Сравнение редакций…
28-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Суу ресурстары кызматынын алдындагы
"Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 , 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 194 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мамлекеттик мекеме) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын (мындан ары - Кызмат) карамагында турат жана калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнү жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Кызматтын буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик мекеменин уюштуруучу документи болуп ушул Жобо саналат.
Мамлекеттик мекеменин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Мамлекеттик мекеме мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик мекемени күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекеттик мекеменин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Питьевое водоснабжение и водоотведение" при Службе водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ИСКССЧ"
- расмий тилде: "ПВВ".
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 , 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 194 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 4 А.

2-глава. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты
7. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде ичүүчү суу менен жабдуунун, саркынды сууларды чыгаруунун жана тазалоочу курулмалардын борборлоштурулган системасын куруу жана туруктуу өнүктүрүү жана эксплуатациялоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Мамлекеттик мекеменин милдеттери
8. Мамлекеттик мекеменин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү;
- борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын тейлөөчү, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда кызматтарды көрсөтүүчү субъекттердин потенциалын күчөтүү;
- Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташууну өнүктүрүү;
- калктуу конуштарда, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;
- (абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- республикалык бюджеттин жана эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын объекттерин жана канализациялык тазалоо курулмаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча иш-чараларды координациялоо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Мамлекеттик мекеменин функциялары
9. Жогоруда белгиленген милдеттерди ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик мекеме төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик инвестициялар долбоорлору боюнча аткаруучу агенттиктин функцияларын аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзам ченемдерине ылайык сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Кызматтын кароосуна киргизүү;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөөчү субъекттердин экономикалык жана финансылык абалын жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;
- калктуу конуштарда ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу секторун өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү, кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына тиешелүү документтерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын техникалык күтүүнү жана эксплуатациялоону жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөөчү субъекттерди методикалык камсыздоону жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик каражаттардын, гранттардын, кредиттердин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча Бирдиктүү аткаруучунун функцияларын аткарат (мындай функцияларды өткөрүп берүүдө);
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу системасын башкарууну, калктуу конуштардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун экономикалык механизмин өркүндөтүү, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин абалын жакшыртуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана суу түтүктөрү тармагын эксплуатациялоочу уюмдарга сунуштарды киргизүү;
- министрликтер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын пайдалануу менен байланышкан республикалык жана региондук стратегияларды, программаларды, иш-аракеттеринин пландарын жана иштиктүү долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын туруктуу эксплуатациялык потенциалын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор менен кызматташууну белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылат;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин бүткөрүлгөн курулуш-монтаждоо иштерин пайдаланууга кабыл алуу боюнча комиссиялардын ишине катышуу;
2) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерине мониторинг жүргүзүү;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү эл аралык донордук жардамдарды, чет элдик инвестицияларды координациялоо;
- калктуу конуштарда жана кайра иштетүү өнөр жай объекттеринде ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү программаларды, анын ичинде улуттук инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, координациялоо жана көмөк көрсөтүү;
3) колдоо функциялары:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу менен байланышкан уюмдардын, ишканалардын кызматкерлерин даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- суу түтүктөрү жана саркынды сууларды чыгаруу курулмаларын жана алардын жабдууларын эксплуатациялоону, оңдоону жана техникалык тейлөөнү уюштуруу боюнча алдынкы тажрыйбаны киргизүү;
- министрликтер, административдик ведомстволор, уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча калктуу конуштардын маалыматтар базасын түзүү жана иштешин камсыз кылуу.
