Сравнение редакций…
21-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 , 2025-жылдын 2-октябрындагы № 627 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын жана ишинин тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-октябрындагы № 627 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Институт Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
3. Институт Кыргыз Республикасындагы айыл чарба, топурак таануу, агрохимия жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк жаатында жогорку илимий-изилдөө жана өндүрүштүк мекеме болуп саналат.
4. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана "Илим жөнүндө" Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик), илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин жетекчиликке алат, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 "Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Институттун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
Институттун иши Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аттестациядан/аккредитациядан өткөрүлүүгө тийиш.
5. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, финансы-чарбалык жана укуктук көз карандысыздыгы, өзүнчө мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери бар, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен тегерек мөөрү жана штамптары бар, тиешелүү чөйрөдө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштерди жүзөгө ашырат.
6. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Кыргызский научно-исследовательский институт земледелия имени К.К.Азыкова" при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КДИИИ";
- расмий тилде: "КНИИЗ".

7. Институттун юридикалык дареги: 720027, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Тимур Фрунзе көчөсү, 73/1.
8. Институт өз ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, башка мамлекеттик түзүмдөр, илимий жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат, башка мамлекеттердин илимий мекемелери менен активдүү өз ара аракеттенет.
Институт мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүүгө, сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
2-глава. Институттун ишинин максаты
9. Институттун максаты Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун проблемаларын чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн дыйканчылык, топурак таануу, агрохимия жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк жаатында илимий-изилдөө иштери болуп саналат.
3-глава. Институттун милдеттери
10. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүүгө багытталган дыйканчылыкты, жер кыртышын изилдөөнү, агрохимияны жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин иштеп чыгуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн өстүрүү, дыйканчылык маданиятын жана жер кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатуу, айыл товар өндүрүүчүлөрүнө илимий-консультациялык жардам көрсөтүү, илимдин жетишкендиктерин жана алдынкы тажрыйбаларды пропагандалоо;
- бөлүмдөр, лабораториялар жана тажрыйбалык станциялар жүргүзгөн илимий изилдөөлөрдүн тематикалык пландарын, ошондой эле жумушчу программаларды жана аларды аткаруу методикаларын иштеп чыгуу;
- ишке киргизүү жана айыл чарба өндүрүшүнө илимий-методикалык жардам көрсөтүү пландарын иштеп чыгуу;
- дыйканчылык, жер кыртышын изилдөө, агрохимия жана өсүмдүк өстүрүү багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- инновациялык технологияларды түзүү жана илимий изилдөөлөрдү камтыган өндүрүштү колдоо;
- илимдин багыттары боюнча фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү;
- илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүдө жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
- инфраструктура объекттерин жана/же инфраструктуралык кызматтарды түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык;
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
4-глава. Институттун функциялары
11. Институт жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- жер кыртышынын күрдүүлүгүн сактоону жана жогорулатууну, негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн өстүрүүнү камсыздаган дыйканчылыктын илимий негизделген системаларын, прогрессивдүү технологияларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын түрдүү кыртыштык-климаттык зоналары үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогору өндүрүмдүү сортгорун жана гибриддерин түзүү;
- дыйканчылыкты жүргүзүү системаларын жана жер кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатуу ыкмаларын өркүндөтүүгө багытталган сунуштамаларды иштеп чыгуу, аларды өндүрүштө ишке киргизүү үчүн өткөрүп берүү;
- жердин күрдүүлүгүн жогорулатуу теорияларын жана методдорун, жер кыртышын бонитирлөө методикасын өнүктүрүү, жер кыртышынын карталарын түзүү жана органикалык минералдык жер семирткичтерди киргизүүнүн ченемдерин жана мөөнөттөрүн аныктоо;
- изилдөө багыты боюнча ата мекендик жана дүйнөлүк илимдеги жетишкендиктерди изилдөө жана жалпылоо;
- чарбалык субъекттерге жер кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатуу, дан, кант кызылчасын, пахта, жашылчаларды, картошканы, жер-жемиштерди жана жүзүмдү, май алынуучу өсүмдүктөрдү өндүрүү маселелери боюнча практикалык консультацияларды берүү;
- айыл чарба адистеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү, брошюраларды, баракчаларды жана плакаттарды басып чыгарууну уюштуруу, лекцияларды окуу, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;
- иштин профили боюнча илимий эмгектерди, жыйнактарды, монографияларды жана бюллетендерди басып чыгаруу; аспирантура, изденүүчүлүк, ошондой эле стажировка жана адистештирүү аркылуу илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу.
