Сравнение редакций…
24-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Суу ресурстары кызматынын алдындагы Кыргыз
ирригация илимий-изилдөө институту жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын жана ишинин тартибин аныктайт.
2. Институт Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
3. Институт Кыргыз Республикасында ирригация, мелиорация, жана сугат дыйканчылыгы жаатындагы жогорку илимий-изилдөө мекеме болуп эсептелет.
Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик), илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 "Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Институттун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
Институттун иши Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
5. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалуулукка ээ, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган тегерек мөөрү жана штампы бар, тиешелүү чөйрөдө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашырат.
6. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институту";
- расмий тилде: "Кыргызский научно-исследовательский институт ирригации" при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КИИИИ".
- расмий тилде: "КНИИИ".

7. Институттун юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 4 а.
8. Институт өз ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, башка мамлекеттик түзүмдөр, илимий жана коомдук уюмдар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат, башка мамлекеттердин илимий мекемелери менен активдүү өз ара аракеттенет.
Институт мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүүгө, сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
2-глава. Институттун максаты
9. Институттун максаты суу, айыл чарба жана жаратылышты пайдалануу экологиясы менен байланышкан илимий-техникалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн ирригация, мелиорация, сугат дыйканчылыгы жана гидрология жаатындагы илимий-изилдөө иштери болуп саналат.
Институт суу чарба тармагында илимий-техникалык жана технологиялык саясатты жүргүзөт.
3-глава. Институттун милдеттери
10. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- прогрессивдүү инновациялык технологияларды түзүү жана илим сыйымдуу өндүрүштү, заманбап техникалык каражаттарды, автоматташтыруу системаларын жана тармактык маанидеги программалык продукттарды колдоо;
- агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүүнүн кеңири программасын жүзөгө ашырууга, айылдык товар өндүрүүчүлөргө илимий-консультациялык жардам көрсөтүүгө, илимдин жетишкендиктерин жана алдынкы тажрыйбаларды пропагандалоого багытталган, ирригация, мелиорация, сугат дыйканчылыгы жана гидрогеология маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- лабораториялар тарабынан жүргүзүлүүчү илимий изилдөөлөрдүн тематикалык пландарын, ошондой эле жумушчу программаларды жана аларды аткаруунун методикаларын иштеп чыгуу;
- айыл чарба өндүрүшүнө илимий-методикалык жардам көрсөтүүнү киргизүүнүн жана көрсөтүүнүн пландарын иштеп чыгуу;
- илимдин багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- инновациялык технологияларды түзүү жана илимий изилдөөлөрдү камтыган өндүрүштү колдоо;
- фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү;
- илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерде жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
- инфраструктура объекттерин жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосунда кызматташуу;
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
4-глава. Институттун функциялары
11. Институт жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- суу жана айыл чарба, экология жана маалыматташтыруу системасында илимий изилдөөлөрдү, тажрыйба-конструктордук, долбоордук жана ишке киргизүү-жөндөө иштерин жүргүзүү;
- мелиорацияда, суу чарбасында, сугат дыйканчылыгында жана гидрогеологияда келечектүү методдорду, терс жаратылыш кубулуштары менен күрөшүүдө жана суу пайдалануунун экологиялык көйгөйлөрүн, анын ичинде чөлгө айлануу жана климаттын өзгөрүү көйгөйлөрүн чечүүдө ар түрдүү объекттерде жаңы технологияларды жана техникалык каражаттарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- суу ресурстарын интеграциялык башкаруу жана аларды комплекстүү колдонуу маселелерин изилдөө;
- айыл чарба, гидрогеологиялык жана экологиялык багыттагы ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу;
- автоматташтыруу системаларын жана каражаттарын тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгууларды жүргүзүү, объекттерде жана курулмаларда алардын башкаруу системаларын техникалык тейлөө жана текшерүү;
- маалыматтык технологиялар жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча окууларды, семинарларды, тренингдерди, консультацияларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;
- кыртыштын күрдүүлүгүн, негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн өсүшүн сактоону жана жогорулатууну камсыз кылуучу илимий негизделген ирригация системаларын, прогрессивдүү технологияларды иштеп чыгуу;
- ирригация системаларын өркүндөтүүгө багытталган сунуштамаларды иштеп чыгуу, аларды өндүрүшкө киргизүү үчүн берүү;
- изилдөөлөрдүн профили боюнча ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин изилдөө жана жалпылоо;
- түшүмдүүлүктү программалоо жана өсүмдүктөрдүн өсүү факторлорун комплекстүү жөнгө салуу;
- иштин профили боюнча илимий эмгектерди, жыйнактарды, монографияларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, брошюраларды, баракчаларды, плакаттарды жана бюллетендерди басып чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын суу жана агроөнөр жай комплексин маалыматташтыруу;
- аспирантура, изденүү аркылуу, ошондой эле стажировка жана адистештирүү жолу менен илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу.