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- калктуу конуштарда, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Мамлекеттик мекеменин укуктары
10. Мамлекеттик мекеме төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча заказчынын ролун аткарууга;
- кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу бөлүмдөрдү (ДИБ/ДИТ) түзүүгө;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарга, милдеттерге ээ болууга, алууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, Мамлекеттик мекеменин максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай эмес жана накталай эсептерди жүргүзүүгө;
- ичүүчү суу менен жабдуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун инженердик-техникалык коммуникацияларынын подряддык уюмдар тарабынан алардын дайындалышына, менчигинин түрүнө жана курулуш ыкмасына карабастан жүзөгө ашырылуучу курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүн контролдоону жүзөгө ашырууга;
- ченемдик укуктук актыларды жана келишимдик милдеттенмелерди бузгандыгы, курулуш-монтаждык жана башка иштердин сапатсыз аткарылгандыгы үчүн доолор менен сотко кайрылууга;
- Мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим долбоорлорун даярдоо үчүн маалымат алуу же консультация берүү тартибинде консультациялык фирмалардын, подрядчылардын, жеткирүүчүлөрдүн адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- калктуу конуштардын ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруунун жүрүшүнө контролдоону жүргүзүү;
- курулуш, подряддык уюмдардын ишин жана алардын кызмат көрсөтүүлөрүн баалоону жүргүзүүгө, зарыл учурда контракттарды бузуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун натыйжалуулугун жана сапатын жакшыртууга багытталган илимий-техникалык программалардын заказчысы болууга;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда стандарттарды жана ченемдерди иштеп чыгууга жана сакталышына контролдоону жүзөгө ашырууга;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден Мамлекеттик мекеменин ишине тиешелүү маалыматтарды суроого жана алууга;
- Мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар менен кызматташууга.
6-глава. Мамлекеттик мекеменин
ишин уюштуруу
11. Мамлекеттик мекемени Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
12. Мамлекеттик мекеменин директору Кызматтын коллегиясынын мүчөсү болуп саналат.
13. Директордун бир орун басары болот, ал Мамлекеттик мекеменин директорунун сунушу боюнча Кызматтын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Мамлекеттик мекеменин директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өз ишин бекитилген функциялык милдеттерге ылайык жүргүзөт. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат.
14. Директор:
- Мамлекеттик мекеменин ишине жалпы жетекчилик кылат, милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Мамлекеттик мекеменин бардык финансылык документтерине биринчи кол коюу укугуна ээ;
- Мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген белгилүү бир иштерди аткаруу үчүн эмгек келишимдерине, контракттарга, макулдашууларга кол коёт жана түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Мамлекеттик мекеменин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет, ошондой эле алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо аныкталган функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
- ишеним катсыз Мамлекеттик мекеменин атынан иш жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын бардык органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- мүлктү, финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Мамлекеттик мекеменин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Кызмат ордуна бекитүүгө киргизет;
- Мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
- мамлекеттик мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жоболорун, эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык түзүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрү же топтору жөнүндө жоболорду бекитет;
- Мамлекеттик мекеменин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
141. Мамлекеттик мекеменин кызматчылары мамлекеттик кызматчы болуп саналбайт. Кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык дайындалат жана бошотулат.

7-глава. Мамлекеттик мекеменин мүлкү
15. Мамлекеттик мекеменин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Мамлекеттик мекеменин балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
16. Мамлекеттик мекеменин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу менчик ээсинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
17. Мамлекеттик мекемени кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
18. Мамлекеттик мекеменин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
28-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Суу ресурстары кызматынын алдындагы
"Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 , 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 194 , 2025-жылдын 20-майындагы № 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мамлекеттик мекеме) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын (мындан ары - Кызмат) карамагында турат жана калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнү жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Кызматтын буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик мекеменин уюштуруучу документи болуп ушул Жобо саналат.
Мамлекеттик мекеменин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Мамлекеттик мекеме мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик мекемени күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекеттик мекеменин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Питьевое водоснабжение и водоотведение" при Службе водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ИСКССЧ"
- расмий тилде: "ПВВ".
