ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын
2024-жыл 08-февралы №517
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылына ФАП жана аптека куруу жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылына ФАП жана аптека куруу зарылчылыгы жөнүндөгү Болуш айылынын айыл башчысы Р.Чоноровдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылына зарылчылыкка байланыштуу ФАП жана аптека куруу үчүн 475 750 (төрт жүз жетимиш беш миң жети жүз элүү) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |