Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 135 токтому менен бекитилди
2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин алкагында берилүүчү аскердик багыттагы продукциянын түгөлдүгүн жана максаттуу пайдаланууну контролдоо тартиби тууралуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы МАКУЛДАШУУ
Москва шаары, 2022-жылдын 16-августу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин (мындан ары - Келишим) алкагында берилүүчү аскердик багыттагы продукциянын түгөлдүгүн жана максаттуу пайдаланууну контролдоо максатында, Келишимдин 8-беренесине ылайык төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене.
Келишимдин алкагында аскердик багыттагы продукцияны берүүчү Тарап (мындан ары - берүүчү Тарап), анын түгөлдүгүн жана максаттуу пайдаланууну контролдоого (мындан ары - контролдоо) укуктуу.
Аскердик багыттагы продукция берилген аймактагы Тарап, аны берген Тарапка контролдоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүп берет.
2-берене.
Контролдоонун предмети Келишимдин алкагында берилүүчү аскердик багыттагы продукция болуп эсептелет.
3-берене.
Контролдоонун максаты Келишимдин алкагында түзүлгөн контракт боюнча берилүүчү аскердик багыттагы продукциянын түгөлдүгүн жана максаттуу пайдаланууну текшерүү болуп саналат.
4-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары төмөнкүлөр:
Кыргыз Республикасынан - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
Россия Федерациясынан - Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча Федералдык кызмат.
Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
Кыргыз Республикасынан - өзүнүн курамында аскерлер жана аскердик түзүмдөрү бар мамлекеттик органдар, аскердик багыттагы продукция менен байланышкан иш менен алектенүү укугуна атайын уруксаты (лицензиялары) бар уюмдар;
Россия Федерациясынан - Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлердин, аскер түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жана аскердик багыттагы продукцияга карата тийиштүү түрдөгү иш менен алектенүү укугу бар уюмдардын кызыкчылыгында мамлекеттик коргоо заказынын мамлекеттик заказ берүүчүнүн функцияларын аткарууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин федералдык органдары.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын аталыштары же функциялары өзгөргөн учурда Тараптар бул тууралуу бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу дароо кабарлайт.
5-берене.
Аскердик багыттагы продукцияны берүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу органынын өкүлү жана (же) ыйгарым укуктуу уюмунун өкүлү Келишимдин алкагында түзүлгөн контракт боюнча берилген аскердик багыттагы продукцияны эсептен чыгарууда, жок кылууда (утилизациялоодо) катышууга укугу бар.
6-берене.
Аскердик багыттагы продукцияны берүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу органы контролдоо жүргүзүү пландалган мөөнөткө чейин 15 суткадан кечиктирбестен дипломатиялык каналдар боюнча аскердик багыттагы продукция берилген аймактагы Тараптын ыйгарым укуктуу органына мында контролдоо өткөрүлө тургандыгы жөнүндө суроо-талап жиберет. Суроо-талапта берүүчү Тарап контролдоону жүзөгө ашырууга ниеттенген аскердик багыттагы продукция, аны өткөрүү боюнча ыңгайлуу мөөнөттөрү, ошондой эле контролдоонун жүрүшүндө колдонула турган техникалык каражаттар көрсөтүлөт.
Контролдоо максатында контролдоочу топ түзүлөт, ал төмөнкүлөрдөн турат:
Кыргыз Республикасынан - берүүчү Тараптын кызыкдар ыйгарым укуктуу уюмдарынын өкүлдөрүнөн.
Россия Федерациясынан - берүүчү Тараптын Коргоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, ыйгарым укуктуу органынын жана ыйгарым укуктуу уюмдарынын өкүлдөрүнөн.
Эгерде Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары башкача макулдашпаса, анда контролдоочу топтун сандык курамы эреже катары 5 адамдан ашпашы керек.
7-берене.
Аскердик багыттагы продукция берилүүчү аймактагы Тараптын ыйгарым укуктуу органы контролдоочу топту кабыл алуудан баш тартууга укугу жок.
Контролдоону жүргүзүү жөнүндө суроо-талап алынгандан кийин, аскердик багыттагы продукция берилүүчү аймактагы Тараптын ыйгарым укуктуу органы ушул Тараптын ыйгарым укуктуу уюму менен контролдоону өткөрүүнүн ордун, мөөнөтүн жана жол-жоболорун макулдашат жана дипломатиялык каналдар боюнча берүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу органына контролдоону өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу тастыктоо жөнөтөт.
8-берене.
Аскердик багыттагы продукция берилүүчү аймактагы Тараптын ыйгарым укуктуу органы жана (же) ыйгарым укуктуу уюмдары суроо-талапта көрсөтүлгөн аскердик багыттагы продукцияны, ошондой эле аны максатына ылайык пайдаланылышы тууралуу ырастаган документтерди көрсөтүүгө милдеттүү.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында берилген ар кандай маалымат, анын формасына жана мазмунуна карабастан, ушул Макулдашуунун максатында гана колдонулат. Кызматташуунун алкагында бир Тарап алган маалымат башка Тарапка зыян келтирүү менен колдонулбашы керек.
