Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-марты № 101
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттерди оперативдүү чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 30-пункт менен толукталсын:
"30. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) медициналык, ветеринардык жана башка максаттар үчүн этил спиртин сатып алуунун тартибин;
2) биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин;
3) компаундаштыруу тартибин;
4) биоэтанолду жана аралашма мотордук отунду өндүрүүнүн, колдонуунун ченемдик аныкталган үлүшүн этап-этап менен көбөйтүү тартибин;
5) алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдуулардын кубаттуулугун эсептөө тартибин.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |