ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 18-сентябры № 98/XXVI-28
“Люксембург айыл аймагындагы жер участокторун которуу жөнүндө”
Люксембург айыл аймагында жайгашкан аянты 0,7га болгон «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы “бадал” түрүндөгү жер тилкесин которуу жөнүндөгү дайындалган материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» убактылуу жобосунун жана Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 18 беренелерине ылайык, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл аймагынын №44 контурунда жайгашкан аянты 0,7 га болгон «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы «бадал» түрүндөгү жер тилкесин “курулуш алдындагы жерлер” түрүнө айыл чарба багытындагы объектилерди куруу максатында которууга макулдук берилсин.
2. Бул буйрук Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
5. Бул буйруктун аткарылышын туруктуу жер комиссиясына жана Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шайлдабеков |