ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын
2024-жыл 08-февралы №520
“Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан Терек-Сай аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын абалын жакшыртуу жана коомдук коопсуздуктун алдын алуу жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан Терек-Сай аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын абалын жакшыртуу жана коомдук коопсуздуктун алдын алуу максатында дарбаза , темир эшик, имараттын алдын бетондоо үчүн цемент алып берүү жөнүндөгү Терек-Сай аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын капитаны М.Өскөнбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан Терек-Сай аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын абалын жакшыртуу максатында имараттын алдын бетондоо үчүн 3 (үч) тонна цемент алып берүүгө 27 000 (жыйырма жети миң) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |