участокторун жана жасалма көлмөлөрдү пайдаланууга берет, аларды юридикалык жана жеке жактарга бекитип берет;
– балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштурат жана өткөрөт;
– кызыкдар субъекттерге суралган көлмөлөр боюнча балык чарбалык мүнөздөмөлөрдү берет;
– балык чарбасы жаатында мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
– балык чарбасы жаатындагы маалыматтарды чогултат жана алмашат;
– балык уулоону жана аквакультураны жүргүзүү боюнча маалыматты жана статистикалык маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун, талдоонун жана жайылтуунун талаптагыдай системасын түзүүнү камсыз кылат;
– балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде балык чарба ишин жүргүзүүгө балык өстүрүү-биологиялык негиздемелерди иштеп чыгат;
– кармалган урук таштоочу кармалуучу балыктарды балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү максатында пайдалангандан кийин аларды сатууну уюштурат;
– балык өстүрүү, балык уулоо, суу биоресурстарын өндүрүү жана климатташтыруу маселелери боюнча маалымдамалык жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгууну, басып чыгарууну жана сатууну жүзөгө ашырат;
5) колдоо көрсөтүү функциялары:
– аквакультураны жана балык уулоочулукту өнүктүрүү, балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуучу балык запастарын өндүрүү жана суу биоресурстарына мониторинг жүргүзүү жаатында инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча Министрликке сунуштарды киргизет;
– балык продукциясына маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзөт жана товардык балыкты өндүрүүнү көбөйтүү боюнча балык тармагынын мүмкүндүктөрүн аныктайт;
– уруктандырылган икраны жана чабактарды экспорттоону жана импорттоону өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт;
– балык жана балык чарбасы жөнүндө билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштурат, аквакультура, балык уулоо, балык ресурстарын коргоо, өндүрүү, сарамжалдуу пайдалануу жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, семинарларды жана тренингдерди өткөрөт;
– балык чарбаларына жана балык заводдоруна товардык балык продукциясын өндүрүүдө жана чабакты ар түрдүү стадияларда өстүрүүдө практикалык жана методикалык жардам көрсөтөт, ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте суу объекттеринде жана жасалма көлмөлөрдөгү балык чарбаларында эпизоотияга каршы иш-чараларды өткөрүү боюнча чараларды көрөт;
– балык чарба субъекттерине балык тармагын өнүктүрүүгө тышкы жана ички инвестицияларды тартууга, балык өстүрүү жана балык тоютун өндүрүү боюнча жаңы технологияларды жана жабдууларды сатып алууга көмөк көрсөтөт;
– товардык балыкты жана чабак материалын өстүрүүдө чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү үчүн балык өстүрүүчү адистерди окутуу жана кайра окутуу системасын уюштурат;
– илимий мекемелердин сунуштары боюнча өнөр жайлык балык запастарын көбөйтүү, аларды жасалма жол менен көбөйтүү жана климатташтыруу, балык чарбалык мелиорациялоо жана көлмөлөргө чабакты жана балыкты коё берүү боюнча иштерди уюштурат;
– балык жана балык продукциясын экспорттойт жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө балык жана балык продукциясын экспорттоодо колдоо көрсөтөт;
– балык жана балык продукциясын кайра иштетүүнү жүзөгө ашырат жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө балыкты кайра иштетүүдө жана балык продукциясын сатууда колдоо көрсөтөт.
5-глава. Департаменттин укуктары
11. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
– берилген ыйгарым укуктарынын алкагында аквакультура, балык уулоо, балык запастарын коргоо, мониторинг жүргүзүү, эсепке алуу жана көбөйтүү жаатында буйруктарды жана методикалык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды, эрежелерди жана жоболорду чыгарууга;
– менчигинин түрүнө карабастан балык чарба субъекттеринен кармалган, өстүрүлгөн жана сатылган товардык балыктын жана чабак материалынын көлөмү жөнүндө маалыматтарды суроого жана алууга;
– балык өстүрүү-биологиялык негиздемелерди иштеп чыгууга жана өздөштүрүлүүчү көлмөлөрдүн жана алардын тоют базасынын балык өстүрүү-биологиялык потенциалы боюнча корутунду берүүгө;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан айыл аймактарында жайгашкан балык чарбалары жана алар өндүрүүчү жана өстүрүүчү балык продукциясынын көлөмү жөнүндө маалыматты суроого жана алууга;
балык чарба көлмөлөрүн, көлмөлөрдүн жана дарыялардын айрым участокторун товардык балыкты өстүрүү жана балык уулоону уюштуруу үчүн балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн пайдаланууга берүүгө;
– Департамент менен илимий мекемелердин ортосунда изилдөөлөрдү координациялоо аркылуу балык тармагында жана аквакультурада изилдөө потенциалын жакшыртуу үчүн инвестициялык жана башка каражаттардын эсебинен илимий-изилдөө лабораторияларын түзүүгө;
– сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга;
– балык чарбалык өздөштүрүү үчүн Департаментке берилген көлмөлөрдүн базасында инвестициялык жана башка каражаттардын эсебинен фермердик жана дыйканчылык балык чарбларынын жумушчуларын балык чарбасын жүргүзүүнүн натыйжалуу формаларына жана методдоруна окутуу үчүн чарбалык-эсептик негизде окутуу балык өстүрүү-өндүрүү жана акклиматташтыруу борборлорун түзүүгө;
– ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте базарларда жана дүкөндөрдө сатылуучу балык продукцияларынын сапатын текшерүүнү жана сатуу, сактоо жайларында жана кайра иштетүү пункттарында анын пайдаланууга жарактуулугу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө.
6-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
12. Департаментти Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
13. Департаментте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык министр тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Департаменттин директору жок учурда директордун милдетин анын орун басары аткарат.
14. Директор Департаментке жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
– Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат;
– Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат, орун басары менен түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт. Департаменттин ишинин айрым багыттарына жетекчилик кылуу үчүн алардын жоопкерчилигини даражасын белгилейт;
– Департаменттин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана министрдин бекитүүсүнө берет;
– Департаменттин ишканасынын иш пландарын жана ишинин көрсөткүчтөрүн, ошондой эле алардын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду бекитет.
15. Департаменттин директору төмөнкүлөргө укуктуу:
– өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
– мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга;
– мамлекеттик органдарда балык чарба маселелери боюнча Департаменттин кызыкчылыктарын коргоого, ишеним каттарды берүүгө;
– келишимдерди түзүүгө, ишеним каттарга, Кыргыз Республикасынын банктарында жүргүзүлүүчү операциялар боюнча эсептик жана финансылык документтерге кол коюуга;
– Департаменттин кызматкерлеринин талапкерлигин ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого Министрликке сунуштоого;
– Департаменттин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонууга.
16. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү, штаттык расписаниеси, кирешелер жана чыгашалар сметасы Департаменттин директорунун сунушу боюнча Министрлик тарабынан бекитилет.
7-глава. Департаментти каржылоо жана анын мүлкү
17. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
18. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда белгиленген тартипте өткөрүлүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
8-глава. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
19. Департаментти кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
20. Департаменттин иш процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
17-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республкасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Балык өнөр жайы комплекси департаменти жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)

- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана өзүнүн функцияларынын жүзөгө ашырылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат, орун басары менен түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, Департаменттин ишинин айрым багыттарына жетекчилик кылуу үчүн алардын жоопкерчилик даражасын белгилейт;