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында алынган же биргелешип түзүлгөн маалыматты башка Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка бербөөгө милдеттенет.
Ар бир Тараптын мыйзамдарына ылайык, Тараптар ушул Макулдашууга ылайык өткөрүп берилүүчү же аны аткаруунун натыйжасы болуп саналган маалыматтардын купуялуулугун белгилешет. Мындай маалыматты камтуучуларда төмөнкү белгилер коюлат:
Кыргыз Республикасында - "Кызматтык пайдалануу үчүн";
Россия Федерациясында - "Кызматтык пайдалануу үчүн".
Кайсы Тарап болбосун маалыматты берүүдө анан купуялуулугун сактоо зарылчылыгы белгиленген болсо, анда маалыматты алуучу Тарап аны коргоону камсыз кылып, аны өзүнүн мыйзамдарынын жоболоруна ылайык пайдаланат.
Мындай маалыматты өткөрүп берүү фактылары Тараптардын ортосунда документ түрүндө таризделет.
Зарылдыгына жараша аскердик объекттерге же аскердик-өнөр жай комплексинин ишканаларына Тараптардын өкүлдөрүн киргизүү аскердик багыттагы продукция берилүүчү аймактагы Тараптын улуттук мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө жана аны колдонуу аяктаган учурда Тараптардын мамлекеттик жашыруун сырларын камтыган маалыматтарды алмашуу тартиби, аларды коргоо шарттары жана чаралары 2003-жылдын 19-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.
10-берене.
Контролдоо жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо берүүчү Тараптын каражатынын эсебинен ишке ашырылат. Контролдоочу топтун мүчөлөрүнүн жашоосу, тамактануусу, алар тарабынан транспортту жана эл аралык (шаар аралык) байланыш каражаттарын пайдалануу менен байланышкан чыгымдарды төлөп берүү, аскердик багыттагы продукция берилген аймактагы Тараптын ички баалары боюнча тийиштүү кызмат көрсөтүүчү уюмдардын эсептеринин негизинде контролдоону жүргүзүүнүн жүрүшүндө ишке ашырылат.
11-берене.
Аскердик багыттагы продукция аймагына берилүүчү Тарап контролдоо жүргүзүүнүн мезгилинде, Келишимдин алкагында аскердик багыттагы продукцияны сатып алган өзүнүн ыйгарым укуктуу органынын жана (же) ыйгарым укуктуу уюмунун өкүлүн бөлүп берет, контролдоочу топтун мүчөлөрүн тосуп алууну, аларды контролдоону жүргүзүү жерине коштоону, алардын иштөөсүнө жана жашоосуна шарттарды (анын ичинде тамактануусун, медициналык жана транспорттук тейлөөнү, түздөн-түз контролдоо объектинде, ошондой эле контролдоочу топтун жетекчисинин өтүнүчү боюнча башка жерде дагы эл аралык (шаар аралык) байланыш каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүгү), кызматтык документтердин, ташып киргизилүүчү техникалык каражаттардын сакталышын жана контролдоочу топтун мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылат.
12-берене.
Жүргүзүлгөн контролдоонун жыйынтыгы эки тараптуу акт менен таризделет.
Актта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- контролдоочу топтун персоналдык курамы жана аймагына аскердик багыттагы продукция берилүүчү Тараптын өкүлдөрү;
- контролдоо жүргүзүүгө негиз болгон документтер (контролдоо жүргүзүү жөнүндө суроо-талап, контролдоону жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн тастыктоо);
- контролдоонун объекттери;
- контролдоону ишке ашыруу мөөнөтү;
- контролдоонун жыйынтыгы.
Акт бирдей юридикалык күчү бар 2 нускада түзүлөт, ага контролдоочу топтун мүчөлөрү жана аймагына аскердик багыттагы продукция берилүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу органынын жана ыйгарым укуктуу уюмунун өкүлдөрү кол коёт.
Акттын бир нускасы берүүчү Тарап үчүн, экинчиси - аймагына аскердик багыттагы продукция берилүүчү Тарап үчүн арналат.
13-берене.
Аскердик багыттагы продукцияны максатсыз колдонуу же берилген продукциянын жок болгон фактысы аныкталган жана акт менен таризделген учурлар контракттагы Тараптардын жоопкерчилигине тиешелүү жоболорун колдонуу, ошондой эле мындай бузууларды алдын алууга багытталган чараларды иштеп чыгуу жөнүндө Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болот.
14-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет.
15-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Макулдашуу Келишимдин алкагында берилүүчү аскердик багыттагы продукцияны Тараптардын бүткүл пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде күчүндө болот.
2022-жылдын 16-августунда, Москва шаарында ар бири кыргыз жана орус тилдеринде 2 нускада түзүлдү, мында эки текст бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Россия Федерациясы үчүн |