ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын
2024-жыл 08-февралы №522
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек, Терек-Сай жана Болуш айылдарынын ички көчөлөрүн бетондоо жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек, Терек-Сай жана Болуш айылдарынын ички көчөлөрүн бетондоо жөнүндөгү Ак-Терек айылынын айыл башчысы С.Усубалиеванын, Болуш айылынын айыл башчысы Р.Чоноровдун кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын ички көчөлөрүн бетондоо үчүн 3 373 200 (үч миллион үч жүз жетимиш үч миң эки жүз) сом акча каражаты, Терек-Сай айылынын ички көчөлөрүн бетондоо үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты жана Болуш айылынын ички көчөлөрүн бетондоо үчүн 3 072 000 (үч миллион жетимиш эки миң) сом акча каражаты Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |