Загрузка документа…
19-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин
департаменти жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик зыяндуу организмдердин ташылып келинишинен (киргизүүдөн), киришинен жана/же жайылып кетүүсүнөн коргоо, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн сактоо, ошондой эле кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департамент өзүнүн ишин Министрликтин башка ведомстволук бөлүмдөрү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
Департамент өз ишинде Министрликке отчет берет.
5. Департамент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле өздүк эсеби болот.
6. Департамент уюштуруу-укуктук формасы боюнча мекеме болуп саналат.
7. Департаменттин расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти";
- расмий тилде: "Департамент химизации, защиты и карантина растений при Министерстве водных ресурсөв, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики";
2) кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ӨХККД";
- расмий тилде: "ДХЗКР".
8. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 а.
2-глава. Департаменттин максаты
9. Департаменттин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик зыяндуу организмдердин ташылып келинишинен (киргизүүдөн), киришинен жана/же жайылып кетүүсүнөн коргоону, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн сактоону камсыздоо, ошондой эле кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Департаменттин милдеттери
10. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу;
- пестициддер жана агрохимикаттар менен иштөө жаатындагы мамилелерге мониторинг жүргүзүүнү жана жөнгө салууну мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин кирүүсүн жана/же Кыргыз Республикасынын аймагында жайылышын алдын алуу;
- карантиндик зыяндуу организмдердин жайылышынан келип чыккан зыяндардын алдын алуу;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтеринин, илдеттеринин жана отоо чөптөрүнүн пайда болушун жана жайылышын алдын алуу;
- мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген карантиндик фитосанитардык чаралар чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4-глава. Департаменттин функциялары
11. Департамент төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- карантиндик зыяндуу организмдердин Кыргыз Республикасынын аймагына жайылышын талдоо, баалоо жана болжолдоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынын абалына карантиндик фитосанитардык мониторинг жүргүзөт;
- белгиленген тартипте товар коштоочу документтерди текшерүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө транспорт каражаттарын жана карантинге алынган продукцияны текшерүүнү жана текшерип кароону жүргүзөт;
- карантинге алынган продукцияны жугушсуздандыруудан кийин экспорттук-импорттук жеткирүүлөрдө карантинге алынган продукциялар, транспорт каражаттары сакталган жерлерге текшерүү жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген Өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестринин негизинде өндүрүүчү жерлерге, аймакка ташылып келүүчү үрөндүк жана көчөт материалдарына карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзөт;
- зыяндуу организмдердин статусун аныктоо, фитосанитардык кооптуулуктардын азайышын (же башкарууну) баалоо максатында зыяндуу организмдердин фитосанитардык кооптуулугуна талдоо жүргүзөт;
- карантиндик фитосанитардык талаптарга шайкеш келбеген, карантинге алынган продукциянын партиясын киргизүүдөн баш тартат, жугушсуздандырууну, артка кайтарууну же жок кылууну талап кылат;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карантинге алынган продукциянын айрым түрлөрүнө же түрлөрүнүн тобуна убактылуу карантиндик фитосанитардык чараларды киргизет;
- карантиндик фитосанитардык зоналардын чек араларын, алардагы карантиндик режимдерди аныктайт жана тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзамда белгиленген тартипте аларды локализациялоо жана жок кылуу үчүн сунуш киргизет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана карантинге алынган объекттердин менчик ээлеринен (пайдалануучулардан) карантиндик фитосанитардык иш-чараларды, анын ичинде карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган учурларда өсүмдүктөрдү жана карантинге алынган продукцияларды жугушсуздандыруу же жок кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылат;
- импорттолуучу жана экспорттолуучу карантинге алынган продукцияларды жугушсуздандыруучу жана технологиялык кайра иштетүүнү аткаруучу, жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерди жашоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну камсыз кылуучу уюмдарды каттайт жана реестрин жүргүзөт;
- карантиндик зыяндуу организмдерди, жайылып кетүү очокторун, зыянкечтердин, илдеттердин жана отоо чөптөрдүн карантиндик эмес жөнгө салынуучу түрлөрүн эрте аныктоо, карантиндик зыяндуу организмдердин чыгуу очогунун чектерин белгилөө (тактоо) үчүн карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзөт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- агрохимиялык баалоо, азыктандыруучу элементтердин жана гумустун камтылышы боюнча кыртыштын күрдүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт;
- фитосанитардык жана агрохимиялык кырдаалга, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтеринин, илдеттеринин жана отоо чөптөрдүн жайылышына мониторинг жүргүзөт жана болжолдойт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- республикага келген пестициддердин жана агрохимикаттардын сапатына, алардын өсүмдүк продукциясындагы калдык санына, кыртышка жана сугат сууларына мониторинг жана лабораториялык талдоо жүргүзөт;
- бажылык тариздөө жерлеринде жана республиканын аймагында өсүмдүктөн алынган айыл чарба продукциясында нитраттардын, нитриттердин камтылышына мамлекеттик контролду жүргүзөт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) жөнгө салуу функциялары:
- өсүмдүктөрдүн, өсүмдүк продукцияларынын жана башка карантинге алынуучу материалдардын жүктөрүн Кыргыз Республикасына ташып келүүгө, ошондой эле анын аймагы боюнча транзитке уруксат берет;
- фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берет (берүүдөн баш тартат);
- пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоодон өткөрөт;
- пестициддерди жана (же) агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүктөрүн берет;
- толуктоолорду чыгаруу укугу менен Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген Пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик атайын каталогун жүргүзөт;
- биологиялык натыйжалуулугун баалоо үчүн өндүрүштүк сыноолорду жүргүзүү максатында катталбаган пестициддерди жана агрохимикаттарды ташып келүүгө белгиленген тартипте уруксат берет;
- өзгөчө кооптуу зыянкечтер, илдеттер жана отоо чөптөрдүн пайда болушунун жана таралышынын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча, ошондой эле кыртыштын күрдүүлүгүн жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- зыянкечтердин, илдеттердин жана отоо чөптөрдүн пайда болушунун мөөнөттөрү жөнүндө кыска мөөнөттүү, узак мөөнөттүү жана сезондук болжолдорду түзөт, аларга каршы күрөшүүнүн мөөнөттөрү жана ыкмалары жөнүндө сигналдык билдирүүлөрдү уюштурат;
- каттоо жана аларды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн пестициддердин жана агрохимикаттардын келечектүү ассортиментин аныктайт;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынган пестициддердин мамлекеттик запасын түзөт жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өзгөчө коркунучтуу зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү үчүн аларды республиканын аймактарына жайылтат;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өзгөчө коркунучтуу зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүүгө багытталган айыл чарба ишин жүргүзүүнүн өзгөчө режимдерин киргизүү зарылдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга белгиленген тартипте сунуш киргизет;
- мамлекеттик органдардан, илимий-изилдөө мекемелерден жана башка булактардан карантиндик зыяндуу организмдердин табылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн учурда жооп кайтарат;
3) кызматтарды көрсөтүү боюнча функциялар:
- экспорттоо үчүн, анын ичинде карантиндик фитосантардык анализдердин жана экспертизалардын бардык түрлөрүн кошуп, карантинге алынган продукциянын карантиндик фитосанитардык абалын белгилейт, карантинге алынган продукциянын карантиндик фитосанитардык абалы жөнүндө корутундуну/фитосанитардык документти берет;
- өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу ырастоочу документтерди берүү менен юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча карантинге алынган продукцияны, транспорттук каражаттарды жугушсуздандырат, карантиндик фитосанитардык чараларды камсыз кылуу боюнча ченемдерге жана эрежелерге ылайык кампа жайларына профилактикалык фитосанитардык жугушсуздандыруу жүргүзөт;
- жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо үчүн үлгүлөрдү тандап алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен карантинге алынган объекттерге текшерүү жүргүзөт;
- өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды берет;
- товар өндүрүүчүлөрдүн өтүнмөлөрү боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөрүнө каршы химиялык дарылоону жүргүзөт;
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн өтүнмөлөрү боюнча минералдык жер семирткичтерди берүү ченемдери жана мөөнөттөрү боюнча сунуштарды берүү менен пестициддердин жана агрохимикаттардын сапатын, алардын өсүмдүктөрдүн, топурактын жана суунун курамындагы калдыктарын, ошондой эле азыктандыруучу элементтердин жана гумустун кыртышта камтылышына мониторинг жана лабораториялык талдоо жүргүзөт;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
4) колдоо функциялары:
- төмөнкүлөргө катышат:
өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга;
карантиндик фитосанитардык жол-жоболорду жана иш-чараларды методикалык камсыз кылууга;
карантиндик зыяндуу организмдерди локализациялоо жана жок кылуу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга;
- карантиндик зыяндуу организмдерди локализациялоо жана/же жок кылуу боюнча программаларды жүргүзүүдө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчик ээлеринин (пайдалануучулардын) өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча чет өлкөлүк мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара иштешет;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык уюмдарда жана чет мамлекеттерде өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого катышат;
- өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин жаатында Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин илимий-изилдөө мекемелери менен кызматташат;
- тышкы экономикалык иштер, үрөндүк жана көчөт материалдарын өндүрүү, карантинге алынган продукцияларды жугушсуздандыруу боюнча кызмат көрсөтүү менен иштеген ишкердик субъекттерге жана башка субъекттерге карантиндик фитосанитардык коопсуздук маселелери боюнча консультацияларды берет;
- карантиндик фитосанитардык чаралар жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана карантинге алынган продукцияларды импорттоочу өлкөлөрдүн мыйзамдары жөнүндө, карантиндик фитосанитардык зоналардын чек аралары жана карантинге алынган продукцияларды ташып келүүгө жана сыртка чыгарууга колдонулуучу режимдер, зыяндуу организмдерди локализациялоо жана жок кылуу боюнча мамлекеттик программалардын апкагында Департамент тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды ачык пайдаланууну камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын соода өнөктөштөрү - өлкөлөрдүн өсүмдүктөрүнүн карантини боюнча улуттук уюмдары менен консультацияларды жана маалымат алмашууну жүргүзөт, карантиндик фитосанитардык чаралар жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууларды, эркин зоналарды, өндүрүш орундарын жана участокторун өз ара таануу жөнүндө протоколдорду иштеп чыгууга катышат;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча ченемдик укуктук актыларды, карантиндик зыяндуу организмдерди жана өсүмдүктөрдүн өзгөчө кооптуу зыянкечтери менен илдеттерин локализациялоо жана жок кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, ошондой эле карантиндик фитосанитардык чаралар чөйрөсүндөгү башка маселелерди ишке ашыруу үчүн эксперттердин жана адистердин катарынан ведомстволор аралык жумушчу топторду белгиленген тартипте түзөт;
- зыянкечтердин, илдеттердин жана отоо чөптөрдү алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү, пестициддерди жана агрохимикаттарды талаптагыдай пайдалануу боюнча, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын, кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштамаларды берет;
- өсүмдүктөрдү коргоо жана карантини жаатында саясатты калыптандыруу, координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташтыкты жүргүзөт;
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жаатында үгүттөөлөрдү, атайын басылмаларды даярдоону, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча саясатты калыптандыруу, координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү жаатындагы тематикалык талкууларга, көргөзмөлөргө, конференцияларга, семинарларга, тегерек столдорго жана башка иш-чараларга катышууларды уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Департаменттин укуктары
12. Департаменттин кызмат адамдары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө табылган бузууларды жоюу боюнча иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- организмди кароодо карантиндик зыяндуу организм менен морфологиялык белгилери, өсүмдүктөрдүн илдеттеринин симптомдору, карантиндик зыяндуу организмдин жабырлантуу белгилери боюнча окшоштугу аныкталган учурда карантинге алынган жүктү лабораториялык экспертизанын жыйынтыктарын алганга чейин токтотууга жана жугушсуздандырууга;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган учурларда өсүмдүктөрдү жана карантинге алынган продукцияны жугушсуздандырууну, кайра кайтарууну жана жок кылууну талап кылууга;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды сыноо боюнча ишке эксперттерди жана адистерди, ошондой эле илимий-изилдөө, профилдик билим берүү уюмдарын, эксперттерди жана жеке агрономиялык практиканын адистерин келишимдик негизде тартууга;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- фумигациялык отряддын, окуу борборунун, интродукциялык карантиндик питомниктин өндүрүштүк базасын өркүндөтүүгө;
- карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо жана ага каршы күрөшүү методдорун өркүндөтүү боюнча илимий өндүрүштүк экспедицияларды (талаага чыгуу) жүргүзүүгө;
- коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Министрлик менен макулдашуу боюнча эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашырууга;
- семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө;
- көз карандысыз экспертизаларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, илим-изилдөө институттары менен макулдашуу боюнча адистерди тартууга;
- кызматтык милдеттерин аткарууда формалык кийим кийип жүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген үлгүдөгү формалык кийим кийип жүрүүгө;
- карантиндик фитосанитардык контролдун документтерин тариздөө жана эсепке алуу процесстерин автоматташтыруу үчүн маалымат системаларын киргизүүгө жана өркүндөтүүгө;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
13. Департаментти Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин (мындан ары - министр) сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
14. Департаментте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык министр тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган.
15. Директор жок учурда Департаменттин директорунун милдеттерин аткаруу директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
16. Департаменттин уюштуруу-тескөө документтери директордун буйругу менен бекитилет.
17. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль жүргүзүүчү кызмат адамдарына Департаменттин директору тарабынан номерлүү мөөрлөр белгиленген тартипте берилет.
18. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Департаменттин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташтык жөнүндө документтерге белгиленген тартипте кол коёт;
- Департаменттин кызматкерлери милдеттүү түрдө аткара турган буйруктарды чыгарат;
- борбордук аппараттын бөлүмдөрү, аймактык бөлүмдөрү, карантиндик фитосанитардык лабораториялар, адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториялар жөнүндө жоболорду жана Департаменттин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
- Департаменттин кызматкерлерине тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Департаменттин башкаруу түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана министрге бекитүүгө берет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына жана эмгек мыйзамдарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин штаттык расписаниеге ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Департаменттин айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого Министрликке сунуш киргизет;
- Департаменттин кызматкерлерин сыйлайт жана аларга тартиптик жаза колдонот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Департаменттин кызмат
адамдарынын жоопкерчилиги
19. Департаменттин кызмат адамдары аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, укукка каршы аракеттерди жасагандыгы (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
8-глава. Мүлк жана финансы
20. Департаменттин негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
21. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
22. Департамент ыкчам башкаруу укугунда белгиленген тартипте өткөрүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарларды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды жарандык мыйзамдарга ылайык пайдаланат.
9-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
23. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу, жоюлган же өзгөртүп түзүлгөн учурда мүлктү бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Департаменттин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.