12. Институт илимий-изилдөө иштерин аткаруу, айыл чарбада илимий-техникалык прогрессти камсыздоочу практикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн жоопкерчилик тартат.
5-глава. Институттун укуктары жана милдеттери
13. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн илимий жана илимий-изилдөө иштеринин негизги багыттарын аныктоого;
- Институттун профилине ылайык келген илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык иштердин келечектүү жана учурдагы пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого, изилдөө иштерин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыздоого;
- адистерди окутуунун жана аяктаган илимий иштеп чыгууларды өндүрүшкө ишке киргизүү боюнча дыйкан, фермердик жана башка типтеги чарбаларга консультациялык жана методикалык кызматтарды көрсөтүүнүн план-программаларын түзүүгө;
- чет өлкөлүк илимий борборлорго окумуштууларды жана аспиранттарды иш сапарга, окууга жана стажировкага жиберүүнү уюштурууга;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча өз компетенциясынын чегинде чет өлкөлүк уюмдар, эл аралык илимий-изилдөө борборлору менен илимий кызматташтык жөнүндө макулдашууларды түзүүгө жана аларда ата мекендик агрардык илимди көрсөтүүгө;
- илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура, докторантура аркылуу адистерди даярдоого;
- республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун сынактарына катышууга;
- башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
- белгиленген тартипте бирикмелерге кирүүгө, филиалдарды түзүүгө;
- илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды басып чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтардын маалымат базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
- илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантурага (адъюктура), докторантурага, РШ докторантурага/докторантурага багыт боюнча адистерди даярдоого;
- белгиленген тартипте илимий даражаларды алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча кеңештерди түзүүгө жана илимий наамдарды ыйгарууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлорго катышууга;
- илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга;
- илимий-техникалык кеңешти түзүүгө.
14. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өз ишинин профили боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- бекитилген отчеттуулуктун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- Министрликтин жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды даярдоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
- өлкөнүн тармагынын керектөөлөрүнө ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүүгө;
- илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
- тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;
- заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү продуктту, технологияны, кызмат көрсөтүүнү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруучулук-техникалык чечимдерди иштеп чыгуу;
- илимий уюмдун интеллектуалдык ишинин натыйжасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттайт;
- мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен байланышты чыңдоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүкүн иштеп чыгуунун, ата мекендик жана чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен илимий уюмдун ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга;
- мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарын издөөгө;
- илимий уюмга оперативдүү башкарууга берилген негизги, жүгүртүү фонддорунун жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
- илимий-маалыматтык иштерди жүргүзүү;
- илимдин ролун, анын ичинде анын ишин жана иштин продуктун популяризациялоонун эсебинен жогорулатуу;
- өзүнүн иши үчүн зарыл болгон башка иштерди жүргүзүүгө;
- илимий кызматкерлерди 5 жылда бир жолудан кем эмес аттестациядан өткөрүүгө.
6-глава. Институттун түзүмү
15. Институттун түзүмү Министрлик менен макулдашуу боюнча Институттун директору тарабынан бекитилет.
16. Институттун түзүмү төмөнкүлөрдөн турат: илимий-техникалык кеңеш, административдик-башкаруучулук персонал, илимий жана көмөкчү бөлүмдөр, эксперименттик чарбалар, тажрыйба станциялары, таяныч пункттары жана үрөн чарбалары.
17. Илимий-эксперименттик иштерди жүргүзүү, илимий-изилдөөнүн натыйжаларын өндүрүштүк текшерүү жана илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаны айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү үчүн Институтта ишканалар жана мекемелер бар.
18. Илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиалдуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
19. Тажрыйба станцияларынын, эксперименттик чарбаларынын, үрөн чарбаларынын жана таяныч пункттарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана өнөр жайы министри (мындан ары - министр) менен макулдашуу боюнча директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
20. Институт тажрыйба станцияларынын, таяныч пункттарынын, эксперименттик жана үрөнчүлүк чарбаларынын өндүрүштүк-финансылык ишинин жыйынтыктарын жылдык баланстык комиссияларда карайт.