5-глава. Институттун укуктары жана милдеттери
12. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
- Институттун профилине ылайык келген илимий-изилдөө жана тажрыйбалык иштердин келечектүү жана учурдагы пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого, изилдөө иштерин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоого;
- адистерди окутуунун жана аяктаган илимий иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү боюнча дыйкан, фермердик жана башка типтеги чарбаларга консультациялык жана методикалык кызматтарды көрсөтүүнүн план-программаларын түзүүгө;
- чет өлкөлүк илимий борборлорго окумуштууларды жана аспиранттарды иш сапарга, окууга жана стажировкага жиберүүнү уюштурууга;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча өз компетенциясынын чегинде чет өлкөлүк уюмдар, эл аралык илимий-изилдөө борборлору менен илимий кызматташтык жөнүндө макулдашууларды түзүүгө жана аларда ата мекендик агрардык илимди көрсөтүүгө;
- илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура, докторантура аркылуу адистерди даярдоого;
- республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий жана илимий-техникалык программаларга жана долбоорлорго конкурстарга катышууга;
- башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
- белгиленген тартипте бирикмелерге кирүүгө, филиалдарды түзүүгө;
- илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды басып чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтардын базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
- илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура (адьюнктура), докторантура,PhD/докторантура аркылуу адистерди даярдоого;
- окумуштуулук даражасын изденип алууга диссертациялык иштерди коргоо жана илимий наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө белгиленген тартипте катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлорго катышууга;
- илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга;
- илимий-техникалык кеңешти түзүүгө;
- илимий кызматкер изилдөөнүн багытын, темасын жана методдорун тандоодо эркин;
- илимий кызматкер ал эмгектик мамилелерде болгон администрацияга карабастан, ал конкурстук тартипте өтүнүч берген иштерди жана ага мамлекеттик, коомдук же башка фонддор тарабынан субсидиялар (гранттар) түрүндө берилүүчү долбоорлорду каржылоого укуктуу;
- илимий кызматкерди кошумча акы төлөө менен убактылуу чыгармачыл жамааттарга катышууга тартууга, ошондой эле айкалыштыруу менен иштөө негизги иштеген жери боюнча өз милдеттерин аткарууда кошумча шарттар менен чектелбейт;
- өзүнүн эмгектик (кызматтык) милдеттерин ак ниетсиз аткарган илимий кызматкер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат;
- илимий кызматкер өзү жүргүзгөн изилдөөлөрдүн аныктыгы үчүн башка илимий кызматкерлердин, коомдун, мамлекеттин алдында жоопкерчилик тартат;
- илимий кызматкер кесиптик этиканын ченемдерин сактоого милдеттүү.
13. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өз ишинин профили боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- бекитилген отчеттуулуктун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- Министрликтин жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
- өлкөнүн тармагынын керектөөлөрүнө ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүүгө;
- илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
- тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;
- заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү продуктуну, технологияны, кызмат көрсөтүүнү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруу-техникалык чечимдерди иштеп чыгууга;
- илимий уюмдун интеллектуалдык ишинин натыйжасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого;
- мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, жогорку окуу жайлар жана жеке сектор менен байланышты чыңдоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк технологияларды иштеп чыгуунун, ата мекендик жана чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен илимий уюмдун ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга;
- мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарын издөөгө;
- илимий уюмга оперативдүү башкарууга берилген негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
- илимий жана маалыматтык иштерди жүргүзүүгө;
- илимдин ролун, анын ичинде өзүнүн ишин жана продуктун популяризациялоо аркылуу жогорулатууга;
- өзүнүн иши үчүн зарыл болгон башка иштерди жүргүзүүгө;
- илимий кызматкерлерди 5 жылда бир жолудан кем эмес аттестациядан өткөрүүгө.
6-глава. Институттун түзүмү
14. Институттун түзүмү Министрлик менен макулдашуу боюнча анын жетекчиси тарабынан бекитилет.
15. Институттун түзүмү илимий-техникалык кеңештен, административдик-башкаруучулук персоналдан, илимий жана көмөкчү лабораториялардан турат.
16. Институтта илимий ишти камсыз кылуу үчүн илимий-өндүрүштүк бөлүмдөр жана айрым максаттуу долбоорлорду аткаруу үчүн убактылуу чыгармачылык жамааттар түзүлүшү мүмкүн.
17. Институт түзүмдүк бөлүмдөрдүн өндүрүштүк-финансылык ишинин жыйынтыктарын ар жылдык баланстык комиссияларда карайт.
Илимий-эксперименталдык иштерди жүргүзүү, изилдөөлөрдүн натыйжаларын өндүрүштүк текшерүү жана илимдин жетишкендиктерин жана алдынкы тажрыйбаны айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү үчүн Институтта ведомстволук бөлүмдөр бар.
Илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиалдуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
7-глава. Институттун ишин уюштуруу
18. Институтту директор жетектейт.
Институттун директору илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз демилгеси боюнча сунуштоосуз илимий уюмдун директорун дайындоого, ошондой эле ээлеген кызмат ордунан бошотууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Институттун директору кызмат ордуна дайындалган адам менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Директор эмгек келишими түзүлгөндөн кийин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Бир эле адам Институттун директору кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Институттун директору кызмат ордун төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келген адам ээлей алат:
- жогорку кесиптик билими;
- окумуштуулук даражасы;
- илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иш стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Институттун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
- айыл чарба, илим, билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
- уюмду башкаруунун теориясын жана методдорун;
- илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерди;
- эмгек жана финансылык мыйзамдардын негиздерин;
- профили боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимдердеги илимий жетишкендиктерди;
- илимий жетишкендиктерди жана чет өлкөлүк илимий уюмдардын тажрыйбасын;
- орто мөөнөттүү мезгилге илим тармагын өнүктүрүү боюнча көз карашы (концепция, иштеп чыгуу, технология же план) болууга.
Институттун директору жок учурда (кызматтык иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүү, кызмат ордунан бошотуу) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
Илимий мекеменин директорунун орун басары Министрлик менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.

19. Институттун директору:
- Институтту жеке башчылык принциптеринде башкарат жана Институттун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- финансылык каражаттарды тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгы үчүн жооп берет, финансылык тартипти сактайт;
- Институттун башкаруусунда турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылыгынын эркиндигин өнүктүрөт;
- мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
Институттун түзүмүнүн, санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде түзүмүн, чыгымдардын сметасын жана штаттык расписаниесин министрдин бекитүүсүнө берет;
- бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда, соттук, банктык жана башка мекемелерде Институттун атынан ишеним катсыз чыгат;
- Институттун атынан башка, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелер менен белгиленген тартипте келишимдерди түзөт;
- Институттун кызматкерлери менен эмгек жана социалдык-экономикалык мамилелер жөнүндө жамааттык келишим түзөт;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- Институттун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
20. Институттун директорунун орун басары Министрлик менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
Институттун директорунун орун басары:
- илимий-изилдөө ишин пландоо боюнча жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- инновациялык (ишке киргизүү) ишин координациялайт;
- илимий эмгектерди жана илимий жетишкендиктердин материалдарын басып чыгарууну уюштурат;
- Институттун директорунун тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткарат.
21. Институтта Институттун окумуштуу катчысы кызмат орду каралган, ал Институттун директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
22. Окумуштуу катчы:
- илимий-уюштуруу жана маалымат бөлүмдөрүнүн ишин жетектейт;
- илимий-изилдөө иштеринин келечектүү жана учурдагы пландарын иштеп чыгууну координациялайт;
- Институттун илимий-изилдөө иши жөнүндө пландарды жана отчетторду жалпылайт жана жогору турган уюмдарга берет;
- илимий-техникалык жана илимий-методикалык кеңештердин ишин уюштурат.
8-глава. Институттун илимий-техникалык кеңеши
23. Илимий-техникалык кеңеш Институттун консультациялык-кеңешүүчү органы болуп саналат. Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрү Институттун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу ага эмгек жамаатынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу.
24. Илимий-техникалык кеңештин курамына илимий уюмда иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү кире алат.
25. Илимий-техникалык кеңеш эгерде жыйналышына анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Илимий-техникалык кеңештин чечимдери, эгерде алар үчүн илимий-техникалык кеңештин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
26. Институттун директору Илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп саналат.
27. Илимий-техникалык кеңештин катчысы Институттун төрагасы тарабынан дайындалат.