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 , 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 194 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 4 А.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты
7. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону координациялоо, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоонун, саркынды сууларды чыгаруунун жана тазалоочу курулмалардын борборлоштурулган системасын туруктуу өнүктүрүү жана эксплуатациялоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 , 2025-жылдын 20-майындагы № 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3-глава. Мамлекеттик мекеменин милдеттери
8. Мамлекеттик мекеменин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү;
- борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын тейлөөчү, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда кызматтарды көрсөтүүчү субъекттердин потенциалын күчөтүү;
- Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташууну өнүктүрүү;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- республикалык бюджеттин жана эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын объекттерин жана канализациялык тазалоо курулмаларын, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттерин куруу жана реабилитациялоо боюнча иш-чараларды координациялоо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 , 2025-жылдын 20-майындагы № 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4-глава. Мамлекеттик мекеменин функциялары
9. Жогоруда белгиленген милдеттерди ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик мекеме төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик инвестициялар долбоорлору боюнча аткаруучу агенттиктин функцияларын аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзам ченемдерине ылайык сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Кызматтын кароосуна киргизүү;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөөчү субъекттердин экономикалык жана финансылык абалын жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;
- калктуу конуштарда ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу секторун өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү, кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына тиешелүү документтерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын техникалык күтүүнү жана эксплуатациялоону жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөөчү субъекттерди методикалык камсыздоону жүзөгө ашыруу;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу системасын башкарууну, калктуу конуштардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун экономикалык механизмин өркүндөтүү, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин абалын жакшыртуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана суу түтүктөрү тармагын эксплуатациялоочу уюмдарга сунуштарды киргизүү;
- министрликтер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын пайдалануу менен байланышкан республикалык жана региондук стратегияларды, программаларды, иш-аракеттеринин пландарын жана иштиктүү долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын туруктуу эксплуатациялык потенциалын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор менен кызматташууну белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылат;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин бүткөрүлгөн курулуш-монтаждоо иштерин пайдаланууга кабыл алуу боюнча комиссиялардын ишине катышуу;
2) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерине мониторинг жүргүзүү;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү эл аралык донордук жардамдарды, чет элдик инвестицияларды координациялоо;
- калктуу конуштарда жана кайра иштетүү өнөр жай объекттеринде ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү программаларды, анын ичинде улуттук инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, координациялоо жана көмөк көрсөтүү;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо боюнча иш-чараларды координациялоо;
3) колдоо функциялары:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу менен байланышкан уюмдардын, ишканалардын кызматкерлерин даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- суу түтүктөрү жана саркынды сууларды чыгаруу курулмаларын жана алардын жабдууларын эксплуатациялоону, оңдоону жана техникалык тейлөөнү уюштуруу боюнча алдынкы тажрыйбаны киргизүү;
- министрликтер, административдик ведомстволор, уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча калктуу конуштардын маалыматтар базасын түзүү жана иштешин камсыз кылуу;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 , 2025-жылдын 20-майындагы № 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
5-глава. Мамлекеттик мекеменин укуктары
10. Мамлекеттик мекеме төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча заказчынын ролун аткарууга;
- кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу бөлүмдөрдү (ДИБ/ДИТ) түзүүгө;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарга, милдеттерге ээ болууга, алууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, Мамлекеттик мекеменин максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай эмес жана накталай эсептерди жүргүзүүгө;
- ичүүчү суу менен жабдуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун инженердик-техникалык коммуникацияларынын подряддык уюмдар тарабынан алардын дайындалышына, менчигинин түрүнө жана курулуш ыкмасына карабастан жүзөгө ашырылуучу курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүн контролдоону жүзөгө ашырууга;
- ченемдик укуктук актыларды жана келишимдик милдеттенмелерди бузгандыгы, иштердин сапатсыз аткарылгандыгы үчүн доолор менен сотко кайрылууга;
- Мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим долбоорлорун даярдоо үчүн маалымат алуу же консультация берүү тартибинде консультациялык фирмалардын, подрядчылардын, жеткирүүчүлөрдүн адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- калктуу конуштардын ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруунун жүрүшүнө контролдоону жүргүзүү;
- курулуш, подряддык уюмдардын ишин жана алардын кызмат көрсөтүүлөрүн баалоону жүргүзүүгө, зарыл учурда контракттарды бузуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун натыйжалуулугун жана сапатын жакшыртууга багытталган илимий-техникалык программалардын заказчысы болууга;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда стандарттарды жана ченемдерди иштеп чыгууга жана сакталышына контролдоону жүзөгө ашырууга;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден Мамлекеттик мекеменин ишине тиешелүү маалыматтарды суроого жана алууга;
- Мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар менен кызматташууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)