7-глава. Институттун ишин уюштуруу
21. Институтту директор жетектейт.
Институттун директору министрдин сунушу менен илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз демилгеси боюнча сунуштоосуз Институттун директорун дайындоого, ошондой эле ээлеген кызмат ордунан бошотууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу.
Министр Институттун директорунун кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалган адам менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адам Институттун директорунун кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Институттун директорунун кызмат ордун төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар ээлей алышат:
- жогорку кесиптик билими;
- окумуштуулук даражасы;
- илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иш стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Институттун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
- айыл чарба, илим, билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
- уюмду башкаруунун теориясы жана методдору;
- илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү усулдук жана ченемдик документтерди;
- эмгек, финансы мыйзамдарынын негиздерин;
- профиль боюнча фундаменталдык жана прикладдык илимдердеги илимий жетишкендиктерди;
- илимий жетишкендиктерди жана чет өлкөлүк илимий уюмдардын тажрыйбасын;
- орто мөөнөттүү мезгилге илим тармагын өнүктүрүү көз карашы (концепция, иштелме, технология же план) болушу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Институттун директору:
- Институтту жеке башчылык принциптеринде башкарат жана Институттун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- финансылык каражаттарды тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат, финансылык тартипти сактайт;
- Институттун башкаруусунда турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы үчүн жооп берет;
- илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылыгынын эркиндигин өнүктүрөт;
- мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Институттун бекитилген түзүмүнүн, санынын, эмгек акы төлөө фондунун чегинде чыгымдардын сметасын жана штаттык расписаниесин министрдин бекитүүсүнө берет;
- бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда, соттук, банктык жана башка мекемелерде Институттун атынан чыгат;
- Институттун атынан башка мекемелер, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелер менен белгиленген тартипте келишимдерди түзөт;
- Институттун кызматкерлери менен эмгек жана социалдык-экономикалык мамилелер жөнүндө жамааттык келишим түзөт;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- Институттун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
23. Институтта директордун орун басарынын кызмат орду каралган.
24. Институттун директорунун орун басары Министрлик менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
Институттун директору жок болгон учурда (иш сапарда, убактылуу эмгекке жарамсыздыкта, өргүүдө, кызмат ордунан бошотууда) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
25. Окумуштуу-катчы:
- илимий-уюштуруу жана маалыматтык бөлүмдөрдүн ишин жетектейт;
- илимий-изилдөө иштеринин келечектүү жана учурдагы пландарын иштеп чыгууну координациялайт;
- Институттун илимий-изилдөө иштери жөнүндө пландарын жана отчетторун жалпылайт жана жогору турган уюмдарга берет;
- илимий-техникалык жана илимий-методикалык кеңештердин ишин уюштурат.
26. Институттун окумуштуу катчысы Институттун директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
8-глава. Институттун илимий-техникалык кеңеши
27. Илимий-техникалык кеңеш Институттун консультациялык-кеңеш берүүчү органы болуп саналат. Илимий-техникалык кенештин мүчөлөрү Институтунун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушуусунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин, адистердин, административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушуна эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
28. Илимий-техникалык кеңештин курамына илимий уюмда иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирүүсү мүмкүн.
Илимий-методикалык кеңеш тематикалык пландарга жана башка илимий материалдарга ылайык илимий-изилдөө иштерин аткаруунун жумушчу программаларын, календарлык пландарын карайт. Илимий материалдарды жарыялоо үчүн талкуу жүргүзөт жана корутунду берет.
29. Илимий-техникалык кенештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Институттун илимий-изилдөө ишинин келечектүү багыттарын кароо;
- илимий-изилдөө, ишке киргизүүнүн узак мөөнөттүү жана жылдык пландарынын долбоорлорун кароо;
- илимий-изилдөө иштеринин жылдык жана жыйынтыктоочу отчетторун жана Институттун илимий жана ишке ашыруу иши жөнүндө маалыматтарын кароо;
- Институттун түзүмүн жана штаттык расписаниесин өзгөртүүгө байланышкан маселелерди талкуулоо;
- илимий эмгектерди, сунуштамаларды, баракчаларды, брошюраларды басып чыгаруу боюнча редакциялык коллегиянын пландарын кароо;
- эл аралык илимий борборлор менен координациялоо жана чыгармачылык кызматташуу маселелерин талкуулоо;
- жаш окумуштуулардан кадрларды даярдоо жана илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди координациялоо;
- илимий жетекчилердин, илимий даражаны изденүүчүлөрдүн жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрү жөнүндө отчетторду угуу, кандидаттык жана докторлук диссертациялардын темаларын кароо жана бекитүү, коомдук коргоого сунуш кылуу максатында диссертацияларды апробациялоо;
- окумуштууларды мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жана наамдарды ыйгаруу үчүн; мамлекеттик сыйлыктарды, ошондой эле көрүнүктүү окумуштуулар атындагы медалдарды жана сыйлыктарды ыйгаруу үчүн илимий эмгектерди, ачылыштарды жана ойлоп табууларды көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлүгүнө (академиктер) жана мүчө-корреспонденттерине талапкерлерди көрсөтүү, ошондой эле башка уюмдар тарабынан сунушталган иштерди жана талапкерлерди колдоо боюнча материалдарды кароо;
- окумуштууларга кандидаттык жана докторлук диссертациялык иштерди аяктоо үчүн чыгармачылык өргүүсүн берүү боюнча өтүнүч каттарды талкуулоо;
- бөлүмдөрдүн, лабораториялардын башчыларынын жана илимий кызматкерлердин бош кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурс же контракттык негизде тандоо;
- белгиленген тартипте окумуштуулук даражаларды жана илимий наамдарды ыйгаруу жөнүндө талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясына өтүнүч каттарды берүү;
- селекциялык жетишкендиктерди апробациялоо материалдарын кароо жана чечим оң болгон учурда селекциялык жетишкендикти бекитүү жөнүндө жогору турган уюмга өтүнүч каттарды жөнөтүү;
- баланстык комиссиянын отчетторун угуу;
- илимий-техникалык кеңештин компетенциясына кирген чечимдерди кабыл алуу жана жокко чыгаруу.
30. Эгерде жыйналышка анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, илимий-техникалык кеңеш чечим кабыл алууга укуктуу.
31. Илимий-техникалык кеңештин чечимдери, эгерде алар үчүн добуш берүүгө катышкан илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
32. Илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп Институттун директору саналат.
33. Кеңештин чечими Институттун директору тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9-глава. Институтту каржылоо жана мүлкү
34. Институтту каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети;
- илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фонду;
- бюджеттен тышкаркы фонддор;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;
- кредиттер жана гранттар;
- Институттун илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган киреше алып келүүчү башка иштерден түшкөн каражаттары;
- чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар.
35. Институтка бекитип. берилген жер аянттары, имараттар, курулмалар, жабдуулар, орнотмолор, аппаратуралар, транспорт каражаттары, айыл чарба жаныбарлары жана башка мүлктөр негизги каражаттарды түзөт.
Институттун мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана ага оперативдүү башкаруу укугу менен бекитилген. Институттун оперативдүү башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктү пайдалануу жана ээлик кылуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Институттун ишин контролдоо Министрлик жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
10-глава. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу
36. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
37. Институттун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
21-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 , 2025-жылдын 2-октябрындагы № 627, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

- Институтту жеке башчылык принциптеринде башкарат жана Институттун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- финансылык каражаттарды тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат, финансылык тартипти сактайт;
- Институттун башкаруусунда турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы үчүн жооп берет;
- илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылыгынын эркиндигин өнүктүрөт;
- мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Институттун бекитилген түзүмүнүн, санынын, эмгек акы төлөө фондунун чегинде чыгымдардын сметасын жана штаттык расписаниесин министрдин бекитүүсүнө берет;
- бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда, соттук, банктык жана башка мекемелерде Институттун атынан чыгат;
- Институттун атынан башка мекемелер, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелер менен белгиленген тартипте келишимдерди түзөт;
- Институттун кызматкерлери менен эмгек жана социалдык-экономикалык мамилелер жөнүндө жамааттык келишим түзөт;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- Институттун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)