Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 18-сентябры № 100/XXVI-28

 

"Эмерек жана жабдууларды сатып алууга макулдук берүү жөнүндө"

Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык ҮДТнун имаратына эмерек жана "Бактылуу баластан" балдар бакчасы үчүн жабдууларды сатып алуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуула, Люксембург айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ҮДТнун имараты үчүн эмерек жана "Бактылуу Баластан"балдар бакчасы үчүн жабдууларды (ашкана желдеткичи, тамак жасоочу казан) сатып алууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

К. Шайлдабеков