Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 18-сентябры № 102/XXVI-28
"Видеобайкоо орнотуу иштерин каржылоо жөнүндө"
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т..Буйляшевдин сметалык документтерге ылайык 1561,1 миң(бир миллион беш жүз алтымыш бир миң бир жүз)сом өлчөмүндө "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык видеобайкоо камераларын орнотууга жана сатып алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Люксембург айыл аймагынын 2024-жылга бюджетин кароодо сметалык документтерге ылайык жергиликтүү бюджеттен 1561,1 миң(бир миллион беш жүз алтымыш бир миң)сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүү каралсын.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3.Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, каржы, бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шайлдабеков |