28. Илимий-методикалык кеңеш тематикалык пландарга жана башка илимий материалдарга ылайык илимий-изилдөө иштерин аткаруунун жумушчу программаларын, календарлык пландарын карайт. Илимий материалдарды талкуулайт жана жарыялоого корутунду берет.
29. Илимий-техникалык кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Институттун илимий-изилдөө ишинин келечектүү багыттарын кароо;
- илимий-изилдөө, ишке киргизүү иштеринин узак мөөнөттүү жана жылдык пландарынын долбоорлорун кароо;
- илимий-изилдөө иштеринин жылдык жана жыйынтыктоочу отчетторун жана Институттун илимий жана ишке киргизүү иши жөнүндө маалыматтарды кароо;
- Институттун түзүмүн жана штаттык расписаниесин өзгөртүүгө байланышкан маселелерди талкуулоо;
- илимий эмгектерди, сунуштамаларды, баракчаларды, брошюраларды басып чыгаруу боюнча редакциялык коллегиянын пландарын кароо;
- эл аралык илимий борборлор менен координациялоо жана чыгармачылык кызматташуу маселелерин талкуулоо;
- жаш окумуштуу кадрларды даярдоо жана илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди координациялоо;
- илимий жетекчилердин, окумуштуулук даражаларын изденип алуучулардын жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө отчетторун угуу, кандидаттык жана докторлук диссертациялардын темаларын кароо жана бекитүү, коомдук кароого сунуштоо максатында диссертацияларды апробациялоо;
- окумуштууларды мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого жана наамдарды ыйгарууга; илимий эмгектерди, ачылыштарды жана ойлоп табууларды мамлекеттик сыйлыктарды, ошондой эле көрүнүктүү окумуштуулардын атындагы медалдарды жана сыйлыктарды ыйгарууга көрсөтүү;
- талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлүгүнө (академиктер) жана мүчө-корреспонденттерине көрсөтүү, ошондой эле башка уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн иштерди жана талапкерлерди колдоо боюнча материалдарды кароо;
- окумуштууларга кандидаттык жана докторлук диссертациялык иштерди аяктоо үчүн чыгармачылык өргүүлөрүн берүү боюнча өтүнүч каттарды талкуулоо;
- бөлүмдөрдүн, лабораториялардын башчыларынын жана илимий кызматкерлердин бош кызмат орундарына конкурс боюнча же контракттык негизде шайлоо;
- окумуштуулук даражаларын жана илимий наамдарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч каттарды талкуулоо жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясына берүү;
- баланстык комиссиянын отчетторун угуу;
- илимий-техникалык кеңештин компетенциясына кирген чечимдерди кабыл алуу жана жокко чыгаруу.
30. Илимий-кеңештин чечими аны Институттун директору бекиткен күндөн тартып кийин күчүнө кирет.
9-глава. Институтту каржылоо жана мүлкү
31. Институтту каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети;
- илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фонду;
- бюджеттен тышкаркы фонддор;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;
- кредиттер жана гранттар;
- Институттун илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган киреше алып келүүчү башка иштерден түшкөн каражаттары;
- тышкы жана ата мекендик инвестициялар.
32. Институтка бекитилип берилген жер аянттары, имараттар, курулмалар, жабдуулар, орнотмолор, аппаратура, транспорт каражаттары жана башка мүлктөр негизги каражаттарды түзөт.
Институттун мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген. Институттун оперативдүү башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктү пайдалануу жана ээлик кылуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда мүлккө ээ болууга жана ижаралоого укуктуу.
Институттун ишин контролдоо Министрлик жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
10-глава. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу
33. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
34. Институттун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
24-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Суу ресурстары кызматынын алдындагы Кыргыз
ирригация илимий-изилдөө институту жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)

- Институтту жеке башчылык принциптеринде башкарат жана Институттун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- финансылык каражаттарды тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгы үчүн жооп берет, финансылык тартипти сактайт;
- Институттун башкаруусунда турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылыгынын эркиндигин өнүктүрөт;
- мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
Институттун түзүмүнүн, санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде түзүмүн, чыгымдардын сметасын жана штаттык расписаниесин министрдин бекитүүсүнө берет;
- бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда, соттук, банктык жана башка мекемелерде Институттун атынан ишеним катсыз чыгат;
- Институттун атынан башка, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелер менен белгиленген тартипте келишимдерди түзөт;
- Институттун кызматкерлери менен эмгек жана социалдык-экономикалык мамилелер жөнүндө жамааттык келишим түзөт;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- Институттун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)